Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2007-жылдын 10-августу N 144
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча
камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
2007-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүм-
дөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., N 5, 229-ст.) тө-
мөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьяда:
1-пунктунун "а" пунктчасындагы:
- биринчи абзац "жалданган кызматкерлердин," деген сөздөрдөн кийин
"туруктуу же убактылуу жумушка, келишим же контракт, макулдашуу боюнча
жумушка, ошондой эле иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Рес-
публикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабас-
тан, бир жолку ишти/кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга кабыл алынгандардын"
деген сөздөр менен толукталсын; "21 пайыз" деген сөздөр "19 пайыз" де-
ген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "19" деген сан "17" деген сан менен алмаштырыл-
сын;
"б" жана "г" пунктчаларындагы "19" деген сан "17" деген сан менен
алмаштырылсын;
2-пункттун "а" пунктчасы "жалданган" деген сөздүн алдынан "турук-
туу же убактылуу жумушка, келишим же контракт, макулдашуу боюнча жумуш-
ка, ошондой эле иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республика-
сынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан, бир
жолку ишти/кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга" деген сөздөр менен толуктал-
сын.
2. 3-статьянын "а" пунктчасында:
- экинчи абзацтагы "21 пайыз" деген сөздөр "19 пайыз" деген сөздөр
менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацтагы "19 " деген сан "17 " деген сан менен алмаш-
тырылсын.
3. 4-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасынын экинчи абзацындагы
"17" деген сан "15" деген сан менен алмаштырылсын.
4. 6-статьянын 1-пунктундагы "-алынган кирешенин өлчөмүнө карабас-
тан эсептешүү көрсөткүчүнүн алты эселенген өлчөмүнүн ай сайын Пенсиялык
фондго - 24 пайыз өлчөмүндө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз
эселенген өлчөмүнүн 8 пайыз өлчөмүндө ай сайын Пенсиялык фондго" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 7-статьянын 1-пунктундагы "он эселенген эсептешүү көрсөткүчү-
нөн" деген сөздөр "он беш эселенген эсептешүү көрсөткүчүнөн" деген сөз-
дөр менен алмаштырылсын.
6. 9-статьянын экинчи абзацындагы "24" деген сан "22" деген сан
менен алмаштырылсын;
7. 10-статьядагы "Пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн ыкты-
ярдуу төлөө Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана
жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар тарабынан жеке
жактардын пайдасына ар кандай өлчөмдө, бирок эсептешүү көрсөткүчүнүн
беш эселенген өлчөмүнүн ай сайын - 25 пайызынан" деген сөздөр "Пенсия-
лык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө Кыргыз Республика-
сынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошон-
дой эле юридикалык жактар тарабынан жеке жактардын пайдасына ар кандай
өлчөмдө, бирок эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз эселенген өлчөмүнүн ай сай-
ын - 8 пайызынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 11-статьянын 2-пунктунда:
пункт "Юридикалык жакты түзбөстөн" деген сөздөрдөн кийин "жана
юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбасында жер үлүшү бар I
жана II топтогу майыптар," деген сөздөр менен толукталсын;
пункт төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбасында I жана II
топтогу майыптарга тиешелүү жер үлүшү үчүн чарбанын эмгекке жарамдуу
мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө укуктуу. Төккөн камсызданды-
руу төгүмдөрүнүн суммалары алардын өздүк камсыздандыруу эсебине кирги-
зилет.".
9. 13-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацындагы:
"он эселенген эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөр "он беш эсе-
ленген эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүнө" деген сөздөр менен алмаштырыл-
сын;
"төрт эселенген эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөр "беш эселен-
ген эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам 2007-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №21 "Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону Бекитүү…Постановление · 23.01.2008 · № 21
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОЦИАЛДЫК ФОНДУНУН БАШКАРМАСЫНЫН "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү каттоонун камсыздандыруу…Постановление · 04.06.2008 · № 73А · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОЦИАЛДЫК ФОНДУНУН БАШКАРМАСЫНЫН "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү каттоонун камсыздандыруу…Постановление · 04.06.2008 · № 73а · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8