Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Аракка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-03-18.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 23-январы № 26 Аракка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 305, 2017-жылдын 27-январындагы № 50, 2018-жылдын 18-январындагы № 32, 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711, 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, алкоголдук продукция базарынын бардык субъекттерине бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу, базарды мыйзамдаштыруунун эсебинен мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн келип түшүүсүн көбөйтүү, сапатсыз алкоголдук продукцияны керектөөнү азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 32 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн аракка минималдуу баалар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
Мезгил
Ушул токтом күчүнө кирген учур - 2019-жылдын 31-декабры
2020-жылдын 1-январы - 31-декабры
2021-жылдын 1-январы - 31-декабры
2022-жылдын 1-январы - 31-декабры
2023-жылдын 1-январы - 31-декабры
Дүң, даяр продукциянын 0,5 литри үчүн
92
103
114
125
136
Чекене, даяр продукциянын 0,5 литри үчүн
101
112
123
134
145
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аракка болгон эң төмөнкү баалар аракты сатуу үчүн, анын ичинде жарнамалык акцияларды, маркетинг жана башка иш-чараларды жүргүзүүдө, сыйлыктарды төлөп берүүдө (анын ичинде сатып алуучу товар жүгүртүүнүн кандайдыр бир деңгээлине жеткенде) акыркы эң төмөнкү баалар болуп эсептелет.
3. Башка сыйымдуулуктагы керектөөчү идишке куюлган аракты дүң жана чекене сатууда тиешелүү түрдө эң төмөнкү дүң жана чекене баалар даяр продукциянын 0,5 литри үчүн белгиленген эң төмөнкү баага пропорциялуу эсептелет.
4. Аракка белгиленген эң төмөнкү дүң жана чекене баалардын сакталышын контролдоо этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-январындагы № 50, 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Алкоголдук продукцияны өндүргөн ишканаларга фирмалык соода түйүндөрүн ачуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталсын.
6. Этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган арак базарындагы абалга мониторинг жүргүзсүн жана зарыл болгон учурда фискалдык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен бирге аракка болгон эң төмөнкү баанын деңгээлин кайра кароо боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 305, 2017-жылдын 27-январындагы № 50, 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомдорунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 876 "Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында түзүлгөн оор кырдаалды жоюу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 16-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (10)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 876 "Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында түзүлгөн оор кырдаалды жоюу боюнча чаралар жөнүндө"…Постановление · 19.12.2006 · № 876 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711 токтомуПостановление · 26.12.2019 · № 711
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуПостановление · 18.03.2020 · № 168
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 32 токтомуПостановление · 18.01.2018 · № 32
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-январындагы № 50 токтомуПостановление · 27.01.2017 · № 50
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-январындагы № 26 “Аракка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө”…Постановление · 04.06.2014 · № 305 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2019 · № 711 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-январындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.01.2017 · № 50 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 876 "Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында түзүлгөн оор кырдаалды жоюу боюнча чаралар жөнүндө"…Постановление · 19.12.2006 · № 876 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-январындагы № 26 “Аракка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө”…Постановление · 04.06.2014 · № 305 · Күчүн жоготкон
8 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 13.10.2009 · № 269 · Күчүн жоготкон