Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин иш-аракети жөнүндө» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 23-октябры № 520
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык
резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин
иш-аракети жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-
раштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мам-
лекеттик агенттикке (мындан ары - Мамагенттик) Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сатып алууларды көзөмөлдөөнү, бекитил-
ген номенклатурага жана товардык-материалдык баалуулуктарды топтоо нор-
мативдерине ылайык мамлекеттик резервди колдоо жүктөлгөн иштеринде
олуттуу кемчиликтер орун алгандыгын белгилейт.
Алсак, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору көпчүлүк учурлар-
да бузулат. Мамлекеттик сатып алуулардын негизги максаты болгон бюджет-
тик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну жогорулатууга жетишилбейт.
Мамлекеттик сатып алуулар системасынын иштешин талдоо Мамагенттик
орун алган тартип бузууларга биринчи кезекте өздөрү кызыкдар экендигин
түздөн-түз көрсөтүп турат, анткени бул "ишкер" чиновниктер үчүн ыњгай-
луу чөйрө түзүп берет.
Мамлекеттик сатып алуулар системасындагы коррупциянын өсүп-өнүгү-
шүнө көпчүлүк жагынан мамлекеттик сатып алуулар боюнча Кыргыз Республи-
касынын колдонуудагы мыйзамдары көмөкчү болууда.
"Коррупциялашкандык" жагына карата "Мамлекеттик сатып алуулар жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун талдоо Мыйзамда бел-
гиленген 19 учурда Мамагенттик менен макулдашуу керектигин көрсөттү.
Бул Мамагенттиктин чиновниктеринин эркине байланыштуу чечимдерди кабыл
алуунун ачык-айкын эмес жол-жоболорунун түзүлүшү үчүн негиз болуп сана-
лат.
Мамагенттиктин иш-аракетиндеги бардык кемчиликтер мамлекеттик баш-
каруудагы структуралык кайра түзүүлөр үчүн Программалык кредитти (GSAC)
ишке ашыруунун чектеринде мамлекеттик сатып алуулар жагындагы реформа
боюнча шарттарды аткарууга карата Дүйнөлүк банктын кезектеги миссиясы
берген канааттандырарлыксыз баага түздөн-түз тиешеси бар. Натыйжада
2007-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө пландаштырылган 10 млн. АКШ
доллары өлчөмүндөгү кредиттик каражат республика тарабынан өз учурунда
алынбайт, бул бюджеттин чыгаша бөлүгүнө оорчулук келтирет.
Мамагенттиктин иш-аракетинин маанилүү багыттарынын бири мамлекет-
тик материалдык резервдердин нормалдуу иштешин камсыздоо жана техноген-
дик же экономикалык факторлор менен шартталган өзгөчө кырдаалдарды жоюу
максатында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин
оперативдүү ишке ашыруу болуп саналат.
Бирок, баалардын өсүшүн токтотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтү тарабынан кабыл алынган чараларды камсыздоого Мамагенттиктин жана
Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жетекчилигинин кайдыгер жана
жоопкерчиликсиз мамилесинен улам тийиштүү рынокко алардын таасиринин
натыйжалуулугу кыйла төмөндөп кеткен.
Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-ав-
густундагы № 265-б буйругун ишке ашырууда Мамагенттиктин ыкчам аракет
кылбагандыгынан нан азыктар рыногуна таасир этүү боюнча көрүлгөн чара-
лар жетиштүү натыйжа бере албай калды.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып
алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин мам-
лекеттик башкаруудагы структуралык кайра түзүүлөр үчүн Программалык
кредиттин (GSAC) шарттарын аткарууну камсыздоо, ошондой эле базарларда-
гы унга жана нан азыктарына бааны, экономикалык кырдаалды турукташты-
рууну камсыздоого багытталган иштери канааттандырарлык эмес деп эсеп-
телсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резер-
вдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ж.Т.Нуржановду ээлеген
кызматынан четтетүү жана белгиленген тартипте аны ээлеген кызматынан
бошотуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна
жиберүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резер-
вдер боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервинен мурда берилген ма-
териалдык баалуулуктарды кайтарууну камсыздоо боюнча план-графикти иш-
теп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервин белгиленген норма-
тивдерге ылайык товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыздоону ка-
лыбына келтирүү боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резер-
вдер боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте мамлекеттик сатып алуу-
лар системасындагы коррупцияны азайтуу максатында бир айлык мөөнөттө
төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнө киргизсин:
- мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
ган менен макулдашуу зарылдыгын белгилөөчү нормаларды макулдашууну та-
лап кылбаган мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн так жана ачык-ай-
кын жол-жоболорун камтуучу нормалар менен алмаштырууну кароочу "Мамле-
кеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөр-
түүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын макулдашылган долбоорун;
- мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
гандын көзөмөлдөө функцияларын күчөтүүгө багытталган "Кыргыз Республи-
касынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
макулдашылган долбоорун.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-майындагы № 124-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-августундагы №265-б…Распоряжение · 10.08.2007 · № 265
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз…Постановление · 13.02.2008 · № 46 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон