Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кызматтык автомашинаны сатуу жана автомашина сатып алуу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 16-августу № 413-б Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатордун кайрылуусун эске алып, Жалал-Абад облусунун Аксы райондук социалдык коргоо башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Жалал-Абад облусунун Аксы райондук социалдык коргоо башкармалыгына белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- 1991-жылы чыккан, кузов № 2679021, кыймылдаткыч № 5827297 "ВАЗ-21063" маркасындагы кызматтык автомашинаны сатууга;
- аталган автомашинаны сатуудан түшкөн каражаттардын жана Жалал-Абад облусунун Аксы райондук социалдык коргоо башкармалыгынын чыгымдарынын сметасында каралган каражаттардын эсебинен кызматтык максатта пайдалануу үчүн бир автомашина сатып алууга.
2. Автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтердеги, мамлекеттик комитеттердеги жана мамлекеттик…Постановление · 20.04.2007 · № 137 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон