Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясынын жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча мамлекеттик программа жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 29 декабря 2012 года № 867 "О Государственной программе по стабилизации эпидемии ВИЧ-инфекции в Кыргызской Республике на 2012-2016 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-12-29.
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 29-декабрындагы № 867 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 6-июлу № 498
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында
ВИЧ/СПИД эпидемиясынын жана анын социалдык-экономикалык
залалдарынын алдын алуу боюнча мамлекеттик
программа жөнүндө
ВИЧ/СПИДдин таралышын чектөө боюнча комплекстүү көп сектордуу ма-
милени өркүндөтүү жана иш-чараларды институтташтыруу аркылуу Кыргыз
Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясынын таралышынын жана анын социал-
дык-экономикалык залалдарынын алдын алуу максатында Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясы-
нын жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча
тиркелген мамлекеттик программа бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, мамлекеттик облустук администрациялар, Бишкек жана Ош шаарлары-
нын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары, аткаруу бийлигинин башка
органдары:
- 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясынын
жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча мамле-
кеттик программаны аткарууга алышсын;
- бир айлык мөөнөттө Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу боюнча
иш-аракеттердин көп сектордуу жана интеграцияланган матрицаларын иштеп
чыгышсын жана ВИЧ/СПИДке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү бо-
юнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өлкөлүк көп сектордуу
координациялык комитеттин секретариатына бекитүү үчүн беришсин;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик программанын аткарылы-
шынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-
ратына маалымат беришсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министр Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкарма-
лыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясынын жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча мамлекеттик программа (Кыргыз Республикасынын…Программа · 06.07.2006 · № 498
- 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча УЛУТТУК ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы № 369…План · 20.08.2007
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №140 "Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бириктирилген үчүнчү…Постановление · 29.07.2010 · № 140
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 867 "Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программа жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2012 · № 867 · Күчүн жоготкон
- "2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча УЛУТТУК ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ" (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы № 369…План · 20.08.2007 · № 369 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №680 "2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/ЖИКС эпидемиясынын жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча…Постановление · 26.10.2011 · № 680 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 867 "Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программа жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2012 · № 867 · Күчүн жоготкон