Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 28-октябрындагы № 506
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун
айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Ош
облусундагы Өзгөн районунун Башдөбө, Кароол, Саламалик, Жылалды,
Дөњбулак айыл өкмөттөрүндө 2003-жылы болуп өткөн табигый кырсыктардын
кесепетинен айыл чарба жерлери суу каптоого дуушар болуп, суу алдында
калгандыгын; Зергер жана Көлдүк айыл өкмөттөрүндө жер көчкү
жүргөндүгүн белгилейт.
Жаратылыш кесепеттеринин натыйжасында 176,43 га жер, анын ичинде
158,35 га - сугат айдоосу, 8,68 га - кайрак айдоосу, 1,1 га - көп
жылдык өсүмдүктөр баскан жерлер жана 8,3 га - чабындылар айыл
чарбалык керектөөдөн чыккан.
Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин эсепке алууну иш-жүзүндөгү
пайдаланууга ылайык келтирүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
Ош облусундагы Өзгөн районунун тургундарынын социалдык проблемаларын
чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекетик
администрациясынын Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн
районунун 176,43 га айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө Жер
бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия
менен макулдашылган сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекетик администрациясы
жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра
иштетүү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2005-жылдын
28-октябрыцндагы № 506
токтому тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ошоблусунун Өзгөн районундагы
трансформациялануучу айыл чарба жерлеринин аянттары
| № | Айыл | Трансфор- | анын ичинде: | ||||
| өкмөттөрүнүн | мацияла- | -------------------------------------------- | |||||
| аталыштары | нуучу | Жарандар- | алардан | ФПС | |||
| бардык | дын жер | --------------------------- | жер- | ||||
| аянттар, | үлүштөрү, | сугат | кайрак | чабын- | лери, | ||
| га | га | айдоо | айдоо | дылар | га | ||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
| 1 | Башдөбө | 117,0 | 93,0 | 93,0 | 24,0 | ||
| 2 | Дөњбулак | 11,7 | 10,7 | ||||
| 3 | Жылалды | 6,08 | 4,58 | 4,58 | 1,5 | ||
| 4 | Зергер | 15,06 | 8,87 | 0,54 | 5,03 | 3,3 | 2,54 |
| 5 | Көлдук | 10,0 | 5,0 | ||||
| 6 | Кароол | 14,41 | 6,4 | 6,4 | 8,01 | ||
| 7 | Саламалик | 2,19 | 1,83 | 1,83 | 0,35 | ||
| Бардыгы: | 176,43 | 114,68 | 106,35 | 5,03 | 3,3 | 52,0 | |
| анын ичинде | |||||||
| алардан | Трансформа- | анын ичинде | |||||
| -------------------------------- | циялану учу | ---------------------- | |||||
| сугат | кайрак | бак- | чабын- | баардык | мелиорациялык | башка | |
| айдоо | айдоо | тра | дылар | аянттар,га | даярдоо | жерлер | |
| стадиясындагы | |||||||
| жерлер | |||||||
| 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | |
| 24,0 | 117,0 | 117,0 | |||||
| 10,6 | 1,1 | 11,7 | 11,7 | ||||
| 1,5 | 6,08 | 6,08 | |||||
| 2,54 | 3,65 | 15,06 | 3,06 | 12,0 | |||
| 5,0 | 5,0 | 10,0 | 10,0 | ||||
| 8,01 | 14,41 | 14,41 | |||||
| 0,35 | 2,18 | 2,18 | |||||
| 52,0 | 3,65 | 1,1 | 5,0 | 176,43 | 154,43 | 22,0 |
Премьер-министрдин
Аппарат Жетекчиси-министр Т.Коеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июлундагы № 506 "2006-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө"…Постановление · 12.07.2006 · № 506
- Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 17/3 "Кара-Дарыя тγндγк участкасында жайгашкан мурунку Кара-Дарыя шалы совхозунун жерин кайрадан айыл өкмөтγн балансына…Постановление · 11.11.2015 · № 17/3
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон