Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтердеги, мамлекеттик комитеттердеги жана мамлекеттик администрациялык ведомстволордогу кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 декабря 2011 года №767 "О мерах по экономии средств государственного бюджета за счет сокращения служебного и дежурного автотранспорта государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-12-30.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 20-апрели № 137
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
министрликтерди, мамлекеттик комитеттердеги,
Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволорундагы
жана аткаруу бийлигинин башка органдарындагы кызматтык
жењил автомашиналарды пайдаланууну тартипке
келтирүү боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-августундагы № 371,
2008-жылдын 28-апрелиндеги № 189,
2008-жылдын 10-июлундагы № 371,
2008-жылдын 14-августундагы № 443,
2009-жылдын 5-мартындагы № 149,
2009-жылдын 22-декабрындагы N 797, 2009-жылдын 25-декабрындагы №813 2010-жылдын 15-январындагы №12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кызматтык жењил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү,
бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана үнөмдүү колдонуу максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кызматтык автотранспорттун кызматын пайдаланууга укугу бар кыз-
мат адамдарынын тизмеси № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- N 2 тиркемеге ылайык (атайын автомашиналарды кошпогондо) гранттык, атайын
каражаттардын жана башка булактардын эсебинен сатып алынган автомашиналарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, , Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволорун жана аткаруу бийлигинин башка органдарын тейлөө үчүн дежур автомашиналардын санынын лимити;
- командировкалык иш сапарлардын айына 2000 километрден ашпашын эске алуу менен
кызмат автотранспортунун жүрүү лимити;
- пайдаланылуучу кызматтык жеңил автомашиналардын кыймылдаткычынын көлөмү 3000 куб.см.
дан ашпоого тийиш экендиги;
- бюджеттик мекемелердин кызматтык автотранспортту пайдалануусунун минималдуу
мөөнөтү - сатып алынган күндөн тартып 10 жыл;
- ушул токтомго N 1 тиркемеде көрсөтүлгөн кызмат адамдарын тейлөө үчүн наркы
1000000 сомдон ашпаган, ал эми N 2 көрсөтүлгөн мамлекеттик мекемелер үчүн наркы 1000000 сомдон ашпаган баада кызматтык жеңил автотранспорт каражаттары сатып алына тургандыгы;
- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №12 токтомунун редакция-
сына ылайык күчүн жоготту)
- автотранспорт каражаттарын баланстан баланска өткөрүп берүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен гана ишке ашырыла тургандыгы. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N 371,2009-жылдын 25-декабрындагы N 813 2010-жылдын 15-январындагы №12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-1. Бул токтомдун 1 жана 2-пункттарынын колдонулушу Кыргыз Рес-
публикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана укук коргоо органдарынын мекеме-
лери менен органдарына жайылтылбайт.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мекемелери жана укук
коргоо органдары тарабынан автомобиль транспортунун санынын лимити,
пайдалануу, сатуу жана баланстан баланска өткөрүп берүү тартиби Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N
371 токтомунун редакциясына ылайык)
2-2. Бул токтомдун 2-пунктунун төртүнчү жана алтынчы абзацтары
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик коми-
тети кыргыз тараптан кошо каржылоо катары бөлүнчү каражаттарга "Салык-
тык башкарууну реформалоо жана модернизациялоо" инвестициялык грант
долбоорунун алкагында сатып алчу автомашиналарга карата колдонулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 149 токтомунун редакция-
сына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтер, мамле-
кеттик комитеттер, администрациялык ведомстволору жана аткаруу бийлиги-
нин башка органдары бир айлык мөөнөттө:
- сатып алуу булактарына карабастан борбордук аппараттын жана ве-
домстволук структуралардын балансында турган автотранспорт каражаттарын
инвентаризация жүргүзүшсүн;
- кыскартылууга тийиш болгон автотранспорт каражаттарынын тизмесин
аныкташсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат
беришсин. Мында кыскартылуучу автотранспорт каражаттарынын иштөө абалын
камсыздоо үчүн контролдук министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,
Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу
бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине жүктөлөт;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республи-
касынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирдикте Кыр-
гыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин, Куралдуу Күчтөрүнүн ор-
гандары жана мекемелери жана укук коргоо органдарынын тармактык өзгөчө-
лүктөрүн эске алуу менен атайын автомашиналардын санынын нормативдери
менен лимиттерин иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
кароосуна киргизишсин;
- кызматтык автотранспорт сатып алуу Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнүн буйругу боюнча жүргүзүшсүн;
- автотранспорт каражаттарынын жүргөн чакырымга ылайык күйүүчү
майды сарпташына контролдукту белгилешсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N
371, 2008-жылдын 14-августундагы N 443 токтомдорунун редакцияларына
ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш баш-
кармалыгы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Иш башкармалыгы,
сот органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзү-
мүнө кирбеген башка органдар менен кызматтык жењил автомашиналардын са-
нынын лимитин белгилөө маселесин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- бир айлык мөөнөттө гранттардын, кредиттердин эсебинен сатып
алынган автотранспортко ревизия жүргүзсүн жана ишке ашырылып жаткан жа-
на аяктаган долбоорлор боюнча болгон автотранспорттун тизмесин Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- мамлекеттик мекемелердин кызматтык жењил автотранспортторун са-
тып алууга жана күтүүгө каражаттарды бөлүү ушул токтом менен белгилен-
ген нормаларга ылайык жүргүзүлсүн;
- төмөнкүлөргө белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча
сунуш киргизилсин:
"Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну
тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 618 токтомуна;
