Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Туруктуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 1 октября 2007 года № 440 "О некоторых мерах по совершенствованию организации законопроектной работы Правительства Кыргызской Республики "» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-10-01.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 1-октябрындагы № 440 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 6-февралындагы
№ 68 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешиндеги Туруктуу өкүлү - Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин
кењешчиси жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешиндеги Туруктуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
кењешчиси (мындан ары - Өкүл) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын камсыздайт жана Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
конституциялык укуктарынын ишке ашырылышына шарт түзөт.
Өкүлдүн кызматы мамлекеттик саясий кызмат орун болот.
2. Өкүл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык
мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине жана Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламентине, ошондой эле Кыргыз Рес-
публикасынын башка нормативдик укуктук актыларына таянат.
3. Өкүл өз ишин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутат-
тары менен такай байланышта иштөө жолу менен жүргүзөт.
4. Өкүл өз карамагына тапшырылган маселелер боюнча Кыргыз Респуб-
ликасынын Премьер-министринин Аппаратынын структуралык подразделениеле-
ри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Аппараты, Кыргыз Республи-
касынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Президен-
тинин ыйгарым укуктуу өкүлү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, ад-
министрациялык ведомстволор, фонддор, жергиликтүү мамлекеттик админист-
рациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар,
коомдук жана башка уюмдар менен байланышта иштейт.
5. Өкүл кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан
дайындалат жана бошотулат жана өзүнүн ишин анын тике жетекчилиги менен
жүргүзөт.
Өкүлдүн:
- кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындоочу жана
бошотуучу бир орун басары болот;
- кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат же-
текчиси дайындоочу жана бошотуучу бир эксперти болот.
Орун басар Өкүл жокто анын ордуна иштейт.
II. Өкүлдүн ыйгарым укуктары
6. Өкүл:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конституциялык ыйгарым укукта-
рынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде ишке ашырылышын камсыз-
доо үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ачык, жабык заседание-
лерине жана парламенттик угууларга, анын комитеттиринин, комиссиялары-
нын жана башка органдарынын иштерине ал үчүн Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн атайын чечимисиз катышат;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
атынан чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралчу маселе-
лер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдашылган позициясын
билдирет;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги мыйзам чыгаруу ишинин
абалы жана анда каралчу маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө маалымат берет;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралчу маселелерге ка-
рата Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин позициясы жөнүндө Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарына Кыргыз Республика-
сынын Премьер-министринин тапшыруусу боюнча маалымат берет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
анын комитеттеринин жана башка органдарынын заседаниесине чакырылган
башкы кызмат адамдарынын анын ишине катышуусун уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши, анын Аппараты менен өз
ара байланышта иштешүүдө мыйзам чыгаруу процессин макулдашып жүргүзүү
жагыда сунуштарды киргизет, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчы-
лыктарын коргойт;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн ишине байланыштуу каралчу маселелер боюнча түшүндүрмө берет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу ишинин негизги
багыттарын макулдашат жана алар боюнча өз сунуштарын киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна киргизчү документтердин долбоорлоруна виза коет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин өз ара байланышта иштешүү маселеси боюнча министрлик-
тердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын структуралык подразделениелеринин иште-
рин координациялайт;
- мыйзам долбоорлорун жана мыйзамдарды кароодо Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин заседаниелерине катышуусу мүмкүн болбогон учурларда алардын ордун
алмаштыруу маселенин өз компетенциясынын чегинде чечет;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшыруусу боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин өз ара байланышта иштешин камсыздоо боюнча башка функцияларды
аткарат.
7. Өкүл төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстолордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана башка
уюмдардын жетекчилерин чакырууга жана зарыл болсо аларга Өкүлгө
жүктөлгөн милдеттерди аткаруу маселеси боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Өкүлгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик бийлик ор-
гандарынан керектүү материалдарды жана маалыматтарды алууга.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Туруктуу өкүлү - Кыргыз…Постановление · 06.02.2006 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-октябрындагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишинин уюштурулушун өркүндөтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө"…Постановление · 01.10.2007 · № 440 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому менен бекитилген)Регламент · 04.01.2006 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон