Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 12 июля 2011 года № 384 "Об утверждении Положения, описания и образца дипломатического и служебного паспортов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-07-12.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы N 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 28-марты № 105
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү
кызматтык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн
бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 27-апрелиндеги N 259
токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жараны-
нын паспорту менен камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 8-декабрындагы № 563 токтомуна ылайык, "Кыргыз Республика-
сынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
дал келүүчү мамлекеттик символикасы менен Кыргыз Республикасынын жара-
нынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык паспортун колдонууга чыгаруу
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызмат-
тык паспорту жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызмат-
тык паспортунун сүрөттөлүшү;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызмат-
тык паспортунун үлгүсү.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-
касынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык паспортун персони-
фикациялоо үчүн документтерди кабыл алууну, тариздөөнү ишке ашырып,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү
персонификацияланган кызматтык паспортун бере тургандыгы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар
жана технологиялар мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын жараны-
нын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык паспортун персонификациялоону
камсыз кылып жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүн-
дөгү берилген кызматтык паспорттор жөнүндө маалыматтык база түзө тур-
гандыгы;
- 1998-жылдын үлгүсүндөгү мурда берилген Кыргыз Республикасынын кыз-
маттык паспорттору 2009-жылдын 1-июнуна чейин жарактуу. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги N 259 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызмат-
тык паспортунун киргизилиши тууралуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө- гү мекемелерине жана Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамле- кеттердин өкүлчүлүктөрүнө кабарласын, ошондой эле чет мамлекеттерде көрсөтүлгөн паспортторду легалдаштыруу процессин тездетүү боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык паспортун тариздөө, берүү жана эсепке алуу тартиби жөнүндө нускаманы иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад- министрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
5. "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү дип-
ломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндөгү Жобону, Кыргыз Республи- касынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспортторунун сүрөттөлүштөрүн жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 15-октябрындагы № 760 токтому кү- чүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө- лүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 105 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык паспортунун СҮРӨТТӨМӨСҮ
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын кызматтык паспорту (мындан ары
- кызматтык паспорт) бурчтары жумуру келген, туурасы 88 мм, узуну 125
мм өлчөмүндөгү бланк түрүндө болуп, мукабасын эске албаганда 32 беттен турат. Кызматтык паспорттун барактары суу белгиси салынган атайын ка- газдан даярдалган. Кагаз химиялык заттарга туруктуу келип, көрүнгөн жа- на көрүнбөгөн ультракызгылткөк боектор менен басып чыгарууга арналган. Суу белгиси салынган кагазда көрүнбөгөн флуоресценттик булалар бар. Паспорттун ички барактары көк фондо аткарылган. Паспорттогу жазуу- лар кек жана кара түстөгү боектор менен толтурулган. Паспорттун ар бир бетинде дизайн элементи катары катар номур коюл- ган. Катар номурлар ультракызгылткөк жарыкта көрүнө турган флуоресцент- тик жашыл түстөгү көрүнбөс боек менен кайталанган. Паспорттун барактары эки түстөгү жип менен тигилип, анын бири жа- рыктандырганда көрүнөт, экинчиси ультракызгылткөк жарыктандырууда "оп- тикалык инерттүү" боюнча кала берет.
2. Паспорттун бланкынын мукабасы көк түстөгү оњой менен эскирбей
турган материалдан даярдалат. Паспорттун мукабасынын алдыњкы бетинин сырт жагына алтын түстөгү төмөнкүдөй жазуулар түшүрүлгөн:
- жогорку бөлүгүндө мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде ны-
гыра түшүрүлгөн жазуулар: "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ТНЕ КҮRGYZ REPUBLIC;
- мукабанын ортосунда - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби-
нин ныгыра түшүрүлгөн сүрөтү;
- ылдый жагында - мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде ныгы-
ра түшүрүлгөн жазуулар бар: "КЫЗМАТТЫК ПАСПОРТ СЛУЖЕБНЫЙ ПАСПОРТ SERVICE PASSPORT".
3. Паспорттун алдыњкы мукабасынын ички бетине төмөнкүлөр жайгашты-
рылган:
- мамлекеттик, расмий жана англис тилдериндеги жазуулар:
"Ушул паспортту көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жаранына ар кан- дай жардам көрсөтүүнү Достук мамиледеги Мамлекеттердин бардык жарандык жана аскер бийликтеринен суранабыз. Просьба ко всем гражданским и военным властям Дружественных Госу- дарств оказывать всяческое содействие предъявителю настоящего паспорта, гражданину (гражданке) Кыргызской Республики. All civil and military authorities of friendly countries, please, render every possible assistance to the bearer of this passport, the citizen of the Kyrgyz Republic.";
- жазуунун ылдый жагында улуттук буюмдун - "көөкөрдүн" сүрөтү жай-
гаштырылган;
- "көөкөрдүн" сүрөтүнөн ылдый бүркүттүн стилдештирилген сүрөтү бе-
рилген.
4. Кызматтык паспорттун биринчи бетине төмөнкүлөр жайгаштырылган:
- мамлекеттик, расмий жана англис тилдериндеги жазуулар:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ТНЕ КҮRGYZ REPUBLIC;
- ортодо - көк түстө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин
сүрөтү;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин ылдый жагында мамле-
кеттик, расмий жана англис тилдериндеги жазуулар: "КЫЗМАТТЫК ПАСПОРТ СЛУЖЕБНЫЙ ПАСПОРТ SERVICE PASSPORT". Паспорт 32 беттен турат Паспорт содержит 32 страницы Passport contains 32 pages";
- басмакана ыкмасы менен аткарылган кара түстөгү паспорт номуру.
5. Беттеринин үстүњкү бөлүктөрүнө лазердик конустук (өлчөмүн ки-
чиртүү менен) перфорация усулунда жасалган паспорт номуру түшүрүлгөн. Экинчиден тартып отузунчуга чейинки баардык беттер чет мамлекет- тердин визасын коюуга, мамлекеттик чегарадан өткөндүгү тууралуу чегара- лык контролдоо-өткөрүү жайынын белгисин коюуга, барган мамлекетте акк- редиттелгендиги, 14 жашка чейинки балдары жөнүндө маалыматтарды кирги- зүүгө арналган.
6. Кызматтык паспорттун отуз биринчи бетинде төмөнкүлөр жайгашты-
рылган:
- жогору жагынын сол тарабында төмөнкүдөй текст жайгаштырылган:
"Кызматтык паспорт/ Служебный паспорт/ Service passport";
- жазуулардын алдында кыргыз оймо-чиймелеринин элементтери жана
санариптик таризге өзгөртүлгөн паспорт ээсинин бетинин түстүү сүрөтү үчүн орун;
- белгиленген тексттин оњ жагында - берген мамлекеттин үч тилдеги
аталышы: "Кыргыз Республикасы/ Кыргызская Республика/The Kyrgyz Republic";
- ортодо - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин фондук
сүрөттөлүшү жана паспорттун багыттоо тексти жайгаштырылган: "Түрү/Тип/Type Өлкөнүн коду/Код страны/Country code Фамилиясы/Фамилия/Surname Аты/Имя/Given Names Жынысы/Пол/Sex Жарандыгы/Гражданство/Citizenship Туулган датасы/Дата рождения/Date of birth Туулган жери/Место рождения/Place of birth Берилген датасы/Дата выдачи/Date if issue Документти берген орган/орган, выдавший документ/Issuing Authority Жарактуу мөөнөтү бүткөн датасы/Дата окончания срока действия/Expi- ry date";
- оњдо - санариптик тариздеги паспорт ээсинин бетинин кичиртилген
сүрөтү жана төмөнкү текст жайгаштырылган: "Паспорт №/Паспорт №/ Passport № Ээсинин колу/Подпись владельца/ Bearer"s signature";
- солдо - санариптик тариздеги паспорт ээсинин бетинин сүрөтү,
анын астында мындай текст бар: "Жеке номери/Персональный номер/ Personal number";
- беттин ылдый жагы - машина аркылуу окулчу аймак, анын эки сабын-
да эл аралык стандарттарга ылайык ушул документтеги негизги маалыматты камтыган машина аркылуу окулуучу жазуу - тамгалык-санариптик код жай- гашкан.
