Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 22 - январындагы №21 «Аскердик маанидеги продукция чыгарууга катышкан ишканалардын уюмдардын адистешүүсүн өнүктүрүү жана сактоо максатында, Россия Федерация менен аскердик-техникалык кызматташуунун алкагында»буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 22-январы № 21-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Аскердик маанидеги продукция чыгарууга катышкан ишканалардын уюм-
дардын адистешүүсүн өнүктүрүү жана сактоо максатында, Россия Федерация-
сы менен аскердик-техникалык кызматташуунун алкагында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмө-
түнүн ортосундагы Аскердик маанидеги продукция чыгарууга катышкан ишка-
налардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо жөнүндө макулдашуунун тир-
келген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-
ры министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйга-
рым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Аскердик арналыштагы продукция чыгарууга
катышкан ишканалардын жана уюмдардын
адистешүүсүн өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-
на Россия Федерациясынын Өкмөтү калыптанган өндүрүштүк жана илимий-тех-
никалык кооперациянын базасында аскердик арналыштагы продукция жасоо
тармагындагы кызматташтыкты сактоо жана өнүктүрүү зарылдыгын моюнга
алышып, Тараптардын мамлекеттеринин өнөр жайдын коргонуу тармактарынын
интеграциясын узак мөөнөттүү негизде өнүктүрүүгө болгон өз ара умтулуу-
га таянышып, 1992-жылдын 15-майындагы Коллективдүү коопсуздук жөнүндө
келишимдин жана 1993-жылдын 24-сентябрындагы Экономикалык союз түзүү
жөнүндө келишимдин, 2000-жылдын 10-октябрындагы Евразиялык экономикалык
шериктештик түзүү жөнүндө келишимдин жоболорун эске алышып, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы
1994-жылдын 18-январындагы Өнөр жайдын коргонуу тармактарындагы ишкана-
лардын өндүрүштүк жана илимий-техникалык кооперациясы жөнүндө макулда-
шууну өнүктүрүү үчүн төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин куралдарды жана аскердик тех-
никаны иштеп чыгууга, жасоого жана сыноого катышуучу ишканаларынын жана
уюмдарынын калыптанган өндүрүштүк жана илимий-техникалык адистешүүлөрүн
сактоого, аскердик арналыштагы кызматтарды көрсөтүүгө жана ал үчүн ке-
ректүү материалдарды, чала фабрикаттарды, комплекттөөчү буюмдарды, оку-
улук жана көмөкчү мүлктү ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсеп-
телүүчү № 1, № 2 жана № 3 тиркемелерге ылайык берүүгө көмөктөшүшөт.
Бул Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу иш-чараларды аткарууну
Тараптар төмөнкү ыйгарым укуктуу органдарга тапшырышат:
Кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана
отун ресурстары министрлигине;
Россия тараптан - Россия Федерациясынын Өнөр жай жана энергетика
министрлигине жана Россия Федерациясынын Өнөр жай боюнча федералдык
агенттигине.
Ыйгарым укуктуу органдардын расмий аталышы өзгөргөн же алмаштырыл-
ган учурда Тараптар ал жөнүндө бири-бирине дипломатиялык каналдар аркы-
луу дароо кабарлашат.
2-статья.
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашуунун № 1, № 2
тиркемелеринде көрсөтүлгөн ишканаларынын жана уюмдарынын уюштуруу-укук-
тук формалары жана менчигинин формасы өзгөрүү мүмкүндүгүнө карабастан
алардын адистешүүсү ушул Макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү ичинде сак-
талышына көмөк көрсөтүшөт.
3-статья.
Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашуунун № 1, № 2 тиркемеле-
ринде көрсөтүлгөн ишканалары жана уюмдары чыгаруучу аскердик арналышта-
гы продукцияны өндүрүштөн алып салуунун тартибин жана мөөнөтүн аныктоо
Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптардын ый-
гарым укуктуу органдарынын макулдашуусу боюнча ишке ашырылат.
4-статья.
Аскердик арналыштагы продукция чыгаруу үчүн керектүү материалдар-
ды, чала фабрикаттарды, комплекттөөчү буюмдарды, окуулук жана көмөкчү
мүлктү берүү, технологиялык жана илимий-техникалык мүнөздөгү кызматтар-
ды көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын
Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 18-январындагы Өнөр жайдын коргонуу
тармактарындагы ишканалардын өндүрүштүк жана илимий-техникалык коопера-
циясы жөнүндө макулдашууга ылайык Тараптардын мамлекеттеринин чарбакер
субъекттери тарабынан түзүлгөн келишимдердин (контракттардын) негизинде
ишке ашырылат.
5-статья.
Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашуунун № 1 жана № 2 тирке-
мелеринде көрсөтүлгөн ишканаларынын жана уюмдарынын ушул тиркемелерде
каралган аскердик арналыштагы продукцияны биргелешип иштеп чыгууга жана
жасоого катышуусу жөнүндө чечим Тараптардын мамлекеттеринин улуттук
мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынат.
6-статья.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Россия Федераци-
ясынын Коргоо министрлигинин Тараптардын мамлекеттеринин коргонуу-өнөр
жай комплексинин ишканаларында жана уюмдарында аракеттенүүчү өкүлчүлүк-
төрү ал ишканаларда жана уюмдарда берилүүчү аскердик арналыштагы про-
дукцияны келишимдик негизде белгиленген тартипте кабыл алышат.
7-статья.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында алынган материалдарды, чала
фабрикаттарды, комплекттөөчү буюмдарды, документтерди жана маалыматтар-
ды берүүчү Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугу болмоюнча үчүн-
чү тарапка, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга жана
эл аралык уюмдарга сатышпайт же беришпейт.
8-статья.
Тараптар аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгууга, өндүрүү-
гө, сыноого жана сервистик коштоого, аскердик арналыштагы кызматтарды
көрсөтүүгө тиешелүү маселелер боюнча маалыматтарды биргелешкен жумуш-
тарды аткаруу үчүн зарыл көлөмдө, өз мамлекетинин мыйзамдарына, ошондой
эле Тараптардын мамлекеттери катышуучу болгон эл аралык келишимдерге
ылайык алмашышат.
9-статья.
Тараптар бири бирине беришкен же ушул Макулдашуунун алкагында кыз-
матташуу процессинде жаратылган интеллектуалдык эмгектин натыйжаларын
пайдалануунун жана коргоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-
нен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2005-жылдын 5-сентябрын-
дагы эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташуунун жүрүшүндө интел-
лектуалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылган жана алынган жыйынтыктарына ка-
рата укуктарды өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынат.
10-статья.
Зарыл болсо Тараптардын өз ара макулдугу менен бул Макулдашууга
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бө-
лүгү болуучу өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуу-
нун 12-статьясында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
11-статья.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда талаштар же
кайчы пикирлер пайда болсо Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары аларды
консультация жана сүйлөшүү жолу менен чечишет.
Эгер Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары талаштарды жайгара
алышпаса, алар Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүү-
лөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
12-статья.
Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашуунун № 1 жана № 2 тирке-
мелеринде көрсөтүлгөн ишканаларынын жана уюмдарынын ортосунда аскердик
арналыштагы продукцияны чыгаруу үчүн керектүү материалдарды, чала фаб-
рикаттарды, комплекттөөчү буюмдарды, окуулук жана көмөкчү мүлктү өз ара
беришүүгө байланыштуу чыгышы мүмкүн болгон талаш маселелердин баары Та-
раптардын мамлекеттеринин чарбакер субъекттери түзүшкөн келишимдерде
(контракттарда) каралган шарттарда чечилет.
13-статья.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып убактылуу колдонулат жана
Тараптар анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жобо-
лорду аткарышканы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күн-
дөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш жыл бою жарактуу болот жана эгер Тараптардын эч
бири анын жарактуулугун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка тийиштүү
мезгил бүтөөрдөн алты айдан кеч эмес жазуу жүзүндө кабарлабаса кийинки
беш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартыла берет.
Эгер Тараптар башкача макулдашпаса, бул Макулдашуунун жарактуулу-
гунун токтотулушу Тараптардын мамлекеттеринин чарбакер субъекттери ушул
Макулдашуу жарактуу кезде кол коюшкан келишимдерине (контракттарына)
жараша кабыл алышкан милдеттенмелерине таасир этпейт.
200__-жылдын "____" ________ _____________ шаарында ар бири кыргыз
жана орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү жана эки текст тењ бир-
дей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Положение о порядке уплаты страховых взносов путем приобретения страховых полисов (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 23 июня 2003 года N 378)Положение · 23.06.2003 · № 378
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №21 "Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону Бекитүү…Постановление · 23.01.2008 · № 21