Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Тоң районунун айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 19-октяры, №484
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Тоњ районунун
айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ысыккөл облусундагы Тоњ
районунун Арчалуу, Коргондубулак, Турасуу участокторундагы
айдоо жерлерде вегетациялык мезгилдин кыскалыгынан, активдүү
температура суммасынын жетишсиздигинен айыл чарба
өсүмдүктөрү бышпастыгын белгилейт. Кийинки жылдарда кыртыш
алдындагы суу көтөрүлгөндүктүн кесепетинен райондун
аймагында сазга айланган аянттар көбөйүүдө. Мурдагы сугат
жерлердин көпчүлүк массивдери табигый кырсыктардын
кесепетинен сугат булагынан ажырагандыктан айыл чарбалык
пайдалануудан чыгарылган, натыйжада айрыкча баалуу айыл
чарба жерлери анча баалуу эмес жерлерге
трансформацияланууда.
Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Тоњ районунун
тургундарынын социалдык проблемаларын чечүү максатында жана
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык
Кыргыз Республикасыиын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облустук мамлекеттик
администрациясынын Жер бөлүү менен байланышкан маселелер
боюнча республикалык комиссияга макулдашылган, Кыргыз
Республикасынын Ысыккөл облусунун Тоњ районунун 4420,2 га
айыл чарба жерлерин, анын ичинде 3513,2 га сугат айдоону,
891,1 га кайрак айдоону, 16,0 га көп жылдык өсүмдүктөр
турган жерди тиркемеге ылайык трансформациялоо жөнүндө
сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик
администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү
өзгөртүүлөрду киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын- Премьер-мйнистринин Аппаратынын агроөнөржай
комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон