Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында түзүлгөн оор кырдаалды жоюу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-14.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2006-жылдын 19-декабры № 876 Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында түзүлгөн оор кырдаалды жоюу боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 528, 2010-жылдын 18-ноябры № 282, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2013-жылдын 23-январындагы № 26, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826, 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында түзүлгөн оор кырдаалды жоюу, спирт жана алкоголь продукциясын бажы аймагына контрабандалык алып келүүгө, контрафактык алкоголдук продукцияны өндүрүүгө бөгөт коюу, салык жана башка төлөмдөр боюнча бекитилген болжолдук көрсөткүчтөрдү аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Спирттин жана алкоголдук продукциянын транзити Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 36-главасына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылган шартта гана ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 282 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинген, акциз маркасы менен маркировкаланууга тийиш болгон алкоголдук продукцияны бажылык тариздөө үчүн Бишкек жана Ош шаарларында адистештирилген убактылуу сактоочу кампаларды уюштурууга белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө тендер өткөрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык уюштурулган убактылуу сактоочу кампаларды кошпогондо бардык өткөрүү пункттары жана терминалдар аркылуу Кыргыз Республикасынын бажы аймагына акциз маркасы менен маркировкаланууга тийиш болгон алкоголдук продукцияны алып келүүгө тыюу салынсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети булактарды аныктагандан жана зарыл акча каражаттарын бөлгөндөн кийин үч айлык мөөнөттө бирдиктүү компьютердик тармакты түзсүн жана өндүрүшкө лицензиясы бар чарбакер субъекттер өндүргөн спирт менен алкоголдук продукцияны чыгарууну жана сатууну эсепке алуу программасын ишке киргизсин.
6. Этил спиртин чыгарган мамлекеттик ишканалар, ошондой эле ликер-арак ичимдиктерин чыгарууга лицензиясы бар чарбакер субъекттер ушул продукцияларды өндүрүү көлөмдөрүн эсепке алуунун контролдук приборлору менен технологиялык линияларды 2006-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө жабдууга милдеттендирилсин.
7. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Спирт жана алкоголдук продукцияны чыгаруу көлөмдөрүн эсепке алуунун контролдук приборлору жана технологиялык процесстерде колдонулуучу өлчөө каражаттары мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү жана контролду жайылтуу чөйрөсүнө кире тургандыгы жана белгиленген тартипте мамлекеттик текшерүүгө тийиш экендиги белгиленсин.
9. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. Төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
- арак жана ликер-арак ичимдиктерин чыгарууга лицензиялары жок чарбакер субъекттер 2007-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө арак жана ликер-арак ичимдиктерин чыгаруу үчүн зарыл болгон куюу линияларын, жапкыч бөлүмдөрүн, спирт сактоочу жайларды жана башка технологиялык жабдууларды демонтаждоону ишке ашырууга же бул ишканаларды Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Спиртти жана алкоголь продукцияларын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин контролдугу менен кайра профилдештирүү жүргүзүүгө;
- суу жана энергия менен камсыздоонун тийиштүү кызматтары арак жана ликер-арак ичимдиктерин чыгарууга лицензиялары жок чарбакер субъекттерди суу жана энергия менен камсыздоо системаларынан өчүрүүгө.
12. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомуна ылайык алынып салынды)
13. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Салык кодексине аракка акциз салыгын төлөө тартибин, спирт сатып алууда аны төлөө тартибин өзгөртүүнү караган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, "Акциз салыгынын базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өндүрүлүүчү алкоголдук продукцияга ставкаларды азайтууну жана алып келингендерге көбөйтүүнү кароочу өзгөртүү киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине спирт менен алкоголдук продукциянын контрабандасы, контрафакттык алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жасалма акциз маркаларын, товардык белгилерди, бренддерди, этикеткаларды ж.б.у.с. пайдалануу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жагынан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
14. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жогоруда аталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда жана аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кезексиз кароодо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине көмөк көрсөтсүн.
15. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомуна ылайык алынып салынды)
16. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-январындагы № 26 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) спирттин жана алкоголдук продукциянын контрабандасына, контрафакттык продукцияларды чыгарууга, жасалма акциздик маркаларга жана кайталап пайдаланууга, башка мыйзамдарды бузууларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин координатору болуп санала тургандыгы белгиленсин жана аны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен бирдикте жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 528, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) ички рынокко мыйзамсыз жана контрафакттык алкоголдук продукцияларды жөнөтүүлөргө карата козголгон кылмыш иштерин териштирүү боюнча тергөө органдарынын иштерине жана сотторго материалдарды өткөрүп берүүгө катуу контролдукту белгилесин.
19. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Контрабандага каршы күрөштү күчөтүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 25-январындагы № 33 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын бажы аймагы боюнча спиртти жана алкоголдук продукцияны транзиттик ташуулардын тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 4-январындагы № 3 токтому;
- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
21. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 14 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (13)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-июлундагы № 220-б буйругуРаспоряжение · 18.07.2007 · № 220-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 14
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2016 · № 654
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 23-январындагы № 26 "Аракка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.01.2013 · № 26 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-июну № 205 "Кыргыз Республикасынын алкоголдук јнјр жайын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар жјніндј" токтомуПостановление · 06.06.2005 · № 205 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 25 января 1996 года №33 "О первоочередных мерах по усилению борьбы с контрабандой"Постановление · 25.01.1996 · № 33 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 января 1997 года №3 "О порядке транзитных перевозок спирта и алкогольной продукции по таможенной территории Кыргызской Республики"Постановление · 04.01.1997 · № 3 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуПостановление · 18.03.2020 · № 168
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомуПостановление · 20.12.2017 · № 826
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуПостановление · 12.12.2016 · № 654
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №282 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 76 «Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында түзүлгөн…Постановление · 18.11.2010 · № 282 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (14)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2020 · № 168
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2016 · № 654
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 23-январындагы № 26 "Аракка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.01.2013 · № 26 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 25 января 1996 года №33 "О первоочередных мерах по усилению борьбы с контрабандой"Постановление · 25.01.1996 · № 33 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 января 1997 года №3 "О порядке транзитных перевозок спирта и алкогольной продукции по таможенной территории Кыргызской Республики"Постановление · 04.01.1997 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
14 ичинен 10 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке жактар тарабынан алынып келүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын 2005-жылга базалык ставкалары жөнөтүлсүнЗакон · 23.03.2005 · № 56 · Күчүн жоготкон