Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2013-жылдын 25-сентябры № 232 Чектелген жыштык ресурсун берүү тартибин регламенттештирүү, ошондой эле радиожыштык спектрин бөлүштүрүү жана пайдалануу маселелериндеги артыкчылыктуу багыттарды аныктоо максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө:
- мамлекеттик жыштык ресурсун беруү механизмин жөнгө салуу бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзсүн;
- байланыш операторлоруна жыштык ресурсун берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы № 588 "Үчүнчү муундагы "3 G "WCDMA\UMTS" стандартындагы мобилдүү байланыш радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткерүү жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерди жана шарттарды колдонуунун мыйзам ченемдүүлүгүн карасын;
- белгиленген тартипте төменкүлөрдү аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин:
радиожыштык спектрин колдонуунун келечектүү багыттарын; номиналдарды жана/же радиожыштык тилкелерин бөлүп берүү тартибин жана шарттарын;
- улуттук оператор катары "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна артыкчылыктуу тартипте жана жецилдик шарттарында жацы муундагы тарамдарды жайылтуу. үчүн радиожыштык спектринин тилкелерин бөлүү жөнүндө маселени карасын жана бул маселе боюнча иштелип чыккан чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин материалдык-техникалык, методикалык жана уюштуруучулук камсыздор КыргызРеспубликасынын Өкметүнө караштуу Мамлекеггик байланыш агенттигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары
М.К. Мукамбетов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси –министрдин 2013-жылдын 25 09 № 232 буйругуна тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Абдылдаев Дүйшенбек Рыскулбекович
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Жолдошев Суранбай Турсунмаматович
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин радио байланыш бөлүмүнүн башчысы;
Исмаилов Зайнулла Токталиевич
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары;
Серова Ольга Васильевна
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги;
Максүтов Нурбек Бекболотович
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик жеке өнөктөштүк инвестицияларын алга жылдыруу саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Орозбеков Нуржан Жолдошевич
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун акционердик коомдор менен иштөө башкармалыгынын начальниги;
Нурматов Байыш Мурматович
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Электроника жана телекоммуникациялар институтунун директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы №588 " Үчүнчү муундагы "3 G WCDMA \ UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс…Постановление · 15.08.2006 · № 588 · Күчүн жоготкон