52-берене. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · V бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125
1. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
2. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же ден соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген, анын ичинде он төрт жашка чыга элек балдарга арналган товарларды өндүрүү же сатуу, иштерди аткаруу же болбосо кызматтарды көрсөтүү, ошого тете көрсөтүлгөн товарлардын, иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздук талаптарына шайкеш келүүсүн ырастоочу расмий документти укук ченемсиз берүү же пайдалануу этиятсыздыктан олуттуу жана/же оор зыян келтирсе, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
4. Товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар), сыноо лабораториялары (борборлору) төмөнкүлөргө даттанууга укуктуу:
мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу монополияга каршы мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жазма эскертүүлөрүнө Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында каралган сотко чейинки тартипте, андан ары - соттук тартипте; мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу монополияга каршы мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пулдарды салуу жөнүндө токтомуна. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
52-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 22.06.2023 · № 125
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/590/st-52" title="52-берене - Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>