Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жогорку экономикалык кеңеш жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 13 ноября 2020 года № 551 "О Совете по экономическим реформам при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-11-13.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 78 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жогорку экономикалык кењеш жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-июлундагы № 500 токтомунун, 2008-жылдын 16-августундагы № 452 токтомунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жогорку экономикалык
кењеш (мындан ары - Кењеш) өлкөнүн социалдык-экономикалык проблемала- рын, өнүктүрүүнүн экономикалык стратегиялары менен программаларын ачык талкуулоону, Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнө сунуштарды даярдоону камсыздоочу консультация- лык-кењешүүчү орган болуп саналат.
1.2. Кењеш өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын
жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Прези- дентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.3. Кењешке анын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-
нистри башчылык кылып, Кењештин иш-аракетин жетектейт жана анын ишин уюштурат. Кењештин төрагасы жокто төрагалык кылуучунун функциясын Кењештин төрагасынын орун басары аткарат.
1.4. Кењеш бизнестин, өкмөттүк эмес уюмдардын, илимдин жана мамле-
кеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Кењештин курамы Кыр- гыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
1.5. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 452 токтомуна
ылайык күчүн жоготту)
1.6. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 452 токтомуна
ылайык күчүн жоготту)
1.7. Кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы Кењештин Сек- ретариатынын жетекчиси болуп саналат. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы N 452 токтомунун редак- циясына ылайык)
1.8. Макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
депутаттары, эл аралык эксперттер жана консультанттар Кењештин мүчөлөрү болушу мүмкүн.
1.9. Кењештин мүчөлөрү алмаштыруу укугусуз коомдук негиздерде
Кењештин ишине катышат.
1.10. Кењештин курамы кызматы боюнча анын курамына кирген Кењештин
мүчөлөрүн кошпогондо жыл сайын анын санынын 1/3 бирине жањыланып турат.
1.11. Кењештин заседаниесине тиешелүү министрликтердин жана ве-
домстволордун, менчиктин ар кандай түрүндөгү ишканалардын жана уюмдар- дын жетекчилери менен адистери чакырылышы мүмкүн.
II. Кењештии максаттары жана милдеттери
2.1. Кењештин негизги максаты горизонтал, ошондой эле вертикал бо-
юнча (жогорку звенодон төмөнкү звеного карай) кабыл алынган башкаруу чечимин белгиленген мөөнөттөрдө жана сапатын жоготпостон ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү башкаруунун азыркы учурдагы ыкмаларын жана мамлекет- тик бийликтин, илимдин жана бизнестин консолидацияланган потенциалын колдонуу менен натыйжалуу экономикалык саясат түзүү жана жүргүзүү боюн- ча рекомендацияларды иштеп чыгуу болуп саналат.
2.2. Кењештин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги
багыттары боюнча сунуштарды даярдоо, рынок институттарынын иштөө меха- низмдерин өркүндөтүү, экономикалык кайра түзүүлөрдү тездетүү;
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн концеп-
циялары (программалары) боюнча корутундуларды даярдоо, социалдык-эконо- микалык кайра түзүүлөр жагындагы чараларды ишке ашырууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна кирги- зилүүчү экономикалык, финансылык, салыктык, кредиттик, инвестициялык, баа жаганан, институттук жана социалдык саясаттын актуалдуу маселелери боюнча мыйзамдык жана башка нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун алдын ала кароо, ал боюнча корутундуларды чыгаруу жана рекомендациялар- ды берүү;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аныктаган башка милдет-
терди аткаруу.
III. Кењештин ыйгарым укуктары
Кењеш ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- аткаруу бийлик органдарынан зарыл маалыматтык, аналитикалык, су-
рап алуу-статистикалык материалдарды белгиленген тартипте алууга;
- анын ишине катышууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жана тие-
шелүү адамдарды белгиленген тартипте тартууга;
- каралуучу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
мүчөлөрүн, Кењештин мүчөлөрүн, ошондой эле Кењештин заседаниесине чакы- рылган адамдарды угууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кењештин мүчөлөрү же
башка тиешелүү тараптардын Кењештин кароосуна киргизген маселелери бо- юнча чечим кабыл алууга;
- Кењештин компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана башкаруунун башка органдарына сунуштарды кир- гизүүгө.
