Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «30 млн. юань суммасында Кытай Эл Республикасынын грантынын багыты боюнча келүүчү айыл чарба техникаларын жайгаштыруунун тартиби жана берүүнүн шарттары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 4-августу № 563 30 млн. юань суммасында Кытай Эл Республикасынын грантынын багыты боюнча келүүчү айыл чарба техникаларын жайгаштыруунун тартиби жана берүүнүн шарттары жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги №130, 2011-жылдын 2-августундагы №440 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын багыты боюнча сатып алынган айыл чарба техникаларын өз учурунда бөлүштүрүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 30 млн. юань суммасында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын каражатына сатып алынган айыл чарба техникаларын бөлүштүрүү облустар боюнча райондордогу айдоо жерлеринин аянтына пропорционалдуу № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Облустук жана райондук мамлекеттик администрация башчылары Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте бөлүнүүчү айыл чарба техникаларынын негизинде аймактык агротехникалык сервистик борборлорду түзүшсүн.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн техникаларды алууга агротехникалык борборлор, айыл чарба кооперативдери жана үрөнчүлүк чарбалары артыкчылыктуу укуктарга ээ экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте Алмашуу каттарына кол коюлган датага карата эки өлкөнүн валюталарынын орточо алмашуу курсуна ылайык айыл чарба техникасынын баасын бекитсин;
- айыл чарба техникасын кийинки сатып алуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын кайтарылуучу каражаттарын топтоо максатында атайын депозиттик эсеп ачсын;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын аймактык органдарында КНС төлөөчүлөр катары каттоону алып салууда алар тарабынан жүргүзү- лүүчү төлөмдөрдөн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү толук бошотууну кароочу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана толуктоолорду киргизүү боюнча бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду № 2 тиркемеге ылайык шарттарда жогоруда көрсөтүлгөн техникаларды бөлүүнү жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы айылдык товар өндүрүүчүлөргө бул айыл, чарба техникаларын берүү учурунан тартып бажы төлөмдөрүнүн шарттуу эсептелген суммасын төлөө боюнча милдеттенмени токтотулду деп эсептесин.
7. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты коргоо боюнча улуттук агенттиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте айылдык товар өндүрүүчүлөргө агротехникалык сервистик борборлор тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын наркын 20 проценттик рентабелдүүлүктү эске алуу менен бир айлык мөөнөттө аныктасын.
8. Агротехникалык сервисттик борборлорго жана башка жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба техникаларын алуучуларга калкка ушул токтомдун 7-пунктуна ылайык белгиленген нарктан ашпаган баада агротехникалык сервисттик кызматтарды көрсөтүү сунушталсын.
9. «Кыргызресурстары» мамлекеттик ишканасынын келүүчү айыл чарба техникаларын жайгаштырууга, аларды бажылык тариздөөгө, түшүрүүгө жана монтаждоого, сактоого байланыштуу чыгымдары жана башка ички чыгымдары ушул токтомго № 2 тиркемеде көрсөтүлгөн баштапкы взностордун каражаттарынын эсебинен жабыла тургандыгы белгиленсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ф. Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 563 токтомуна № 1 тиркеме
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын каражатына сатып алынган айыл чарба техникаларын облустар боюнча андагы айдоо жерлеринин аянтына пропорционалдуу бөлүштүрүү
Облустар
Айдоо аянты, миң га
тракторлор 90 ат күчү, бирдик
тракторлор 70 ат күчү, бирдик
тракторлор 50 ат күчү, бирдик
тракторлор 40 ат күчү, бирдик
Тракторы 30 л.с., ед.
