Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө»жобосу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 14-апрелиндеги
№ 147 токтому менен
бекитилген
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик
кредиттерди товардык-материалдык ресурстар
түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июлундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип
чыкты.
1.2. Жобо республикалык, облустук, райондук комиссиялар жана айыл
өкмөттөрүнүн комиссиялары тарабынан товардык кредиттерди берүү жана
бөлүштүрүү тартибин аныктайт.
1.3. Айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө бөлүнгөн товардык кредиттер-
ди бөлүштүрүү боюнча комиссиялардын иш-аракеттери ушул Жобонун негизин-
де жүргүзүлөт.
1.4. Бөлүнгөн товардык кредиттер берилген өтүнмөлөргө ылайык Кыр-
гыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарын сактоо
менен артыкчылыктуу негизде бөлүштүрүлөт.
1.5. Кредиттик жана күрөөлүк келишимдерди Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик
фондунун адистери берилген ишеним каттардын негизинде ссуда заемчулар
менен тариздейт.
II. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик
комиссиялардын негизги максаттары жана милдеттери
2.1. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча комиссиялар төмөнкүдөй
максатта түзүлөт:
- мамлекет тарабынан бөлүнгөн товардык кредиттерди башкаруу, жөнгө
салуу жана пайдалануу;
- аларды бөлүштүрүүдө тийиштүү түрдө калыстыкты жана айкындыкты,
анын ичинде айрым айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн басмырлоочу же артык-
чылыктуу шарттарды белгилөөгө жол бербөөнү камсыз кылуу;
- насыя каражаттарды кайтарууну камсыз кылуу максатында кредиттик
жана күрөөлүк келишимдерди тиешелүү түрдө юридикалык тариздөө;
- айылдык товар өндүрүүчүлөр алган кредиттерди даректүү жана мак-
сатка ылайык пайдалануу жана алардын кепилдүү кайтарылуусун камсыз кы-
луу;
2.2. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн мамлекет тарабынан
бөлүнгөн товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча тиешелүү өтүнмөлөрдү
тикелей жана ырааттуу караштыруу комиссиялардын негизги милдеттери бо-
луп саналат.
2.3. Комиссиялар өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, буйруктарын жана
Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жетекчиликке
алышат.
III. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча
мамлекеттик комиссиялардын ыйгарым укуктары
жана иш-милдеттери
3.1. Комиссиялар республикалык, облустук, райондук дењгээлдерде
жана айыл өкмөтүнүн дењгээлинде түзүлөт жана бөлүнгөн товардык кредит-
терди тийешелүү түрдө облустарга, райондорго, айыл өкмөттөрүнө жана
конкреттүү чарбакер субъекттер боюнча бөлүштүрүү менен иштешет.
3.2. Республикалык дењгээлдеги мамлекеттик комиссия Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн буйругу менен түзүлөт жана анын курамына Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаан-
даштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык ре-
зервдер боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Ички
иштер министрлигинин жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун
өкүлдөрү кирет.
3.3. Облустук дењгээлдеги комиссия облустук мамлекеттик админист-
рациянын чечими менен түзүлөт. Комиссиянын курамына облустук мамлекет-
тик администрациянын, Ички иштер башкармалыгынын, Кыргыз Республикасы-
нын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду-
нун региондук өкүлчүлүгүнүн жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун
бөлүмүнүн өкүлдөрү кирет.
3.4. Райондук дењгээлдеги комиссия райондук мамлекеттик админист-
рациянын чечими менен түзүлөт. Комиссиянын курамына райондук мамлекет-
тик администрациянын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун, агрардык өнүктүрүү баш-
кармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга кар-
шы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин,
салык инспекциясынын бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду-
нун бөлүмүнүн, ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү жана бардык айыл
өкмөттөрүнүн башчылары кирет.
3.5. Райондук дењгээлдеги комиссиялардын чечимдеринин негизинде
айыл өкмөтү комиссия түзөт, ага айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кењеш-
тин депутаттары, айыл өкмөтүнүн салыктар жана жыйымдар боюнча жана Кыр-
гыз Республикасынын Социалдык фондунун адистери кирет.
3.6. Республикалык мамлекеттик комиссия товардык кредитти максат-
туу бөлүү боюнча чечимди өтүнмөнүн бар жоктугуна карабай эле кабыл ала
алат.
Айыл өкмөттөрүнүн комиссияларынын чечими жок болсо, өзгөчө учур-
ларда жогору турган комиссияларга товардык кредиттерди максаттуу бөлүү
боюнча чечим кабыл алууга жол берилет.
IV. Товардык кредиттерди бөлүү жана бөлүштүрүү тартиби
4.1. Товардык, финансылык жардам катары же гранттык жардам түрүндө
мамлекет алган, ошондой эле тартылган бюджеттик каражаттардын эсебинен
сатып алынган товардык кредиттерди бөлүү жөнүндө чечимди Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими облустук, райондук жалпыга
маалымдоо каражаттарында жарыяланат жана жергиликтүү бийлик органдары
тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеткирилет.
4.2. Товардык кредит түрүндөгү ресурстарга муктаждыктын көлөмү
айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн түшкөн өтүнмөнүн
жана райондук, облустук мамлекеттик администрациялардын (агрардык
өнүктүрүү башкармалыгынын, техникалык инспекциялардын, өсүмдүктөрдү
коргоо станцияларынын жана райондук мамлекеттик ветеринардык башкарма-
лыктарынын) берилген эсеп-кысаптардын негизинде аныкталат. Эсеп-кысап-
тар жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иш-
тетүү өнөр жай министрлигине берилет. Министрлик өтүнмөлөрдүн жана не-
гизделген эсеп-кысаптардын негизинде жана аларды баштапкы жалпылоодон
кийин товардык кредиттерди бөлүштүрүү жөнүндө сунушту Товардык кредит-
терди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиянын кароосуна
жиберет.
4.3. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамле-
кеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра
иштетүү өнөр жай министрлигинин сунуштарына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бөлүштүрүлүүчү айыл чарба техни-
касын кошпогондо товардык кредиттерди облустар боюнча бөлүштүрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июлундагы №468 токтомунун редакциясына ылайык)
4.4. Облустук жана райондук дењгээлдеги комиссиялар берилген мате-
риалдарды текшерип чыгып, кредиттерди бөлүү жөнүндө чечим чыгарат, ал
протокол менен таризделет.
4.5. Айыл өкмөтүнүн комиссиясы товардык кредиттерди бөлүштүрүү бо-
юнча райондук комиссиясынын разнарядкасынын негизинде аларды айылдык
товар өндүрүүчүлөр арасында товардык кредиттерди алууга өтүнмөлөрүнө
ылайык (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн, жер семирткичтерди - болгон
себүү аянтынын себүү нормаларына жараша, азыктык данды жана
күйүүчү-майлоочу материалдарды, башка товардык-материалдык ресурстарды
- механикалаштырылган жана башка иштерди жүргүзүүгө муктаждыгынын
эсеп-кысабына ылайык) бөлүштүрөт, өтүнмөгө тиркелген документтерди ар
бир чарбакер субъекттин төлөө кудуретине өзгөчө көњүл буруу менен тек-
шерет, өтүмдүү күрөө мүлкүнүн бардыгын эске алат, анын наркы берилген
товардык кредиттин суммасынан 1,5 эсе көп болушу керек, ошондой эле
катталган уставын, уюштуруу документтерин, жеке ишкердин катталгандыгы
жөнүндө күбөлүктү жана ким экендигин ырастаган документти (паспорт),
жерди пайдалануу укугуна күбөлүгүн, жерди ижаралоо келишимин, өздүк
мөөрүн жана башкаларды карап чыгып, товардык кредитти бөлүштүрүү
жөнүндө чечим кабыл алат.
