Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2006-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 12-июлундагы № 506
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын
жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун
жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагы 2006-жылдын 1-январына карата 19995,1
мињ гектарды түзөт.
Отчеттук мезгилде жер фондун пайдаланууда категориялар боюнча да,
жердин түрлөрү, ошондой эле менчиктин формалары боюнча да өзгөрүүлөр
болду.
2006-жылдыњ 1-январына карата республиканын жер фондундагы
жерлерден 1225,9 мињ га - жеке менчикте, 58,5 мињ га - муниципалдык
менчикте, 18710,5 мињ га - мамлекеттик менчикте турат.
Өзгөчө баалуу айыл чарбалык жерлердин эсепке алынышын алардын иш
жүзүндөгү пайдаланылышына ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн:
- «Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Сузак районунда
жерлерди трансформациялоо жөнүндө» 2005-жылдын 4-июлундагы № 284
токтому менен 1589,0 га сугат айдоо кайрак айдоого
трансформацияланган;
- «Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Тоњ районунун
жерлерин трансформациялоо жөнүндө» 2005-жылдын 19-октябрындагы № 484
токтому менен Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Тон районунун
4420,2 га айыл чарба жерлери, анын ичинде 3513,2 га сугат айдоосу,
891,1 га кайрак айдоосу, 16,0 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жерлери
башка анча баалуу эмес айыл чарба жерлерине которулган;
-«Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун айыл чарба
жерлерин трансформациялоо жөнүндө» 2005-жылдын 28-октябрындагы № 506
токтому менен 176,4 га жер, анын ичинде 158,35 га - сугат айдоосу,
8,68 га - кайрак айдоосу, 1,1 га - көп жылдык өсүмдүктөр баскан
жерлери жана табигый катаклизмдерге байланыштуу айыл чарба
жүгүртүүсүнөн чыгарылган 8,3 га – чабындылар трансформацияланган.
Республиканын жарандарынын турак жай проблемаларын чечүү үчүн 2005-
жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен 3871,0 га жер,
анын ичинде 2745,0-га сугат айдоо, 516,0. га кайрак айдоо, 315 га кеп
жылдык өсүмдүктөр баскан жерлер, 295,0 башка жерлер жеке менчик турак
жай куруу үчүн бөлүп берилген.
2005-жылы Кыргыз Республикасында ар түрдүү себептер менен (шор
басуу, сазга айлануу, суунун жетишсиздиги, үрөн, күйүүчү-майлоочу
материалдарды алууга каражаттын жоктугу, алыстыгы, экономикалык жактан
максатка ылайыксьшыгы) 159,5 мињ га айдоо, же республикада болгон
бардык айдоонун 12,4 проценти пайдаланылбай калган.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 106-статьясына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында 2006-жылдын 1-январына карата жерлерди
категориялар жана жер пайдалануучулар боюнча мамлекеттик эсепке
алуунун жыйынтыктары;
- 2006-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Жер фондун
жерлердин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү.
2. Жалалабат, Нарын облустарынын, Баткен облусундагы Кадамжай
районунун, Ысыккөл облусундагы Ысыккөл районунун, Талас облусундагы
Карабуура жана Манас райондорунун мамлекеттик администрациялары,
Ысыккөл облусундагы Каракол шаарынын мэриясы, Талас облусундагы Талас
шаарынын мэриясы короо жанындагы айдоолордун эсебин 2002-жылы
жүргүзүлгөн каттоонун жүрүшүндө алынган иш жүзүндөгү абалга ылайык
келтирүү боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алышсын жана практикалык
чараларды көрүшсүн.
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө
укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, облустардын жана
райондордун мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары:
- баардык жерлердин түрлөрүн натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууга
контролдукту күчөтүшсүн;
- сугат айдоолор убактылуу канааттанарлык эмес абалда турган шартта
аларды анча баалуу эмес айыл чарба жерлерине трансформациялоо
практикасын токтотушсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра
иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы № 484 "Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Тоң районунун айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 19.10.2005 · № 484
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-октябрындагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 28.10.2005 · № 506
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 4-июлундагы №284 " Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Сузак районунда жерлерди трансформациялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2005 · № 284
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон