Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 16 апреля 2019 года № 175 "О некоторых вопросах в сфере трудовой миграции в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-04-16.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 8-сентябрындагы
№ 639 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк
жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын
эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу
тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк жарандардын
жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүргүзүү тартибин жана
шарттарын аныктайт.
Четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмер-
дигин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Рес-
публикасынын эларалык келишимдери жана ушул Жобо менен жөнгө салынат.
Бул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга квота - Кыргыз Республикасы-
нын аймагына эмгек ишмердигин жүргүзүү максатында келишкен четөлкөлүк
жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектелген саны. Четөлкөлүк
жумушчу күчүн тартууга квота Кыргыз Республикасындагы ички эмгек рыно-
гунун абалына жараша аныкталат жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
белгилейт:
- четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат - Кыргыз Республикасы-
нын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети (мындан ары -
Мамкомитет) тарабынан бериле турган четөлкөлүк жумушчу күчүн пайдалану-
уга жана тартууга юридикалык жана жеке жактарга укук берүүчү белгилен-
ген үлгүдөгү документ;
- жумушка уруксат - Мамкомитет тарабынан берилген жана Кыргыз Рес-
публикасында четөлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын иштөөгө же
ишкердик менен алектенүүгө укугун бекемдеген атайын үлүдөгү документ;
- жумуш берүүчү - менчик формасынын кандай түрдө экендигине кара-
бастан белгиленген тартипте алар менен түзүлгөн келишимдин негизинде
четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана четөлкөлүк кызматкерлердин эмге-
гин пайдаланууга уруксат алган кыргызстандык же четөлкөлүк юридикалык
же жеке жак;
- четөлкөлүк жумушчу күч жана/же четөлкөлүк кызматкерлер - Кыргыз
Республикасынын аймагына эмгек ишмердигин жүргүзүү максатында мыйзамдуу
түрдө келишкен четөлкөлүк жарандар, же жарандыгы жок адамдар;
- четөлкөлүк кызматкердин эмгек ишмердүүлүгү - четөлкөлүк жарандын
же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында киреше алуу
максатында жүргүзгөн иш-аракети;
- ишкананын четөлкөлүк жетекчиси - Кыргыз Республикасынын аймагын-
да каражаттарды инвестициялоо аркылуу жана юридикалык жакты түзүү менен
ишкана уюштурган жана жањы жумуш орундарын түзгөн четөлкөлүк жаран;
- четөлкөлүк адис - жумуш берүүчү чакырган, керектүү квалификация-
ны талап кылган эмгек ишмердигин жүргүзгөн тиешелүү билими бар
четөлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
- квалификациялуу четөлкөлүк кызматкерлер - жумуш берүүчү чакырган
жана эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн керектүү квалификациясы бар
четөлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
- четөлкөлүк жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын салык органынын
патентинин негизинде, юридикалык жакты түзбөй туруп жеке эмгек ишмерди-
гин жүргүзгөн четөлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.
II. Кыргыз Республикасынын аймагында
четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы
жок адамдардын эмгек ишмердигин
жүргүзүү тартиби
1. Кыргыз Республикасында эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатын-
да келишкен четөлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Мамкомитетте
катталат.
2. Мамкомитет четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана жумушка урук-
сат берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
Четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана жумушка уруксатты берүү Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү бекиткен четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга кво-
танын чектеринде жүзөгө ашырылат.
3. Четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга уруксат аркылуу, Кыргыз Рес-
публикасынын аймагында иштөө үчүн жумуш берүүчү жалдаган жалпысынан жа-
на кесиптик топтору боюнча белгилүү бир сандагы четөлкөлүк кызматкер-
лерди тартууга жана пайдаланууга квота белгиленет.
4. Четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга болгон уруксатта каралган
четөлкөлүк жумушчу күчүнө квота ал уруксат берилгенден кийин 3 айдын
ичинде пайдаланылбай калган кезде алынып салынат.
5. Четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга белгиленген тартипте алган
Кыргыз Республикасынын ишканаларында иштешкен четөлкөлүк жарандарга жа-
на жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле патенттинин негизинде жеке иш-
кердик жүргүзгөн четөлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга
Мамкомитет тарабынан белгиленген үлгүдөгү ишке уруксат берилет.
6. Мамкомитет квоталарды четөлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок
адамдарды жумушка тартуучу жумуш берүүчүлөр арасында бөлүп жаткан учур-
да, алардын республиканын экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымдарын,
жергиликтүү калктын жумуш менен камсыз болушуна тийгизген таасирин жана
бош кызмат орундарын ээлегенге Кыргыз Республикасынын жарандары артык-
чылыкка ээ болушу керектигин эске алат. Мамлекеттин кызыкчылыгынан ал-
ганда ички эмгек рыногун коргоодо жана жумуш берүүчүнүн ишмердүүлүгүнүн
негизги түрүнө жараша четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксатта ка-
ралган квота Мамкомитет тарбынана кайра каралышы мүмкүн.
7. Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактарга
четөлкөлүк жумушчу күчүн жумушка тартууга уруксаты жок болсо четөлкөлүк
жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жумушка тартууга жана орношту-
рууга, ал эми четөлкөлүк жарандарга - иштегенге уруксаты жок болсо жеке
ишкердик жүргүзүүгө тыюу салынат.
8. Четөлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз түрдө тартып, пайдаланган иш
берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тар-
тышат.
9. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксатты алуу үчүн жумуш
берүүчү Мамкомитетке четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга уруксат берүүчү
арыз берилет. Арызга тиркелген документтердин тизмесин жана уруксаттын
формасын Мамкомитет белгилейт.
Айрым учурларда Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик органдардан
бул адистерди жумушка тартуунун максатка ылайыктуулугун тастыктаган
тактамалар талап кылынышы мүмкүн.
Арыз берүүчү четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга уруксат берүүчү
арызында көрсөтүлгөн маалыматтардын тактыгы үчүн жооп берет.
10. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат берүүчү арыз Мамко-
митет тарабынан түзүлгөн четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайда-
ланууга жана Кыргыз Республикасынын жана анын чегинен сырттагы жаранда-
рын жумушка орноштурууга уруксат берүүчү документтери боюнча комиссия
(мындан ары - Комиссия) тарабынан кабыл алынат.
11. Уруксат берүү же андан баш тартуу жөнүндөгү чечим жумуш
берүүчү арыз берген күндөн тартып 30 күндүн ичинде каралат. Уруксат
берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн кошумча экспертиза жүргүзүү талап
кылынса, арыз берилген күндөн тартып 35 күндөн кечиктирбестен кабыл
алынат.
Мамкомитет арызды карап чыккандан кийин, беш жумушчу күндүн ичинде
жумуш берүүчүгө баш тарткан кезде кабыл алынган чечим жөнүндө баш тар-
туунун себептерин көрсөтүү менен жооп берет.
12. Четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга уруксатты берүү жөнүндө че-
чимдер Кыргыз Республикасынын жарандарынын бош жумушчу орундарын
ээлөөгө артыкчылыктуу укуктардын принцибинде негизделет жана Кыргыз
Республикасында бирдей жумушчу күч жок болгон учурда кабыл алынат.
13. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга болгон уруксат бир жылга че-
йинки мөөнөт менен берилет, ал бүткөн соњ Комиссия четөлкөлүк жумушчу
күчтү тартууга берилген уруксаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө
чечимди кабыл алышы мүмкүн. Оњ чечилген кезде жумуш берүүчү четөлкөлүк
жумуш күчүн тартууга берилүүчү уруксатта алдын ала каралган өлчөмдө
акыны төлөйт.
14. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга берилген уруксатта
төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- уруксат берген органдын аталышы;
- четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат берилген жумуш
берүүчүнүн аталышы жана дареги;
- жумуш берүүчүнүн мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтары;
- жумушка тартылган четөлкөлүк кызматкерлердин саны жана кесиптик
курамы, алар мурда жашашкан же туруктуу жашаган өлкө;
- четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга берилген уруксаттын катталган
номери, анын берилген күнү, колдонуу мөөнөтү жана Мамкомитет тарабынан
аныкталган башка маалыматтар.
Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга берилген уруксат Комиссиянын
төрагасынын колу коюлуп, Мамкомитеттин герби бар мөөрү менен басылып
такталат.
15. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга берилген уруксат башка жумуш
берүүчүлөргө өткөрүлүп бериши мүмкүн эмес. Четөлкөлүк жумушчу күчүн
тартууга уруксаттын негизинде жумушка алынышкан четөлкөлүк жумушчу-кыз-
маткерлер башка бир жумуш берүүчүгө которуу жолу менен өткөрүлүп бери-
шине да жол берилбейт. Четөлкөлүк жарандар эмгек ишмердигинде бир нече
чарба субъектилеринде иш жүргүзүшсө, анда четөлкөлүк жаран Мамкомитет-
тен өзүнүн башка дагы бир же бир нече чарба субъектилерге дагы таандык
экендиги тууралуу уруксат берилген документтерди алышы керек.
16. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелери жу-
муш берүүчү тарабынан бузулган учурларда Мамкомитет жумуш берүүчүгө
аныкталган кемчиликтерди белгилүү бир мөөнөттө жоюушу үчүн эскертүү бе-
рет. Эгерде ал талап аткарылбаса, же ал кемчиликтер кайра кайталанса
Мамкомитет Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга берилген уруксатты алып
салат же кемчиликтер толук жоюлмайынча токтотуп кое алат.
17. Четөлкөлүк кызматкерлер жумуш иштегенге уруксат алгандан кийин
Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук
алышат.
18. Жумуш берүүчү же жеке ишкер жумушка уруксат алыш үчүн Мамкоми-
тетке арыз берет. Арызга тиркелген документтердин тизмесин Мамкомитет
белгилейт.
19. Ишкананын четөлкөлүк жеткчиси жана четөлкөлүк адис үчүн жумуш-
ка берилген уруксат бир жылдык мөөнөткө жыл сайын узартууга укугу менен
берилет. Четөлкөлүк квалификациялуу кызматкерлер үчүн жумушка уруксат-
тын берилген жалпы мөөнөтү эки жылдан көп эмес, ал эми четөлкөлүк жеке
ишкерлер үчүн үч жылдан көп эмес мөөнөткө берилет.
20. Жумушка уруксат жашы 18 ге жеткен четөлкөлүк жаранга берилет.
21. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксатты берүү жана колдо-
нуу мөөнөтүн узартуу жана жумушка уруксат акы төлөө негизинде жүзөгө
ашырылат. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксатты берүүгө акы жумуш
берүүчүдөн алынат, ал эми жумушка уруксат берүү үчүн четөлкөлүк кызмат-
керден же жеке ишкерден Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өлчөмдө
алынат.
22. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана жумушка уруксат берүү
үчүн төлөнүүчү каражаттар Кыргыз Республикасынын казначылык системасын-
да ачылган атайын эсебине келип түшөт.
Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана жумушка уруксат берүү үчүн
мамлекеттик бюджетке келип түшкөн каражаттардын 50 пайызы Кыргыз Рес-
публикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин
алдындагы Миграциялык фондго четөлкөгө жумушка орношуу максатында кетип
жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын муктаждыктарын камсыз кы-
луу, аларга укуктук жана социалдык коргоо көрсөтүү үчүн жөнөтүлөт. Анын
ичинде "Груз-200" ташуу үчүн чыгымдарды төлөө, Россия Федерациясында
жана Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын эмгекчи-мигрант-
тарын укуктук жана социалдык коргоо борборлорун түзүү үчүн, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузушкан четөлкөлүк жа-
рандарды депортациялоо боюнча иш-чараларды финансылык камсыздоого кет-
кен чыгымдарды төлөөгө жумшалат.
23. Кыргыз Республикасына келишкен четөлкөлүк жарандар жана жаран-
дыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону
бузуу жолу менен эмгектик жана жеке ишкердик кылышса, Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынан администрациялык
түрдө чыгарылып салынат.
24. Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Жобону бузуу жолу менен
эмгек ишмердигин жүргүзгөн четөлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок
адамдарды, ошондой эле тартип бузуу четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга
жана жумушка уруксаты жокко чыгарылган умурда Кыргыз Республикасынан
сырткары чыгарып салууга жана башка алдын ала эске алынбаган жагдайлар-
га байланыштуу чыгымдарды жумуш берүүчүлөр төлөйт.
25. Кайра уюштурулган, жумуш берүүчүнүн юридикалык статусу
өзгөрүлгөн же иштин заказчысынын (кызмат көрсөтүүнүн) аты-жөнү
өзгөргөндө, ошондой эле четөлкөлүк кызматкерлердин санын же штатын кыс-
картуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда четөлкөлүк жумушчу күчүн
тартууга берилген уруксат Мамкомитеттен кайра каттоодон өткөрүлүүгө ти-
йиш.
26. Жумуш берүүчү өзүнүн чарбалык иштерин токтоткон кезде
четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат жана иштегенге болгон уруксат
дагы канчалык мөөнөткө берилгенине карабастан күчүн жоготот жана Мамко-
митетке кайра тапшырылууга тийиш.
27. Четөлкөлүк мамлекеттердин аймактарында толтурулган расмий до-
кументтердин көчүрмөлөрүн четөлкөлүк жарандар иштегенге уруксат алуу
үчүн көрсөтүшкөндө, алар белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын
четөлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемеле-
ринде мыйзамдаштырылышы керек.
28. Эгерде документтер чет тилдерде толтурулса, аларга нотариалдык
жактан күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий
тилдериндеги котормолор кошо тиркелет. Эгерде документтер түп нускасы
көрсөтүлбөй, көчүрмөлөрү гана көрсөтүлө турган болсо, алар дагы ошондой
эле нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү зарыл.
29. Жумушка уруксатты берүү же андан баш тартуу жөнүндөгү чечим
Мамкомитет тарабынан ага бардык талап кылынган тиешелүү түрдө толтурул-
ган документтер берилгенден кийин 15 күндүн ичинде кабыл алынат.
30. Четөлкөлүк жаран жумушка берилген уруксатын жоготуп алса, Мам-
комитетке жоготуунун себептерин көрсөтүп, уруксаттын дубликатын берүүнү
сурап арыз жазышы керек. Жумушка алган уруксатты жоготкон учурда жумуш-
ка уруксат алуудагы баасынын 50 пайызын төлөгөндөн кийин уруксаттын
дубликаты берилет.
31. Мамкомитет жумуш берүүчүлөр жана жумушка тартылган четөлкөлүк
жумушчулар ортосундагы түзүлгөн келишимдердин реестрин түзөт.
32. Четөлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга жумушка уруксат
төмөнкү учурларда берилбейт же мурда берилген уруксат алынып коюлат:
- ички эмгек рынокто Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен
адистер болгон кезде;
- берилген маалыматтардын туура эместиги аныкталганда;
- Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик же жеке ишкердигин
токтоткон кезде;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген аракет-
терди жасаганда.
Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана жумушка уруксат берүүдөн баш
тартуу же мурда берилгендерин кайра алып коюу же күчүн токтотуп коюу
жөнүндөгү чечимдер сот аркылуу арыз боюнча каралышы мүмкүн.
33. Мамкомитет четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана жумушка бе-
рилген уруксаттар жөнүндөгү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Тышкы
иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине
жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматына жөнөтөт.
34. Мамкомитет жумуш берүүчүлөрдүн жана жеке ишкерлердин өз ишмер-
диктеринде ушул Жобонун шарттарын кандай аткарып жатышканын текшерип
турат.
35. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга байланыш-
туу болгон ишмердик четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана жумушка
уруксаты жок ишке ашырылганда жумуш берүүчүнүн же жеке ишкердин ошол
ишмердик түрүнөн алган пайдасы Мамкомитеттин доосу менен сот аркылуу
өндүрүлүп алынат жана мамлекеттин бюджетине жөнөтүлөт.
36. Бул Жобо аркылуу аныкталган четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга,
ошондой эле жумушка уруксаттарды берүүнүн милдеттүү тартиби Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына ылайык четөлкөлүк жарандарга жана жарандыгы
жок адамдарга төмөнкү учурларда колдонулбайт:
- расмий түрдө качкындар деп таанылышса;
- туруктуу Кыргыз Республикасынын аймагында жашашса;
- Кыргыз Республикасынын аймагында саясий башпаанек алышса;
Көрсөтүлгөн тартип мындан сырткары четөлкөлүк жарандарга төмөнкү учур-
ларда колдонулбайт:
- четөлкөлүк юридикалык тарап алып келип берген технологиялык жаб-
дыктарды монтаж (шеф-монтаж) жасоо үчүн иш сапары менен келишкен кыз-
матчыларга;
- Кыргызстандык билим берүү программаларынын алкагында өндүрүштүк
тажрыйбада жүрүшкөн студенттерге, ошондой эле каникул учурунда иштеп
жүрүшкөндөргө;
- Кыргыз Республикасында аккредитацияланышкан дипломатиялык
өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республи-
касынын аймагында турушкан дипломатиялык статусу бар уюмдарда иштешкен-
дерге;
- Кыргыз Республикасында аккредитацияланган кабарчылар менен жур-
налисттерге;
- Кыргыз Республикасынын четөлкөлөр менен түзүлгөн мамлекеттер
аралык жана өкмөттөр аралык макулдашууларына жумушка орношуунун өзгөчө
тартиби каралган адамдарга.
Жогоруда саналган адамдардын баарына - ушул пункттун биринчи
бөлүгүндөгүлөрдөн башкасына - иш максаттары менен болушу жана
мөөнөттөрү көрсөтүлгөн справкалар акысыз берилет жана ал справкалар ви-
за ачууга же аны улантууга негиз болуп берет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 16.04.2019 · № 175
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы №639 " Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүзөгө…Постановление · 08.09.2006 · № 639 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 57-б (Технологиядагы жабдууларды монтаждоо, ошондой эле ишке берүү-жөнгө салуу иштери үчүн Кыргыз Республикасына иш сапарга жиберилген…Распоряжение · 26.02.2013 · № 57-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июнундагы №45 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-статьясына жана…Распоряжение · 11.06.2008 · № 45
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №136 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү каттоонун, аларды төлөөнүн жана эсепке…Постановление · 29.07.2010 · № 136 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү…Постановление · 15.11.2017 · № 743 · Күчүн жоготкон