Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
53-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · V бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125
Айылдык аймактын, шаардын аймагында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде төмөнкүлөргө укуктуу: керектөөчүлөрдүн даттанууларын кароого, алардын укуктарын коргоо маселелери боюнча аларга консультация берүүгө; керектөөчүлөрдүн укуктарын бузган шарттарды табуу максатында сатуучулар (аткаруучулар, даярдоочулар) керектөөчүлөр менен түзгөн келишимдерди талдоого алууга; сапаты талаптагыдай болбогон, ошондой эле керектөөчүлөрдүн өмүрү, ден соолугу, мүлкү үчүн кооптуу товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) табылганда жана ушул Мыйзамдын башка талаптары бузулганда материалдар мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу монополияга каршы органга же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, алардын ушул Мыйзамдын 49 жана 51-беренелеринде каралган ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик чараларын көрүү үчүн өткөрүлүп берилет; анык жана жетиштүү маалымат менен коштолбогон же жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен же жарактуулук мөөнөтү коюлбаган же мындай мөөнөтүн коюу милдеттүү болгон товарларды сатуу (иштерди аткаруу, кызмат көрсөтүү) аныкталган учурларда маалымат берилгенге чейин товарларды сатууну (иштерди аткарууну, кызмат көрсөтүүнү) токтото турууга же товарларды сатууну (иштерди аткарууну, кызмат көрсөтүүнү) токтотууга; керектөөчүлөрдүн (керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн) укуктарын коргоп сотко кайрылууга укуктуу. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июля 2020 года № 84 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 июля 2015 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 марта 2002 года № 42 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.06.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…каралган ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Бузуулар кошулду: Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик чараларын көрүү үчүн өткөрүлүп … ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2020-жылдын 22-июлундагы № алынып салынды: 84 кошулду: 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2006-жылдын 31-январындагы № 158 "Бишкек шаарындагы турак жай фондун техникалык тейлөө менен камсыз кылуу тармагында иштердин абалы жана аны…Постановление · 31.01.2006 · № 158
- Постановление Жалалабатского городского кенеша от 24 мая 2006 года № 10 "О режиме работы увеселительных заведений, дислоцированных на территории города Жалалабат"Постановление · 24.05.2006 · № 10
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/590/st-53" title="53-берене - Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>