Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Чегерилген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-05-15.
2009-жылдын 1-мартынан тартып ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык КҮЧҮНДӨ ЭМЕС Бишкек шаары
2008-жылдын 15-майы № 84
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Чегерилген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык
санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча
карызды реструктуризациялоо жөнүндө
Салык төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу
жана колдоо көрсөтүү, салыктар жана бажы төлөмдөрү боюнча чегерилген
пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык санкциялар боюнча карыздарды,
ошондой эле кайтарылгыс карыздарды кечип жиберүү аркылуу бюджеттин ал-
дындагы карыздарды алда канча толук төлөөгө түрткү берүү ушул Мыйзамдын
максаты болуп саналат.
1-берене. Жалпы жоболор
1. Юридикалык жана жеке жактардын карыздары реструктуризациялоого
жатат.
2. Ушул Мыйзамда төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
карызды реструктуризациялоо - төлөө мөөнөттөрүн узартуу же карызды
жарым-жартылай кечип жиберүү;
пайыздар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 63-статьясына
жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 248, 260-статьяларына ылай-
ык бажы төлөмдөрүн, салыктарды жана жыйымдарды белгиленген мөөнөттөрдө,
өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн чегерилген суммалар;
туум - Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 260-статьясына ылай-
ык аныкталган акчалай сумма, аны салык төлөөчү бажы төлөмдөрүн төлөбө-
гөндүгү үчүн төлөөгө милдеттүү;
финансылык жана айыптык санкциялар - Кыргыз Республикасынын салык
жана бажы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн чегерилген суммалар;
карыз - бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктар, бажылык алымдар
жана алар боюнча чегерилген пайыздар, туумдар, финансылык жана айыптык
санкциялар;
реструктуризациялануучу карыз - 2008-жылдын 1-январына карата
алынган абал боюнча орун алган жана ушул. Мыйзамдын 2-беренесинде ка-
ралган тартипте төлөнбөгөн пайыздар, туумдар, финансылык жана айыптык
санкциялар боюнча карызды толук же жарым-жартылай кечип жиберүү;
кайтарылгыс карыз - юридикалык жана жеке жактардын экономикалык,
социалдык жана юридикалык мүнөздөгү себептерден улам өндүрүүгө мүмкүн
болбой калган жана ал боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү аяктаган бажы
жана салык алымдары боюнча карыз же болбосо банкроттук (кудуретсиздик)
жол-жобону өткөрүү учурунда токтотулган төлөө боюнча милдеттенме.
2-берене. Карызды реструктуризациялоонун тартиби
1. Салыктардын негизги суммалары жана утурумдук төлөмдөр боюнча
карызын төлөгөн салык төлөөчүгө төмөнкүдөй тартипте пайыздар, финансы
жана айып санкциялары эсептен чыгарылат:
1) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинки
айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкциялары
100 пайызга;
2) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин-
ки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкцияла-
ры - 80 пайызга;
3) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып тогуз ай өткөндөн ки-
йинки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкци-
ялары - 50 пайызга.
2. 2008-жылдын 1-январына карата салыктардын негизги суммалары жа-
на утурумдук төлөмдөр боюнча карызы жок салык төлөөчүнүн пайыздары, фи-
нансы жана айып санкциялары ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда
аныкталган тартипте эсептен чыгарылат.
3. Салык төлөөчү ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган
кайра реструктуризациялоодон кийин Кыргыз Республикасынын Салык кодек-
синин 46-статьясынын талаптарына ылайык төлөө мөөнөтүн узартууга укук-
туу.
4. Салык төлөөчү ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган бир
жолку гана кечүү жана ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык төлөө мөөнөтүн
бир жолку гана узартуу укугунан пайдаланат.
5. Салыктардын жана жыйымдардын негизги суммалары боюнча реструк-
туризациялануучу карызды төлөө мөөнөтү болуп казыналыктын региондук бө-
лүмүнүн эсебине кириштелген күн эсептелинет.
6. Реструктуризациялануучу карызды төлөө максатында ашыкча төлөө-
нүн суммасына КНСтин нөлдүк чени менен жөнөтүүлөрдүн эсебинен пайда
болгон ашыкча төлөө киргизилбейт.
7. Салык төлөөчүнүн карыз боюнча ашыкча төлөгөндөрү төмөндөгүдөй
пайдаланылат: айрым салыктар боюнча карыз төлөнөт, анан ошол карыз бо-
юнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана салыктардын чендерин
жөнгө салуучу жана аларды администрлөөнүн дагы башка мыйзам актыларынын
талаптарына ылайык кошуп эсептелген пайыздар жана айып санкциялары бо-
юнча карыз төлөнөт.
3-берене. Кайтарылгыс карызды кечип жиберүү
Кайтарылгыс карыз юридикалык жана жеке жактардын экономикалык, со-
циалдык жана юридикалык мүнөздөгү себептерден улам өндүрүүгө мүмкүн
болбой калган жана ал боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү аяктаган бажы
жана салык төлөмдөрү боюнча карыз же болбосо банкроттук (кудуретсиздик)
жол-жобону өткөрүү учурунда токтотулган төлөө боюнча милдеттенме толук
көлөмүндө кечип жиберилет.
4-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана ал
күчүнө кирген күндөн тартып тогуз ай өткөндөн кийинки айдын биринчи кү-
нүнө чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
2008-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 536 "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 18.09.2014 · № 536
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 284-IV ""Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо…Постановление · 03.04.2008 · № 284-IV
- КР Жогорку кеңешинин 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 279-IV "2008-жылдын 3-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.04.2008 · № 279-IV
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-августундагы N 331 "Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды…Постановление · 13.08.2007 · № 331 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы №646 «Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды…Постановление · 08.09.2006 · № 646 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун кайра сурап алуу жана Кыргыз…Постановление · 21.02.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛЫКТАР ЖАНА ЖЫЙЫМДАР БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИНИН "Чегерилген пайыздар, финансылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды…Приказ · 25.06.2008 · № 59 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон