Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун буйругу (Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына берилген айыл чарба техникалары менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдү камсыз кылуу максатында жонундо)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 26-февралы №36-б
КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына берилген айыл чарба
техникалары менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдү камсыз кылуу
максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы
өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду:
- айыл чарба техникаларынын көргөзмөгө коюлган зкспонаттарын
айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арасында бөлүштүрсүн;
- айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарбалык техниканы берүүгө
кредиттик-күрөөлүк документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-
жылдын 4-августундагы № 563 «30 млн. юань суммасында Кытай Эл
Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын багыты боюнча келүүчү айыл чарба
техникаларын жайгаштыруунун тартиби жана берүүнүн шарттары жөнүндө»
токтомунда белгиленген шарттарга ылайык аныкталган тартипте
тариздесин.
2. «Кыргызресурстары» мамлекеттик ишканасы:
- айыл чарба техникаларынын тизмесин Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна
берсин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги менен бирдикте Алмашуу каттарына кол коюлган күнгө
карата эки өлкөнүн валюталарынын орточо алмашуу курсуна ылайык айыл
чарба техникаларын сатуу наркын аныктасын;
- ишкананын аталган техниканы сатып алууга жана башка ички
сарптоолорго байланыштуу чыгымдарын аныктасын жана бекитүүгө Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргызресурстары»
мамлекеттик ишканасынын айыл чарбалык техниканы сатып алууга
байланышкан чыгымдарынын ордун Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн
грантынын линиясы боюнча келген айыл чарбалык техниканы алуучулардын
баштапкы взносторунун каражаттарынын эсебинен толтурсун.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр
жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр А. Исабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.