7. Паспорттун арткы мукабасынын ички бетине "түндүктүн" сүрөтү
тартылып, анын ылдый жагында бүркүттүн стилдештирилген сүрөтү жайгашты- рылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 105 токтому менен бекитилген
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ | ||||
| КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА | ||||
| THE KYRGYZ REPUBLIC | ||||
| (Кыргыз Республикасынын | ||||
| Герби) | ||||
| КЫЗМАТТЫК ПАСПОРТ | ||||
| СЛУЖЕБНЫЙ ПАСПОРТ | ||||
| SERVICE PASSPORT | ||||
| Кыргыз Республикасынын ушул | ||||
| паспортту көрсөткөн жаранына ар | ||||
| кандай жардам көрсөтүүнү Достук | ||||
| мамиледеги Мамлекеттердин бардык | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ | |||
| жарандык жана аскер бийликтеринен | КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА | |||
| суранабыз | THE KYRGYZ REPUBLIC | |||
| Просьба ко всем гражданским и | S | |||
| военным властям Дружественных | P | (Кыргыз Республикасынын | ||
| Государств оказывать всяческое | E | Герби) | ||
| содействие предъявителю настоящего | C | |||
| паспорта, гражданину (гражданке) | I | |||
| Кыргызской Республики | M | КЫЗМАТТЫК ПАСПОРТ | ||
| E | ||||
| All civil and military authorities | N | СЛУЖЕБНЫЙ ПАСПОРТ | ||
| of Friendly States are requested | --- | |||
| to extend full courtesy to the | SERVICE PASSPORT | |||
| bearer of this passport; a citizen | ||||
| of the Kyrgyz Republic | ||||
| Паспорт 32 беттен турат | ||||
| Паспорт содержит 32 страницы | ||||
| Passport contains 32 pages | ||||
| ("көөкөр" улуттук буюмунун | ||||
| сүрөтү) | ||||
| (бүркүттүн стилдештирилген сүрөтү) | AS000000 | |||
| Кызматтык паспорт/ Кыргыз Республикасы/ | ||||
| Служебный паспорт/ Кыргызская Республика/The Kyrgyz Republic | ||||
| Service passport | ||||
| Түрү/Тип/Type Өлкөнүн коду/Код страны/ | ||||
| ------------------------ Country code | ||||
| PS KGZ | ||||
| Фамилиясы/Фамилия/Surname | (сүрөт) | |||
| KAIKIEV | ||||
| Аты/Имя/Given Жынысы/Пол/ Паспорттун №/ | ||||
| names Sex Паспорт №/ | ||||
| SHAMIL М Passport № | ||||
| AS000003 | ||||
| Жарандыгы/Гражданство/ | ||||
| (сүрөт) | Citizenship Ээсинин колу/ | |||
| KYRGYZ REPUBLIC Подпись владельца/ | ||||
| Bearer"s signature | ||||
| Туулган датасы/ | ||||
| Дата рождения/Date of birth (подпись) | ||||
| 24 06 1974 | ||||
| Туулган жери/Место рождения/Place of birth | ||||
| KYRGYZ REPUBLIC | ||||
| Берилген датасы/Дата выдачи/Date of issue | ||||
| 24 12 2007 | ||||
| Документти берген орган/Орган, выдавший | ||||
| ------------------------ документ/Issuing authority | ||||
| Жеке номери/Персональный MFA | ||||
| номер/Personal number | ||||
| 22406197400756 Жарактуу мөөнөтү бүткөн датасы/Дата | ||||
| окончания срока действия/Expiry date | ||||
| 24 12 2012 | ||||
| PSKGZKAIKIEV<>< | =""><3kgz7406243m12122482240619740075612 | ="" | ="" | ="" -----------------------------------------------------------------------=""> |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү…Постановление · 12.07.2011 · № 384
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексинин 8, 23-беренесинин 3-пункту жана…Постановление · 30.09.2010 · № 292
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы №105 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык паспортунун жобосун, сүроттөлүшүн жана үлгүсүн…Положение · 28.03.2008 · № 105 · Күчүн жоготкон
- Приказ Госагентства информационных ресурсов и технологий КР от 14 апреля 2008 года № 23/п, МВД КР от 18 июня 2008 года № 619 И МИД КР от 18 июня 2008 года № 80-п "Об утверждении…Приказ · 14.04.2008 · № 23/п · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МААЛЫМАТ РЕСУРСТАРЫ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАР БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ЖАНА КЫРГЫЗ…Приказ · 18.06.2008 · № 23/п, 619, 80-п · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттигинин 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 23/ менен бекитилген Кыргыз…Инструкция · 14.04.2008 · № 23/п · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин , Өкмөтүнө караштуу маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Ички…Приказ · 18.06.2008 · № 80-п · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительство КР от 15 октября 2004 года №760 "Об утверждении Положения о дипломатическом и служебного паспорта гражданина Кыргызской Республики образца 2004 года"Постановление · 15.10.2004 · № 760 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги №259 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык…Постановление · 27.04.2009 · № 259 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү…Постановление · 12.07.2011 · № 384
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-декабрындагы №563 " Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен камсыздоо жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2005 · № 563 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительство КР от 15 октября 2004 года №760 "Об утверждении Положения о дипломатическом и служебного паспорта гражданина Кыргызской Республики образца 2004 года"Постановление · 15.10.2004 · № 760 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги №259 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык…Постановление · 27.04.2009 · № 259 · Күчүн жоготкон