IV. Кењештин ишин уюштуруу
4.1. Маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу
Кењештин заседаниелеринде жүргүзүлөт. Кењештин заседаниеси зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жо- лудан кем эмес өткөрүлөт. Кењеш анын курамынын кеминде үчтөн экиси ка- тышканда чечим кабыл алууга укуктуу. Кењештин чечими ага катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кењештин мүчөлөрү масе- лелерди талкуулоодо бирдей укуктарга ээ. Добуштар тењ болуп калган учурларда чечүүчү добуш берүү укугу Кењештин заседаниесине төрагалык кылуучуга таандык. Кењештин чечимдери протоколдор менен таризделет.
4.2. Кењештин иш планы келерки кварталга Кењештин Секретариаты та-
рабынан түзүлөт жана аны квартал башталганга чейин 10 күн мурда Кењеш- тин төрагасы бекитет. Алдыдагы кварталга Кењештин иш планы Кењештин заседаниесинин мате- риалдарын даярдоо үчүн билдирүү жиберүү болуп саналат жана докладчыга, тењ докладчыга жана Кењештин заседаниесине карата чечимдин долбоорун жана аналитикалык материалдарды иштеп чыгууга жооптуу башка тийиштүү министрликтерге, ведомстволорго, уюмдарга жана мекемелерге заседание болжолдонгон күнгө чейин 2 жума мурда таратылат. Кењештин бекитилген иш планынын негизинде Кењештин кезектеги засе- даниесинин күн тартиби түзүлөт. Кењештин заседаниесинин күн тартибин заседание боло турган күнгө чейин кеминде жети күн мурда Кењештин төра- гасы бекитет. Кењештин заседаниесинин күн тартибине өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кењештин мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча заседание болжолдон- гон күнгө чейин кеминде он күн мурда киргизилиши мүмкүн.
4.3. Кењештин заседаниесине материалдар (чечимдердин жана аналити-
калык материалдын долбоору) аткаруу бийлигинин жооптуу органдары тара- бынан Өкмөттүн Аппаратына Кењештин заседаниесине чейин кеминде төрт жу- мушчу күн мурда, ал эми алдын ала корутундуну талап кылуучу маселелер боюнча Кењештин заседаниесине чейин кеминде жети жумушчу күн мурда бе- рилет. Материалдар өз учурунда берилбесе, маселе Кењештин заседаниеси- нин күн тартибинен алып салынат. Кењештин заседаниесине материалдар жана анын күн тартиби Кењештин заседаниесине чейин кеминде эки жумушчу күн мурда анын мүчөлөрүнө, тие- шелүү адамдарга жана уюмдарга жиберилет. Кењештин заседаниесинин убагында сөзсүз түрдө аудио-жазуучу техни- ка колдонулат. Протоколду жүргүзүү Кењештин Секретариаты тарабынан ишке ашырылат. Кењештин заседаниесинин протоколуна заседаниеге төрагалык кы- луучу кол коет. Тапшырмалар башкача мөөнөт көрсөтүлбөсө, заседание өткөн күндөн тартып бир айдын ичинде аткарылууга тийиш. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 452 токтомунун редак- циясына ылайык)
4.4. Кењештин заседаниесинде каралган Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоору "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Рег- ламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин талаптарын аткарууда макулдашуунун жөнөкөйлөтүлгөн процедурасы боюнча сурап билүү тартибинде кабыл алынышы мүмкүн.
4.5. Кењештин документтери Кыргыз Республикасынын Премьер-минист-
ринин 2001-жылдын 3-сентябрындагы N 699 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратындагы документтер менен иштөө Регла- ментинин талаптарына ылайык таризделет жана сакталат. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 452 токтомунун редак- циясына ылайык)
4.6. Кењеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен белги-
ленген тартипте жоюлат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 13.11.2020 · № 551
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы №1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.01.2006 · № 1 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындпгы № 78 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жогорку экономикалык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 08.02.2006 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жогорку экономикалык кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 16.08.2008 · № 452 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому менен бекитилген)Регламент · 04.01.2006 · № 1
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон