Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык паспортунун жобосун, сүроттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 12 июля 2011 года № 384 "Об утверждении Положения, описания и образца дипломатического и служебного паспортов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-07-12.
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 12-июлундагы №384 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 28-мартындагы
№ 105 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын
үлгүсүндөгү кызматтык паспорту жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кыз-
маттык паспорту (мындан ары - кызматтык паспорт) Кыргыз Республикасынын
жараны Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгууда, убактылуу бо-
лууда жана Кыргыз Республикасына келүүдө анын ким экендигин тастыктаган
документ болуп эсептелет.
2. Кызматтык паспорт Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналып,
анын ээси Кыргыз Республикасынын коргоосунда турат.
3. Кызматтык паспорт 5 жылдык мөөнөткө берилет. Кызматтык паспорт-
тун колдонулуу мөөнөтү аяктаганда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер
министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жаранына жањы
кызматтык паспорт берет.
4. Кызматтык паспорт анын ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын
аймагында жарандык-укуктук, нотариалдык бүтүмдөрдү жана банк операция-
ларын жүргүзүү үчүн документ катары пайдаланылбайт.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган-
дан башка учурларда кызматтык паспортту күрөөгө берүүгө жана алууга,
ошондой эле аны алып коюуга тыюу салынат.
6. Кызматтык паспорт Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу жана
Кыргыз Республикасына кирүү үчүн жарактуу. Чет өлкөлөргө кирүү тартиби
тиешелүү өлкөнүн мыйзамдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тар-
типте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык ке-
лишимдер аркылуу жөнгө салынат.
7. Кызматтык паспортту берүүдө консулдук жыйымдар алынбайт.
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мам-
лекеттик агенттигине (мындан ары - Мамресурсагенттиги) квартал сайын
төмөнкү маалыматтарды жиберет:
- берилген кызматтык паспорттор жөнүндө;
- жараксыз кызматтык паспорттор жөнүндө;
- жоголгон кызматтык паспорттор жөнүндө;
- алып коюлган кызматтык паспорттор жөнүндө;
- алына элек кызматтык паспорттор жөнүндө;
- жокко чыгарылган кызматтык паспорттор жөнүндө.
9. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде кызматтык ишса-
пардын мөөнөтү аяктагандан кийин кызматтык паспорт он күндүн ичинде ээ-
синин иштеген жери боюнча кадрлар кызматына кайра өткөрүлүп берилет, ал
5 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине
жиберет.
Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын аймагынан
тышкары жерлерге ишсапарларга кайра-кайра чыкканда кызматтык паспорт
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Респуб-
ликасынын мамлекеттик органынын (мындан ары - мамлекеттик орган) жазуу
жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде берилет.
Кызматтык паспорттун ээси мамлекеттик органдарда эмгек ишаракетин
токтоткон учурда иштеген жери боюнча кадрлар кызматы 5 жумуш күндүн
ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине анын эмгек
иш-аракети токтотулгандыгы жөнүндө билдирүү жиберет.
Кызматтык паспорт анын ээси алдыдагы кызматтык ишсапарларга баруу-
га кайра сурап алганга жана анын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде күйбөгөн атайын сейф-
терде сакталат.
10. Кызматтык паспорттордун жарактуулук мөөнөтү аяктаган учурда
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жок кылуу үчүн аларды
Мамресурсагенттигине жиберет.
