Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 21-сентябры № 429
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым
чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
2007-жылдын 12-июнундагы № 84 "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жө-
нүндө кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. "Согуштук мезгилдин штатында каралган аскердик кызматтарга ас-
кер кызматын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө катталган аскерге милдеттүү-
лөрдү мобилизациялоо боюнча аскер кызматына чакыруу же аларды Кыргыз
Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн граждандык персоналынын, атайын тү-
зүлүштөрдүн кызматтарында иштөөгө жиберүү жөнүндө Жобону бекитүү туура-
луу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-июнундагы № 377
токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Согуштук мезгилдин штатында карал-
ган аскердик кызматтарга аскер кызматын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө
(атайын түзүлүштөргө арналган) катталган аскерге милдеттүүлөрдү мобили-
зациялоо боюнча аскер кызматына чакыруу же аларды Кыргыз Республикасы-
нын Куралдуу Күчтөрүнүн граждандык персоналынын, атайын түзүлүштөрдүн
кызматтарында иштөөгө жиберүү жөнүндө Жобо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Шайлоолорду өткөрүү мезгилинде катталган талапкер аскердик
кызматка же аскердик жыйынга чакырылышы мүмкүн эмес".
2. "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн запасында турган
аскерге милдеттүүлөрдүн машыгууларын жана атайын жыйындарын өткөрүүнүн
тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-
нүн 2000-жылдын 24-июлундагы № 444 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо кирги-
зилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу
Күчтөрүнүн запасында турган аскерге милдеттүүлөрдүн машыгууларын жана
атайын жыйындарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1. Шайлоолорду өткөрүү мезгилинде катталган талапкер машыгуу же
атайын жыйынга чакырылышы мүмкүн эмес.".
3. Бул токтом 2007-жылдын 12-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- "Согуштук мезгилдин штатында каралган аскердик кызматтарга аскер кызматын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө катталган аскерге милдеттүүлөрдү мобилизациялоо боюнча аскер кызматына…Положение · 27.06.2000 · № 377
- Положение о порядке проведения учебных и специальных сборов военнообязанных, состоящих в запасе Вооруженных Сил Кыргызской Республики ( Утверждено постановлением Правительства…Положение · 24.07.2000 · № 444
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 24 июля 2000 года N 444 "Об утверждении Положения о порядке проведения учебных и специальных сборов военно-обязанных, состоящих в запасе…Постановление · 24.07.2000 · № 444
- "Согуштук мезгилдин штатында каралган аскердик кызматтарга аскер кызматын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө катталган аскерге милдеттүүлөрдү мобилизациялоо боюнча аскер кызматына…Положение · 27.06.2000 · № 377
- Постановление Правительства КР от 27 июня 2000 года N 377 "Об утверждении Положения о призыве на военную службу по мобилизации военнообязанных, приписанных к воинским частям для…Постановление · 27.06.2000 · № 377
- Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кодекске толуктоолор жана өзгөртүү киргизіі тууралуЗакон · 12.06.2007 · № 84 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон