Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону Бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 378 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 22-январы № 21
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу
менен камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби
жөнүндө жобону Бекитүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы
№ 378 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Мамлекеттик социалдык
камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 144 Мый-
замына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. "Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу
взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 378 токтому менен
бекитилген Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсызданды-
руу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
киргизилсин:
- 8-пунктта "эсептик көрсөткүчтүн алты эселенген өлчөмүнүн 24 пай-
ызы" деген сандар жана сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн отуз эселенген өл-
чөмүнүн 8 пайызы" деген сан жана сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункт алып салынсын:
- 12-пунктта "бирок он эселик эсептик көрсөткүчтөн кем эмес" деген
сөздөр "бирок он беш эселик эсептик көрсөткүчтөн кем эмес" деген сөз-
дөргө алмаштырылсын;
- 15-пунктта "беш эселенген эсептик көрсөткүчтүн 25 пайызынан тө-
мөн болбоого" деген сөздөр жана сандар "отуз эселенген эсептик көрсөт-
күчтүн 8 пайызынан төмөн болбоого" деген сөздөргө жана сандарга алмаш-
тырылсын;
- 18, 19, 21 жана 25-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "бөлүм" де-
ген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "башкармалык" деген сөзгө алмаштырыл-
сын;
- 23-пунктта "облустук, Бишкек жана Ош шаардык башкармалыктарынын"
деген сөздөр "райондук (шаардык) башкармалыктарынын" деген сөздөргө ал-
маштырылсын;
- 12-26-пункттар тиешелүү түрдө 11-25-пункттар болуп эсептелсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 23 июня 2003 года № 378 "Об утверждении Положения о порядке уплаты страховых взносов путем приобретения страховых полисов"Постановление · 23.06.2003 · № 378
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 22 - январындагы №21 "Аскердик маанидеги продукция чыгарууга катышкан ишканалардын уюмдардын адистешүүсүн өнүктүрүү жана сактоо…Распоряжение · 22.01.2008 · № 21
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралууЗакон · 10.08.2007 · № 144
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.