Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
20-берене. Сапаты талаптагыдай болбогон товарды алмаштыруу
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · II бөлүм
1. Керектөөчү товардын кемчилигин таап жана мындай товарды алмаштырууну талап кылган учурда, сатуучу (даярдоочу) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткаруучу уюм керектөөчү тарабынан көрсөтүлгөн талап коюлган күндөн тартып, жети күндүн ичинде ушул товарды алмаштырып берүүгө, ал эми зарылчылыгы болсо сатуучу (даярдоочу) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюм көрсөтүлгөн талап коюлган күндөн тартып, жыйырма күндүн ичинде мындай товардын сапатын кошумча текшерүүдөн өткөрүүгө милдеттүү.
Сатуучуда (даярдоочуда) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткаруучу уюмда көрсөтүлгөн талап коюлган күнү товарды алмаштыруу үчүн зарыл болгон тетиктер жок болсо, сатуучу (даярдоочу) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткаруучу уюм ушул товарды көрсөтүлгөн талап коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде алмаштырып берүүгө тийиш. Керектөөчүнүн талабы боюнча сатуучу (даярдоочу) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткаруучу уюм узак мезгилге пайдаланылуучу ошондой товар менен алмаштырылган мезгилде аны өз эсебинен жеткирип берүүнү камсыз кылып, керектөөчүгө тиешелүү товарды убактылуу пайдаланууга акысыз берип турууга милдеттүү. Ушул Мыйзамдын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык тизмеси белгиленген товарларга ушул эреже жайылтылбайт. Товарлар сезон учурунда ташылып келинүүчү райондор үчүн товарды алмаштыруу жөнүндө керектөөчүнүн талабы, мындай райондорго тийиштүү товарды кезектеги жолу жеткирүү үчүн зарыл болгон мөөнөттө, сатуучуда (даярдоочуда) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюмда көрсөтүлгөн талап коюлган күнү алмаштыруу үчүн зарыл болгон товар жок болгон учурда ишке ашырылат.
2. Сапаты талаптагыдай болбогон товар жаңы товарга, башкача айтканда мурда колдонулбаган товарга алмаштырылууга тийиш.
Товар алмаштырылган учурда анын кепилдик мөөнөтү кайрадан товар керектөөчүгө берилген күндөн тартып эсептелет.
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/590/st-20" title="20-берене - Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>