12-берене. Керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн сатуучунун (даярдоочунун, аткаруучунун) жоопкерчилиги
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125
1. Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн ушул Мыйзамда же жарандык мыйзамдарга ылайык керектөөчү менен түзүлгөн товарды сатып алуу-сатуу (иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө) келишиминде каралган жоопкерчиликти тартат.
2. Керектөөчүгө келтирилген зыян ушул Мыйзамда же келишимде айып төлөм (пеня) ашкан толук суммасында өндүрүлүп берилүүгө тийиш.
3. Айып төлөмдү (пеняны) төлөө жана чыгашанын ордун толтуруу сатуучуну (даярдоочуну, аткаруучуну) керектөөчүнүн алдында ага жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруудан бошото албайт.
4. Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) эгерде милдеттенмесин аткарбай коюу же аны туура эмес аткаруу колдон келбеген күчтүн кесепетинен, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка негиздер боюнча болгондугун далилдей алса, милдеттенмесин аткарбагандыгы үчүн же милдеттенмесин туура эмес аткаргандыгы үчүн тарта турган жоопкерчиликтен бошотулат.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 марта 2002 года № 42 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.06.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…(даярдоочу, аткаруучу) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн алынып салынды: мыйзамдарда кошулду: ушул Мыйзамда же алынып салынды: келишимде каралгандай жоопкерчилик кошулду: жарандык мыйзамдарга ылайык керектөөчү менен түзүлгөн товарды сатып алуу-сатуу (иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө) келишиминде каралган жоопкерчиликти тартат.
2. Керектөөчүгө келтирилген зыян ушул Мыйзамда же келишимде … туура эмес аткаргандыгы үчүн тарта турган жоопкерчиликтен бошотулат.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № алынып салынды: 42 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 42, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 143 "Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу…Постановление · 24.03.2016 · № 143 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/590/st-12" title="12-берене - Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>