Айыл өкмөтүнүн комиссиясынын чечими протокол менен таризделет, ал
ар бир субъектке бөлүштүрүү разнарядкасын түзүү үчүн товардык кредит-
терди бөлүштүрүү боюнча райондук комиссияга берилет. Товардык кредитти
берүүгө разнарядканы райондун мамлекеттик администрация башчысы же анын
орун басары бекитет.
Товардык кредиттерди берүү жана кредиттик ресурстардын көлөмдөрү
жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жоопкерчилик облустардын, райондордун
мамлекеттик администрацияларына жана айыл өкмөтүнө, ошондой эле товар-
дык кредиттерди бөлүштүрүү разнарядкасын берген органга жүктөлөт.
4.6. Республикалык, облустук, райондук комиссиялардын товардык
кредиттерди бөлүштүрүү жөнүндө протоколдук чечимдери жана разнарядкала-
ры Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы
өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна чарбакер субъекттер берген документ-
терди изилдөө жана ар бир төлөөгө кудуреттүү айылдык товар өндүрүү ме-
нен кредиттик келишим жана күрөө жөнүндө келишим түзүү үчүн берилет.
Кредиттик жана күрөө келишимдерин тариздөө Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунда
иштелип чыккан формалар боюнча жүргүзүлөт.
Товардык кредиттерди алуучуларды бөлүштүрүү разнарядкалары менен
өз убагында камсыздоодо облустардын жана райондордун мамлекеттик адми-
нистрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын баш-
чылары комиссияларга көмөк көрсөтүшөт.
Облустардын, райондордун мамлекеттик администрацияларынын, жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасы-
нын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна
берилген товардык кредиттерди бөлүштүрүү разнарядкаларына ылайык айыл-
дык товар өндүрүүчүлөрдүн заемдук каражаттарды максатка ылайык пайдала-
нууларын жана өз учурунда кайтаруусун контролдошот.
4.7. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча бардык дењгээлдеги ко-
миссиялар өтүнмөлөрдү карабай коюуга, ал эми Кыргыз Республикасынын Фи-
нансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду - то-
вардык кредиттерди алууга кредиттик жана күрөөлүк келишимдерди та-
риздөөдөн баш тартууга укуктуу, эгер:
- кредит алуучу күрөөлүк мүлктүн, айдоо жерлеринин же кандайдыр
бир башка керектүү документтеринин бардыгы жөнүндө маалыматтарды жана
маалымкаттарды өз учурунда бербесе же берүүдөн баш тартса;
- банктык же башка кредиттер жана милдеттүү салыктык жана камсыз-
дандыруу төлөмдөрү боюнча карыздары болсо;
- кредиттик ресурстарга муктаждыктын негизделген эсеби жок болсо.
4.8. Бөлүштүрүлгөн кредиттик ресурстардын көлөмүнөн баш тартканда
же толук албаган учурда, ошондой эле облустук, райондук мамлекеттик
администрациялардын каттарынын, айыл өкмөт башчыларынын өтүнмөлөрүнүн
жана субъекттердин арыздарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду зарыл болгондо
кредиттик ресурстардын калдыктарын Кыргыз Республикасынын Айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин сунушу боюнча гана кайра
бөлүштүрүлүүчү кылкандуу дандын суперэлита жана элита, ошондой эле
башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн сортун жаңыртуу жана сортун
алмаштыруу максатында республиканын үрөнчүлүк чарбаларына бөлүнгөндөрдү
кошпогондо, башка субъекттерге жана региондорго оперативдүү кайра
бөлүштүрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июлундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
4.9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы
өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду алынган зайымдык каражаттарды кайтарууну
белгиленген тартипте камсыз кылат.
V. Артыкчылуулуктун негизги критерийлери
5.1. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча комиссиялар тарабынан
товардык кредиттерди бөлүү жана бөлүштүрүү төмөнкүдөй түрдө жүргүзүлөт:
- күйүүчү-майлоочу материалдар механикалаштырылган жумуштарды
жүргүзүү (айдоо, себүү, оруп-жыйноо) көлөмүнө жана башка шарттарга жа-
раша бөлүштүрүлөт;
- айыл чарба техникалары ага болгон жүктөмгө, ошондой эле
жүргүзүлген жумуштардын көлөмүнө жараша бөлүштүрүлөт;
- өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары (уулуу химикаттар) райондук
өсүмдүктөрдү коргоо станциясы берген айдоолорду фитосанитардык текшерүү
актысынын негизинде, ошондой эле отоо чөптөрдүн, зыянкечтердин жана ил-
деттердин пайда болуусун алдын алуу максатында бөлүштүрүлөт;
- жаныбарларды коргоо каражаттары (ветеринардык препараттар) ра-
йондук мамлекеттик ветеринардык башкармалык берген жаныбарларды ветери-
нардык текшерүү актысынын негизинде, ошондой эле жаныбарлардын ылањдары
чыккан жерлер аныкталганда бөлүштүрүлөт;
- минералдык жер семирткичтер кошумча азыктандырууну талап кылган
айыл чарба өсүмдүктөрүнүн болгон аянттарынын негизинде, жер семирткич-
терди чачуу нормаларына, ошондой эле чарбакер субъекттерде алардын кал-
дыктарынын болушуна жараша бөлүштүрүлөт;
- запастык тетиктер нормативдик талаптарга жана колдонуу
мөөнөттөрүнө ылайык айылдык товар өндүрүүчүлөрдөгү болгон айыл чарба
техникаларын Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөр жай министрлигине караштуу Мамлекеттик башкы техникалык инспекция-
сынын кызматтарынын текшерүү актыларын тиркөө менен түшкөн сурбо-талап-
тарга ылайык бөлүштүрүлөт;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү жана азыктык буудай даны ар бир
өсүмдүк боюнча себүү программасына жана болгон себүү аянттарына ылайык
кредиттик ресурстарга муктаждыктын негизделген эсептөөлөрүнө жараша
бөлүштүрүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 13
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги №147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана…Постановление · 14.04.2008 · № 147 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (13)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-апрелиндеги № 149-б (Сатып алынган айыл чарба техникаларын өз убагында бөлүштүрүүнү камсыздоо максатындагы) буйругуРаспоряжение · 18.04.2008 · № 149-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-августундагы № 434-б (Чүй облусунун Кара-Балта, шаарындагы "Ак-Жол - ҮТО" заводунда кураштырылган айыл чарба техникасын бөлүштүрүүнүн тиркемеси…Распоряжение · 11.08.2009 · № 434-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-октябрындагы № 582 "Кыргыз Республикасында асыл тукум-чарбаларды колдоо чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 29.10.2013 · № 582
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-марты № 125-б (Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен өз убагында камсыздоо үчүн аларга мамлекеттик колдоо…Распоряжение · 20.03.2009 · № 125-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 93-р (Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоону жана күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү үрөөнү менен камсыз кылуу…Распоряжение · 20.09.2010 · № 93-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы № 161-б (Гибрид жүгөрүнүн үрөнүн натыйжалуу пайдаланууну контролдоо боюнча) буйругуРаспоряжение · 12.05.2011 · № 161-р
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 04.02.2013 · № 50
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 24-б (Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөнүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн…Распоряжение · 24.01.2009 · № 24-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-мартындагы № 82-б (Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынан гуманитардык жардам катары келүүчү жаздык арпанын 1,0 миң тонна көлөмдөгү үрөнүн кабыл…Распоряжение · 28.03.2011 · № 82-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 "Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.11.2014 · № 656 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы №508 " Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү техника менен камсыздоо жөнүндө"токтомуПостановление · 11.09.2008 · № 508 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-октябрындагы № 525-б (Айылдык товар өндүрүүчүлөргө товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 09.10.2008 · № 525-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди…Постановление · 26.02.2013 · № 98 · Күчүн жоготкон