тракторлор 25 ат күчү, бирдик
Соколору менен комплектеги бардык тракторлор
1 тр-го миң га
бөлүнгөн
1 тр- го миң га
бөлүнгөн
1 тр-го миң га
бөлүнгөн
1 тр- го миң га
бөлүнгөн
1 тр-го миң га
бөлүнгөн
1 тр- го миң га
бөлүнгөн
Республика
1282,0
-
80
-
50
-
40
-
50
-
30
-
60
310
Баткен
74,6
14,3
5
12,2
6
21,4
3
17,1
4
28,6
3
14,3
5
26
Жалалабат
168,3
14,3
12
12,2
14
21,4
8
17,1
10
28,6
6
14,3
12
62
Ысыккөл
191,2
16,9
11
56,5
3
42,4
4
33,9
6
56,5
3
28,2
7
34
Нарын
120,3
16,9
7
56,5
3
42,4
3
33,9
3
56,5
2
28,2
4
22
Ош
186,0
14,3
13
12,2
15
21,4
9
17,1
11
28,6
6
14,3
13
67
Талас
118,8
16,9
7
56,5
2
42,4
3
33,9
4
56,5
2
28,2
4
22
Чүй
417,3
16,9
25
56,5
7
42,4
10
33,9
12
56,5
8
28,2
15
77
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр
Т. Коеналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 563 токтомуна № 2 тиркеме
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын каражатына келүүчү айыл чарба техникаларын бөлүштүрүү
тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги №130, 2011-жылдын 2-августундагы №440 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду:
- процентсиз товардык кредит түрүндө Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын каражатына келүүчү айыл чарба техникасын III жана IV кварталдарда жыл сайын төлөө менен 10 жылдын ичинде кутулуу мөөнөтү менен кредиттик келишим түзүп жана бөлүнүүчү техниканын өзүн күрөөгө тариздөө аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арасында жайгаштырат;
- берилүүчү техникаларды сатып алуу наркынын эсебин жүргүзөт жана аны төмөнкүдөй схема боюнча төлөө тартибин аныктайт:
вариант №
Баштапкы взностун суммасы, %
10 жылдын ичинде кайтарып берүүгө тийиш болгон сумма
1
0
100% баштапкы взностун суммасын эсептен чыгарып салуу менен
2
10
95 % баштапкы взностун суммасын эсептен чыгарып салуу менен
3
15
90% баштапкы взностун суммасын эсептен чыгарып салуу менен
4
20
85% баштапкы взностун суммасын эсептен чыгарып салуу менен
5
25
80% баштапкы взностун суммасын эсептен чыгарып салуу менен
6
30
75% баштапкы взностун суммасын эсептен чыгарып салуу менен
7
35
70% баштапкы взностун суммасын эсептен чыгарып салуу менен
8
40
65% баштапкы взностун суммасын эсептен чыгарып салуу менен
9
45
60% баштапкы взностун суммасын эсептен чыгарып салуу менен
10
50 ж.б.у.с.
55% баштапкы взностун суммасын эсептен чыгарып салуу менен
а) Баштапкы взносу жок болсо техниканын наркы квартал сайын 250 АКШ долларын төлөө менен 10000 АКШ долларын түзөт (10000:40=250).
б) Алуучу 1000 долларды баштапкы взнос түрүндө же техниканын наркынын 10 процентин төлөйт 10 жылдын ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш болгон сумма 9500-1000=8500 АКШ долларын түзөт, мында квартал сайыңкы төлөм 8500:40=212,5 АКШ доллары.
в) Алуучу 3000 долларды баштапкы взнос түрүндө же техниканын наркынын 30 процентин төлөйт. 10 жылдын ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш болгон сумма 7500-3000=4500 АКШ долларын түзөт, мында квартал сайыңкы төлөм 4500:40=112,5 АКШ доллары.
г) Алуучу 5000 долларды баштапкы взнос түрүндө же техниканын наркынын 50 процентин төлөйт. 10 жылдын ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш болгон сумма 5500-5000=500 АКШ долларын түзөт, мында квартал сайыңкы төлөм 500:40=12,5 АКШ доллары.
- кредитти жоюу графигин бузган учурда төмөнкүдөй таасир этүү чаралары каралат:
а) айыптык санкцияларды эсептөө кредитти кайтарып берүүнүн акыркы мөөнөтүнүн күнүнө чейинки мезгил үчүн гана мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасынын 0,05% өлчөмүндө жүргүзүлөт;
б) төлөнгөн сумманы кайтарып бербестен айыл чарба техникасын алып коюу карызды жоюунун графигине ылайык бир жылдын ичинде заемчу карызын жойбогон учурда жүргүзүлөт.
- кайтарылган каражаттарды кийинки айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн атайын депозиттик эсепке топтойт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси - министр
Т. Коеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы N 551-б (Кытай Эл Республикасынын грантынын багыты боюнча келүүчү айыл чарба техникаларын берүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 27.09.2006 · № 551
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун буйругу 2007-жылдын 26-февралынын №26-р (Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына берилген айыл чарба техникалары менен айылдык товар…Распоряжение · 26.02.2007 · № 36
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы №440 "Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранты линиясы боюнча келген айыл чарба техникаларын берүү шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз…Постановление · 02.08.2011 · № 440
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги №130 "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.04.2008 · № 130 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.