II. Кызматтык паспортко киргизилген
маалыматтар жана белгилер
Кызматтык паспорттун багытталчу тексти ((1) эскертүүнү кара) мам-
лекеттик, расмий жана англис тилдеринде толтурулат. Киргизилген маалы-
маттар ((2) эскертүүнү кара) англис тилинде басылат жана төмөнкү маалы-
маттардан турат:
- берген мамлекет;
- документтин аталышы;
- паспорттун түрү;
- өлкөнүн үч тамгалуу коду;
- аты-жөнү;
- туулган жери жана күнү;
- жынысы;
- паспорттун номуру;
- жеке идентификациялык номуру (жеке номуру);
- жарандыгы;
- кызматтык паспортту берген ыйгарым укуктуу органдын аталышы ((3)
эскертүүнү кара);
- кызматтык паспорт берилген күн жана анын жарактуулук мөөнөтү
аяктачу кун;
- ээсинин колу;
- машина аркылуу окулчу код;
11. Кызматтык паспортко төмөнкү жазуулар менен белгилер киргизи-
лет:
- чет мамлекеттик виза;
- чегарадан өткөндүгү жөнүндө чегара көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун
белгиси;
- чет мамлекетте аккредиттелгендиги жөнүндө белги;
- 14 жашка чейинки балдары жөнүндө.
12. Паспорт ээсинин бетинин түстүү сүрөтү санариптик таризге ай-
лантылып, кызматтык паспортко түшүрүлөт.
13. Кызматтык паспортко ушул Жободо каралбаган маалыматтарды, бел-
гилерди жана жазууларды киргизүүгө тыюу салынат.
Ушул Жободо каралбаган маалыматтар, белгилер жана жазуулар кирги-
зилген кызматтык паспорттор жараксыз деп эсептелет.
III. Кызматтык паспортту берүү жана
аны алмаштыруу тартиби
14. Кызматтык паспорт Кыргыз Республикасынын жараны кызматкер бол-
гон мамлекеттик органдын жетекчисинин же анын орун басарынын өтүнүчү
боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан бери-
лет.
Кызматтык паспорттун жекелештирилүүсүн жана берилген кызматтык
паспорттор жөнүндө маалымат базасын түзүүнү Мамресурсагенттиги камсыз
кылат.
15. Айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
менен макулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жер-
лерде кызматтык паспорт Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүк-
төрү же консулдук мекемелери тарабынан берилет.
16. Кызматтык паспортту алууга керектүү документтердин тизмеси
Мамресурсагенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министр-
лигинин биргелешкен буйругу менен бекитилген, кызматтык паспортту та-
риздөө, берүү жана эсепке алуу тартиби жөнүндө тиешелүү ведомстволор
аралык нускама менен аныкталат.
17. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик ор-
гандардан кызматтык паспортту берүү жөнүндө өтүнүчтү алгандан кийин
кызматтык паспортту алуу үчүн керектүү документтерди чогултуу жана аны
тариздөө иш-аракеттерин жүргүзүп, аларды Мамресурсагенттигине жиберет.
18. Мамресурсагенттиги ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн ке-
ректүү документтер келген күндөн тартып, кызматтык паспортторду жеке-
лештирип, он календардык күндүн ичинде жекелештирилген кызматтык пас-
портторду Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберет.
19. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерге шашылыш кызмат-
тык иш-сапарга чыгууда документтерди тариздөө жана кызматтык паспорт
берилүү дароо жүргүзүлөт.
20. Кызматтык паспорт төмөнкүлөргө берилет:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген
мамлекеттик кызматтарын административдик мамлекеттик кызмат орунунун
Реестрине ылайык башкы же улук мамлекеттик кызматтагы адамдарга;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн улук офицердик кура-
мына;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерге өздөрүнүн кыз-
маттык иши боюнча баруучу Кыргыз Республикасынын командалык жана уч-
куч-техникалык курамына;
- акциялардын мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана
акционердик коомдордун жетекчилерине.
21. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерге кызматтык
иш-сапардын мөөнөтү бир жылдан ашкан учурда, ушул Жобонун 20-пунктуна
ылайык кызматтык паспорт берилген мамлекеттик, кызматкерлердин - Кыргыз
Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө (аялына, күйөөсүнө, жа-
шы жетелек балдарына, жашы жеткен эмгекке жарамсыз балдарына) да кыз-
маттык паспорт берилет.
