Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-берене. Сатуучунун (аткаруучунун) иш режими
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · I бөлүм
1. Мамлекеттик, муниципалдык соода, турмуш-тиричилик уюмдарынын жана керектөөчүлөрдү тейлөөнүн башка түрлөрүнүн иштөө режими тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча белгиленет.
2. Соода, турмуш-тиричилик чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана керектөөчүлөрдү тейлөөнүн башка түрлөрүн жүргүзгөн жана ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлбөгөн уюмдардын, ошондой эле жеке ишкерлердин иш режими алардын өздөрү тарабынан өз алдынча белгиленет.
3. Сатуучунун (аткаруучунун) иш режими керектөөчүлөргө маалымдалат жана белгиленген убактысына ылайык келүүгө тийиш.
11-берене. Товар (иш, кызмат көрсөтүү) жөнүндө, даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) жөнүндө туура эмес маалымат бергендиги үчүн даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) жоопкерчилиги
1. (КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Эгерде товар (иш, кызмат) жөнүндө, ошондой эле даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) жөнүндө туура эмес, башкача айтканда жалган же анча толук эмес маалымат берүү төмөндөгүлөргө алып келсе:
керектөөчү өзүнө зарыл болгон касиетке ээ эмес товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) сатып алса, керектөөчү келишимди бузууга жана тарткан товарга төлөнгөн сумманы толугу менен кайтарып алууну жана тарткан чыгымдарды калыбына келтирүүнү талап кылуу укуктуу. Мында керектөөчү товарды (аткарылган ишти) даярдоочуга (аткаруучуга, сатуучуга) кайтарып берүүгө милдеттүү; сатып алган товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) өз максатында пайдаланууга мүмкүн болбосо, керектөөчү ага жетиштүү кыска мөөнөттө тийиштүү маалымат берүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде андай маалымат айтылган мөөнөтүндө берилбесе, керектөөчү келишимди бузууга жана тарткан товарга төлөнгөн сумманы толугу менен кайтарып алууну жана тарткан чыгымдарды калыбына келтирүүнү талап кылуу акылуу. Мында керектөөчү товарды (аткарылган ишти) даярдоочуга (аткаруучуга, сатуучуга) кайтарып берүүгө милдеттүү. керектөөчүгө берилгенден кийин товардын (иштин) кемчилдиги билинсе, ал ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-4-пункттарында каралган талаптарды сатуучуга (даярдоочуга) коюуга же аткаруучуга ушул Мыйзамдын 18-беренесинин 1-пунктунда каралган талаптарды коюуга укуктуу; керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирилген учурда, ал даярдоочудан (аткаруучудан, сатуучудан) ушул Мыйзамдын 13-беренесинде каралган тартипте зыяндын ордунун толукталышын талап кылууга, ошондой эле керектөөчүнүн менчигинде (пайдалануусунда) турган жаратылыш об»ектилерине келтирилген чыгашанын ордун толук өндүрүп берүүнү талап кылууга акылуу.
3. Товар (иш, кызмат көрсөтүү) жөнүндө жалган же анча толук эмес маалыматтардан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө керектөөчүнүн талаптары каралган учурда, товардын (иштин, кызматтын) касиеттери жана мүнөздөмөлөрү жөнүндө керектөөчүнүн атайын билими жок экендиги жөнүндө болжолго таянуусу зарыл.
(КР 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/590/st-10" title="10-берене - Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>