КР Өкмөтүнүн (Айылдык товар өндүрүүчүлөргө товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 11 августа 2009 года № 434-р (Об утверждении распределения сельскохозяйственной техники, собранной на заводе "Ак-Жол - YTO" в городе Кара-Балта Чуйской области)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-08-11.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-августундагы № 434-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 9-октябры № 525-б Чүй облусунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык:
1. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы:
- Чүй облусунун мамлекеттик администрациясына "Ак-Жол-Ито-704" маркасындагы 20 тракторду Чүй облусунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө товардык кредит түрүндө бөлүштүрүү үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берсин;
- тракторлорду берүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонддун алуучу кредиттик жана күрөөлүк келишимдер менен кошо тапшырган катынын негизинде ишке ашырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты енүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасынын катышуусу менен "Ак-Жол-Ито-704" маркасындагы 20 трактордун наркын аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондго кредиттик документтерди тариздөө үчүн берсин.
3. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- тракторлор айылдык товар өндүрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, трактордун наркынын 20 процентинен кем эмес өлчөмдөгү баштапкы акыны төлөгөн агротехникалык сервистик борборлорго, айыл чарбалык кооперативдерге, үрөн чарбаларга артыкчылыктуу укук берүү менен бөлүштүрүүнү камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондго Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын комиссиясынын 20 трактор конкурстук негизде бөлүштүрүлгөнү жөнүндө чечимин берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд трактор алуучулар менен келишимдерди ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттик-күреөлүк документтерди тариздеп, төмөнкүдөй талаптарды эске алуу менен түзсүн:
- тракторлордун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик аныктаган баасын көрсөтсүн;
- трактордун наркынын 20 процентинен кем эмес өлчөмдөгү баштапкы акыны төлөгөн субъекттерди көрсөтсүн;
- кредит 10 жылдын ичинде, ар жылдын III-IV кварталдарында, карыз каражатты пайдалангандык үчүн процент алынбастан акчалай гана телөнөөрүн белгилесин;
- төлөөнү кечиктиргенде ар бир күн үчүн 0,05 процент өлчөмдө айып белгилесин;
- тракторлордун наркын эске алуу менен 130 проценттен кем эмес ликвиддүү күрөө менен камсыздасын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-августундагы № 434-б (Чүй облусунун Кара-Балта, шаарындагы "Ак-Жол - ҮТО" заводунда кураштырылган айыл чарба техникасын бөлүштүрүүнүн тиркемеси…Распоряжение · 11.08.2009 · № 434-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги №147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана…Постановление · 14.04.2008 · № 147 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги №147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана…Положение · 14.04.2008 · № 147
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-октябырындагы № 526-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Евразиялык Өнүктүрүү Банкынын жана «РЕНОВА» компаниялар тобунун ортосундагы Ниеттер жөнүндө…Распоряжение · 09.10.2008 · № 526-р