Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Үчүнчү муундагы „3 G WCDMA \ UMTS“ стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 декабря 2006 года №879 "О проведении пилотного конкурса на право использования полос радиочастотного спектра в стандарте третьего поколения мобильной связи 3G «WCDMA\UMTS»"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-12-22.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 22-декабрындагы № 879 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 15-августу № 588
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Үчүнчү муундагы "3 G "WCDMA \ UMTS" стандартындагы
мобилдүү байланыш радиожыштык спектринин
тилкесин пайдалануу укугуна
конкурс өткөрүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 29-сентябрындагы № 706 токтомунун,
2006-жылдын 19-октябрындагы № 735 токтомунун
редакциясына ылайык)
Карањыз: КР 2006-жылдын 15-августундагы № 588 "Үчүнчү муундагы "3
G "WCDMA \ UMTS" стандартындагы мобилдүү байланыш радиожыштык спектри-
нин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" токтомуна ком-
ментарийлерди
Республикада, айрыкча айылдарда жана жетүүгө кыйын болгон район-
дордо азыркы учурдагы маалыматтык-телекоммуникациялык инфраструктура-
ларды сапаттуу жана тез өнүктүрүү, радиожыштыктарды бөлүштүрүү маселе-
леринде ачык-айкындуулукту жана маалымдуулукту камсыз кылуу максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги Үчүнчү муун-
дагы "3 G "WCDMA \ UMTS" стандартындагы мобилдүү өткөргүчсүз байланыш
долбоорлорун ишке ашырууда тажрыйбасы бар байланыш операторлорунун ара-
сында пилоттук долбоор катары төмөнкүдөй негизги шарттарды сактоо менен
конкурс өткөрсүн:
- республиканын бүткүл аймагында беш жылдын ичинде мобилдүү тар-
макты жайылтуу;
- биринчи эки жылдын ичинде Чүй облусу боюнча мобилдүү байланыш
тармагын түзүү жана экплуатацияга киргизүү, мында башка региондор боюн-
ча тармакты бир эле мезгилде өнүктүрүүгө оператордун ниеттенүүлөрү чек-
телбейт;
- биринчи эки жылдын ичинде "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы-
нын республиканын айыл региондорунда жайгашкан 100 байланыш бөлүмдөрүн-
дө керектүү уюштуруу техникалары жана интернет-байланыш менен камсыз-
далган коомдук жеткиликтүүлүк боюнча иштеген борборлорду түзүү;
- конкурстан утуп чыккан оператор 200 млн сомго чейинки өлчөмдө
болгон радиоэлектрондук каражаттардан жыштыктардын диапазонун бошотуу
үчүн зарыл болгон финансылык чыгымдардын ордун толтуруу боюнча милдет-
тенмени өзүнө алат;
- конкурстан утуп чыккан оператордун тармагында министрликтер ме-
нен ведомстволордун муктаждыктары үчүн ички тармакты түзүүнү (кеминде
1000 номер) камсыздоо;
- биринчи эки жылдын ичинде мобилдүү байланыш тармагындагы адис-
терди окутууну жана даярдоо курстарын мүмкүн жогорку окуу жайлардын би-
ринин базасында уюштуруу;
- экинчи жылда рыноктун керектөөлөрүн эске алуу менен Кыргыз Рес-
публикасынын аймагында 3 G стандартындагы мобилдүү байланыш аппаратта-
рын кошо алганда мобилдүү (уюктук) байланыштын телефон аппараттарын чы-
гарууну (чогултууну) уюштуруу;
- шашылыш байланыштар боюнча акысыз чалууларга абоненттерге мүм-
күндүк берүүнү кароо;
- эки жылдын ичинде "полиция ящиги", "кооптуулук кнопкасы" систе-
масын түзүү жана мыйзамда белгиленген учурларда (өзгөчө кырдаалдардын
учурунда, издөө чараларын жүргүзүү, дайынсыз жоголгон адамдарды издөө
үчүн ж.б.у.с.) абоненттердин турган жерин аныктоо үчүн радиолокациялар-
ды колдонуу;
- 3 G WCDMA/UMTS" жумушчу диапазонундагы жыштыктардын тилкелерин
бөлүү үчүн старттык баа 40 млн. сомду түзөт. Конкурстун жењүүчүсү
көрсөтүлгөн сумманы конкурстун жыйынтыктары жарыялангандан кийин 20
күндүк мөөнөттө төлөйт;
- конкурска катышууга арыз менен чогуу конкурска катышкан компания
жөнүндө маалыматтарды, милдеттенмелерди, "3 G "WCDMA \ UMTS" боюнча
долбоорду ишке ашыруунун программасын, компаниянын финансылык кудурети
тууралуу "А" классындагы банктын тастыктамасы.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы N
706 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Конкурстун катышуучуларына өздүк оптикалык-волокон тармагын
коњшулаш мамлекеттердин тармактары менен коммутациялоо мүмкүндүгү аркы-
луу долбоорлоо жана куруу долбоорун өнүктүрүүнүн келечектеги программа-
сында кароо сунушталсын.
3. Конкурсту даярдоо жана өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын
Улуттук байланыш агенттигинин чыгымдарынын орду конкурс өткөрүү жөнүндө
жободо аныкталган өлчөмдө конкурска арыз берүүчүлөр тарабынан толтуру-
лат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы N
706 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте конкурстун катышуучула-
рына бирдей шарттарды берген учурда Үчүнчү муундагы "3 G "WCDMA \ UMTS"
стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна алар-
дын арасында ачык аукцион өткөрсүн.
5. Тиркемеге ылайык конкурстук комиссиянын курамын бекитсин.
6. Конкурс жалпыга маалымдоо каражаттарында алдын ала жарыялоо ме-
нен 2006-жылдын 27-ноябрында өткөрүлсүн.
7. Арыздарды кабыл алуу убагы 2006-жылдын 27-ноябрында саат
12:00дө (кошо алганда) аяктай тургандыгы белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №
706 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Арыздары менен келип түшкөн бардык конверттер 27-ноябрда саат
10:00дөн баштап жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, конкурстун
катышуучулары катыша ала тургандай жайдагы столдо турууга тийиш. Жањы-
дан келип түшкөн арыздар аларды каттагандан кийин мурдагы арыздарга ко-
шулушу керек. Ушул токтомдун 6-пунктунда көрсөтүлгөн убакыттан кийин
дароо бардык арыздар конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ачылат
жана сунуш кылынган шарттар конкурстун катышуучуларынын (алардын каа-
лоосу боюнча) жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн каты-
шуусунда окулат.
Конкурстун катышуучуларына сунуш кылынган шарттар жарыялангандан
кийин ачылган арыздар эксперттик топко берилет. Эксперттик топтун кура-
мы жана иш тартиби үчүнчү муундагы 3 G "WCDMA/UMTS" стандартындагы ра-
диожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурсту даярдоо жана
өткөрүү боюнча конкурстук комиссия тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №
706 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Конкурстун жењүүчүсү жарыялангандан кийин бир айдын ичинде Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча иштерди аткаруу гра-
фиги (милдеттүү шарттар жана сунуштар), инвестицияларды салуу, графикти
(милдеттенмелерди) аткарбоо же толук эмес аткаруу үчүн лицензияны кайра
алып коюуга чейинки жоопкерчиликти аныктоо менен конкурстун жењүүчүсү
тарабынан жабдууларды берүү жана монтаждоо жүргүзүлүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №
706 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жана коммуникация-
ларды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
11. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (кон-
курстук комиссиянын курамы жарыяланбоого тийиш).
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- 2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программа(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы N 591…Программа · 27.10.2022 · № 591
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 232 (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 25.09.2013 · № 232
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Мобилдүү байланыштын үчүнчү муундагы 3 «G WCDMA\UMTS» стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз…Положение · 19.10.2006 · № 735 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-декабрындагы № 879 "Мобилдүү байланыштын үчүнчү муундагы 3G «WCDMA\UMTS» стандартындагы радиожыштык спектринин тилкелерин…Постановление · 22.12.2006 · № 879 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-октябрындагы №735 "Мобилдүү байланыштын үчүнчү муундагы «3 G WCDMA\UMTS» стандартындагы радиожыштык спектринин тилкелерин…Постановление · 19.10.2006 · № 735 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-апрелиндеги № 135 "Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\UMTS" мобилдүү байланышын ишке киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.04.2011 · № 135 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №706 "Үчүнчү муундагы "3 G WCDMA/UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс…Постановление · 29.09.2006 · № 706 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-декабрындагы № 879 "Мобилдүү байланыштын үчүнчү муундагы 3G «WCDMA\UMTS» стандартындагы радиожыштык спектринин тилкелерин…Постановление · 22.12.2006 · № 879 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.