Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен өз убагында камсыздоо үчүн аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 20-марты № 125-б Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен өз убагында камсыздоо үчүн аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги минералдык жер семирткичтерди сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигин Кыргыз Республикасынын "2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга прогнозу жөнүндө" Мыйзамында каралган 30,0 млн.сом суммасында каржыласын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- минералдык жер семирткичтерди сатып алууну жана аларды облустар арасында бөлүштүрүүнү;
- облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар менен бирге;
- минералдык жер семирткичтерди айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арасында бөлүштүрүүнү.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жана төлөө мөөнөтүн 2009-жылдын 1-декабрына чейин белгилөө менен зайымдык каражаттарды процентсиз колдонуу шартында кредиттик документтерди тариздесин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КРЗакон · 21.01.2009 · № 12
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги №147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана…Постановление · 14.04.2008 · № 147 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.