КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 „Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-12-30.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 15-январы № 12
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы №140 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык, )
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, мамлекеттик мүлктү пайдаланууну контролдоону жана эсепке алууну күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө жобонун 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ыкчам башкарууга жана чарбалык карамагына берүү боюнча чечим кабыл алуу;
- Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик имараттарга жана жайларга Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын сунушу боюнча мамлекеттик органдарды, мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- республиканын башка региондорунда жайгашкан мамлекеттик имараттарга жана жайларга министрликтердин, ведомстволордун жана облустук мамлекеттик администрациялардын сунушу боюнча мамлекеттик органдарды, мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- кыймылдуу жана кыймылсыз мамлекеттик мүлктү алмаштырууну жүргүзүү боюнча чечимдерди кабыл алуу. Эгерде мамлекеттик эмес менчиктеги мүлктүн наркы мамлекеттик мүлктүн наркынан кымбат болсо, анда алмашуу боюнча чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө жобонун 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ыкчам башкарууга жана чарбалык карамагына берүү боюнча чечим кабыл алуу;
- Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик имараттарга жана жайларга Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын сунушу боюнча мамлекеттик органдарды, мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- республиканын башка региондорунда жайгашкан мамлекеттик имараттарга жана жайларга министрликтердин, ведомстволордун жана облустук мамлекеттик администрациялардын сунушу боюнча мамлекеттик органдарды, мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- кыймылдуу жана кыймылсыз мамлекеттик мүлктү алмаштырууну жүргүзүү боюнча чечимдерди кабыл алуу. Эгерде мамлекеттик эмес менчиктеги мүлктүн наркы мамлекеттик мүлктүн наркынан кымбат болсо, анда алмашуу боюнча чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат;
- транспорт каражаттарын сатып алууга макулдук берүү.".
3. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №668 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаменти жөнүндө" жобоПоложение · 29.10.2010 · № 668
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-октябрындагы №668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" жобоПоложение · 29.10.2009 · № 668
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №668 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаменти жөнүндө" жобоПоложение · 29.10.2009 · № 668
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтердеги, мамлекеттик комитеттердеги жана мамлекеттик…Постановление · 20.04.2007 · № 137 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 29.10.2009 · № 668 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.