- ""Кызматтык иш сапарларга менчик жењил автомобилдерин пайдалануу
үчүн компенсациялардын нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы N 672 токтомуна.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N
371 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын нормативдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыгуучу тиеше-
лүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды бир жумалык мөөнөттө
иликтеп чыксын жана даярдасын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Фи-
нансы министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 20-апрелиндеги
N 137 токтомуна
N 1 тиркеме
Кызматтык жењил автотранспорттун кызматын
пайдаланууга укугу бар кызмат адамдарынын
ТИЗМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-августундагы N 371 токтомунун
редакциясына ылайык)
Министр
Мамлекеттик комитеттин төрагасы
Администрациялык ведомствонун, аткаруу бийлигинин башка органынын
жетекчиси
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 20-апрелиндеги
N 137 токтомуна
N 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди жана
мамлекеттик администрациялык ведомстволорду тейлөө
үчүн дежур автомашиналардын санынын
ЛИМИТИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 28-апрелиндеги N 189 токтомунун,
2008-жылдын 10-июлундагы N 371 токтомунун
редакцияларына ылайык)
| Негизги персонал кызматкерлеринин | Дежур автотранспорттун |
| санына (адам) | саны |
| Республикалык дењгээлдеги мекемелер | |
| 20га чейин | 1 |
| 20дан 80ге чейин | 2 |
| 81ден 150ге чейин | 3 |
| 151ден 200ге чейин | 4 |
| 201ден 25Оге чейин | 5 |
| 250дөн ашык | 9 |
| Облустук дењгээлдеги жана Бишкек, Ош | |
| шаарларынын мекемелери | |
| 10дон 30га чейин | 1 |
| 31ден ашык | 2 |
| Райондук жана шаардык дењгээлдеги мекемелер | |
| 5тен 30га чейин | 1 |
| 31ден ашык | 2 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода
министрлигине ушул Тиркемеде көрсөтүлгөн лимиттен тышкары ишкердик
субъектилерин негизсиз текшерүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча тиешелүү
иш-чараларды жүргүзүү мезгилинде эки дежур (жењил) автомашинага ээ бо-
лууга жол берилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 12 · цитата келтиргендер: 32 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (32)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-декабрындагы №582 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана…Постановление · 12.12.2007 · № 582
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 162-б (Жеңил автомашина сатып алуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 22.04.2008 · № 162-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 174-б (Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз мал…Распоряжение · 29.04.2008 · № 174-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 284-б (Автомашина сатып алуу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 13.06.2008 · № 284-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июлундагы № 384-б (Автомашина сатып алуу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 23.07.2008 · № 384-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-сентябрындагы № 496-б (Автомашина сатып алуу боюнча) буйргу.Распоряжение · 29.09.2008 · № 496-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-октябрындагы № 532-б (Автомашина сатып алуу боюча) буйругуРаспоряжение · 13.10.2008 · № 532-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-январындагы № 4-б "Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Жетиөгүз районунун мамлекеттик администрациясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо…Распоряжение · 11.01.2008 · № 4-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 20-б "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын каражатынын эсебинен "Нива" маркасындагы бир жеңил автомашина сатып алуу…Распоряжение · 22.01.2008 · № 20-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 28-б "Маданият мекемелерине жана уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 29.01.2008 · № 28-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58-б (Автомашинаны сатуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 21.02.2008 · № 58-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 255 (Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин…Распоряжение · 02.06.2008 · № 255-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-декабры № 691-б (Автомашина өткөрүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 27.12.2008 · № 691-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-августундагы № 409-б (Жеңил автомашина сатып алуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 13.08.2008 · № 409-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 413-б (Кызматтык автомашинаны сатуу жана автомашина сатып алуу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 16.08.2008 · № 413-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 501-б (Автомашина берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 02.10.2008 · № 501-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июлундагы № 350-б (Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине Техникалык кызматташуунун Германиялык коомунан (GТZ) акысыз…Распоряжение · 10.07.2008 · № 350-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралы № 43-б (Автомашиналарды өткөрүп берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 07.02.2009 · № 43-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 616-б (Автомашинаны Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 19.10.2009 · № 616-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майы № 195-б (Автомашинаны өткөрүп берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 06.05.2009 · № 195-р
32 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (12)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №672 "Менчик жеңил автомобилдерди кызматтык сапарларга пайдалангандык үчүн компенсациянын нормалары жөнүндө" токтомуПостановление · 18.09.2006 · № 672
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар…Постановление · 17.08.2004 · № 618 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө"…Постановление · 15.01.2010 · № 12 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы №149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик…Постановление · 05.03.2009 · № 149 · Күчүн жоготкон
12 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.