Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2007-жылдын 30-июлу № 100
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана
улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын
өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз республикасынын
мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу
2007-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жо-
горку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Жарчысы, 2002-ж., № 1, 12-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор
киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги "эки палатасынын" деген сөздөр
алып салынсын.
2. 2-статьяда:
2-бөлүк "коомдун мүлкү," деген сөздөрдөн кийин "курулуп жаткан
ГЭСтердин ишканаларынын курамына кирген, 1 жана 2-Камбарата гидроэлект-
ростанцияларынын жана Бишкек шаарынын ЖЭБунун бүтпөгөн курулуштарын
кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу
Кыргыз Республикасынын өзүнчө мыйзамы менен аныкталат.
Бишкек шаарындагы ЖЭБны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
макулдугу менен ар кандай түрдө, кыйыр түрдөгүсүн кошкондо, ажыратууга
болот. Мында Бишкек шаарынын ЖЭБсын ажыратуудан кийин электр жана жы-
луулук энергиясына тарифтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими
менен белгиленет.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик
укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Об особом статусе каскада Токтогульскихгидроэлектростанций и национальной высоковольтной линии электропередачЗакон · 21.01.2002 · № 7
- КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 19-июнундагы № 1899-III "2007-жылдын 19-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын ишин узартуу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2007 · № 1899-III
- КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 19-июнундагы № 1901-III "Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу…Постановление · 19.06.2007 · № 1901-III
- Кыргвз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-мартындагы №84 "Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексине инвестицияларды тартуу боюнча кечиктирилгис чаралар…Постановление · 14.03.2008 · № 84 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 мая 2004 года N 355 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об особом статусе каскада…Постановление · 13.05.2004 · № 355 · Күчүн жоготкон