Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2009-жылдын 11-марты № 98 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык: жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамына төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамга "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору А.К.Касмалиев киргизилсин;
- "Цурков В.Е.", "Касымов Ч.К.", "Жолчиев М.С." позициялары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды катгоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору, Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары; Касымов Ч.К. - "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун биринчи орун басары; Жолчиев М.С. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн улук офицери,".
Премьер-министри
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы №327 " Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча…Постановление · 24.06.2008 · № 327
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы №327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы…Постановление · 25.11.2010 · № 304
- КР Премьер-министрин 2010-жылдын 1-октябрындагы № 94 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен…Распоряжение · 01.10.2010 · № 94
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.