22. Айрым өлкөдөгү саясий кырдаалды же чет өлкөлөрдө иштөөнүн кон-
креттүү шарттарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-
нистринин же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин тапшырмасы
боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзгөчө учурларда
Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына кызматтык
паспорт бере алат.
23. Кызматтык паспорт төмөнкү учурларда алмаштырылат:
- жарактуулук мөөнөтү аяктаганда;
- аты-жөнүн алмаштырганда;
- жазууларда так эместиктер аныкталганда;
- пайдаланууга жараксыз болгондо (химиялык же механикалык бузулуу-
лар);
- виза коюу үчүн арналган баардык барактар колдонулуп бүткөндө.
24. Аты-жөнүн алмаштырганда, кызматтык паспортто так эмес маалы-
маттар аныкталганда кызматтык паспортту Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлигинин ЗАГС органдарынын күбөлүктөрүнүн же башка жогорудагы
шарттарды аныктаган документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын
дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелер алмаштырат.
25. Кызматтык паспортту жоготкон учурда анын ээси дароо төмөнкүдөй
билдирүүгө милдетүү: Кыргыз Республикасынын аймагында - Кыргыз Респуб-
ликасынын ички иштер органдарына жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иш-
тер министрлигине, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары - жүргөн
өлкөнүн укук коргоо органдарына, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык
же консулдук мекемелерине, мындайлар жок болгон учурда, Кыргыз Респуб-
ликасынын аймагынан тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын
укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу эл аралык макулдашууларга ылай-
ык ыйгарым укук берилген башка өлкөнүн дипломатиялык же консулдук меке-
месине.
26. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде Кыргыз Респуб-
ликасынын жараны кызматтык паспортун жоготкон учурда Кыргыз Республика-
сына киргенге укук берген документ болуп дипломатиялык өкүлчүлүктөр же
консулдук мекемелер тарабынан берилген Кыргыз Республикасына кайра кай-
тып келүү күбөлүгү эсептелет.
27. Ушул Жобонун 23-пунктунда белгиленген негиздер боюнча жањы
кызматтык паспорт Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мурда
берилген кызматтык паспорттун жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгы, жогол-
гондугу же бузулгандыгы жөнүндө фактыларды текшергенден кийин, паспорт
ээси кызматкер болгон мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча берилет.
IV. Кызматтык паспортту алып коюу
28. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белги-
ленген учурларда кызматтык паспортту алгачкы териштирүү органдары, тер-
гөө органдары, сот же кызматтык паспорт берүү жөнүндө өтүнүп жаткан
мамлекеттик орган алып коюшу мүмкүн. Алып коюлган кызматтык паспорттор
тууралуу маалыматтарды аталган органдар Мамресурсагенттигине жиберилет.
Ал өз учурунда бул тууралуу тиешелүү кызматтарга маалымдайт.
29. Алгачкы териштирүү органдары, тергөө органдары жана сот чечим-
дин көчүрмөсү менен бирге алып коюлган кызматтык паспортторду Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтөт. Ал андан ары аларды
жок кылуу үчүн Мамресурсагенттигине жиберет.
30. Кызматтык паспорт төмөнкү учурларда алып коюлат:
- кызматтык паспортту жасалмалоодо;
- кызматтык паспорт жасалма же мыйзамсыз жол менен алынган доку-
менттер боюнча берилгени жөнүндө факты аныкталганда;
- адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан айрылганда;
- адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
- кызматтык паспорттун ээси мамлекеттик органда иштешин токтоткон-
до;
- кызматтык паспорт жараксыз деп таанылганда;
- кызматтык паспорттун ээси каза болгондо.
31. Кызматтык паспорттор төмөнкү учурларда жараксыз деп эсептелет,
эгерде:
- паспорт ээсинин ким экендигин далдаштырууга мүмкүн эмес болсо;
- ушул Жободо каралган айрым жазуулар жок болсо;
- чындыкка шайкеш келбеген маалыматтар, ушул Жободо каралбаган
белгилер жана (же) жазуулар киргизилген болсо;
- жарактуулук мөөнөтү аяктаса;
- жарактуулук мөөнөтү жокко чыгарылса.
32. Кызматтык паспорт жараксыз деп табылганда ыйгарым укуктук ор-
гандар тарабынан белгиленген тартипте үч нускадан турган акты түзүү жо-
лу менен алып коюлууга тийиш. Бул актынын бир нускасы ушул акт түзүлгөн
жеринде калат, экинчиси - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрли-
гине, үчүнчүсү - жараксыз кызматтык паспортторду тиркөө менен бирге
ушул Жобонун 37-пунктуна ылайык жок кылуу үчүн Мамресурсагенттигине жи-
берет.
33. Табылган кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын Тышкы иш-
тер министрлигине тапшырылат. Керектелбеген, ошондой эле алмаштырылууга
тийиш болгон кызматтык паспортторду Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер
министрлиги жок кылуу үчүн Мамресурсагенттигине жиберет.
V. Кызматтык паспорттордун бланктарын
эсепке алуу жана сактоо
34. Кызматтык паспорттордун бланктары номурлары боюнча электрондук
булактарда, так отчеттуулуктагы бланктардын күнүмдүк кыймылынын журна-
лында катталат жана Мамресурсагенттигинин баланстык эсептеринде эсепке
алынат.
35. Кызматтык паспорт мамлекеттик маанидеги документ болуп сана-
лат.
36. Кызматтык паспорттун бланктары атайын жабдылган бөлмөдө өзүнчө
күйбөс сейфтерде сакталат.
VI. Паспортторду жана паспорттордун
бланктарын жок кылуу
37. Кызматтык паспорттор Мамресурсагенттигинин, Кыргыз Республика-
сынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-
нистрлигинин, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин ЗАГС орган-
дарынын өкүлдөрүнүн курамынан турган комиссия менен Мамресурсагентти-
гинде өрттөө же кесүү жолу менен жок кылынат.
VII. Кызматтык паспортту тариздөө
жана эсепке алуу тартиби
38. Кызматтык паспортту тариздөө жана эсепке алуу тартиби Мамре-
сурсагенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
биргелешкен буйругу менен бекитилген нускамага ылайык ишке ашырылат.
VIII. Ушул Жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
39. Ушул Жобонун талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
IX. Эл аралык келишимдерди колдонуу
40. Эгерде Кыргыз Республикасы менен түзүлгөн жана мыйзамда белги-
ленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Жободо кам-
тылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежеле-
ри колдонулат.
Эскертүүлөр:
(1) Багытталчу текст - документте камтылган текст, анын негизинде
документ ээси жөнүндө биографиялык жана башка маалыматтар киргизилет.
(2) Киргизилчү маалыматтар - документ ээси жөнүндө биографиялык
жана башка маалыматтар.
(3) Ыйгарым укуктуу органдын аталышы - кызматтык паспортту берген
органдын аталышы - МРА.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын кызматтык паспортун тариздөө, берүү жана эсепке алуу тартиби жөнүндө НУСКАМАИнструкция · 18.06.2008 · № 23/п, 619, 80-п · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттигинин 2008-жылдын 14-апрелиндеги №; 23/п, Кыргыз Республикасынын Ички…Инструкция · 18.06.2008 · № 80-п · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү…Постановление · 12.07.2011 · № 384
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы №105 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн…Постановление · 28.03.2008 · № 105 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Приказ Госагентства информационных ресурсов и технологий КР от 14 апреля 2008 года № 23/п, МВД КР от 18 июня 2008 года № 619 И МИД КР от 18 июня 2008 года № 80-п "Об утверждении…Приказ · 14.04.2008 · № 23/п · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттигинин 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 23/ менен бекитилген Кыргыз…Инструкция · 14.04.2008 · № 23/п · Күчүн жоготкон