Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борбору жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 8-сентябрындагы
№ 641 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Улуттук
маданий борбору жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борборунун
(мындан ары - УМБ) ишмердигинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин
аныктайт. УМБ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 24-нояб-
рындагы № 418 Жарлыгына ылайык Бишкек шаарынын аймагында бирдиктүү та-
рыхый-маданий комплекс катары тарыхий-маданий мурастарды, материалдык
жана руханий байлыктарды изилдөө жана кењири үгүттөө, сакталышын кам-
сыздоо максатында түзүлгөн.
1.2. УМБ Ю.Абдрахманов, И.Мичурин, М.Күрөњкеев көчөлөрү, мурдакы
Пионерлер үйүнүн, Пишпек шаарынын старостасы Н.Терентьевдин тарыхый
үйүнүн имараттары, Ю.Абдырахманов көчөсү, 230 дареги боюнча жайгашкан
"Сейтек" Республикалык балдар жана өспүрүмдөр борборунун эки кабаттуу
имараты жана Ю.Абдырахманов көчөсү, 230 "а" дареги боюнча жайгашкан
М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры менен чектелген
К.Жакыпов атындагы сейил бактын базасында Кыргыз Республикасынын Бишкек
шаарынын аймагында бирдиктүү тарыхый-маданий комплекс катары түзүлгөн.
1.3. УМБ өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
Кыргыз Республикасынын "Маданият жөнүндө", "Тарыхий-маданий мурастарды
коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Ма-
даният министрлиги жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченем-
дик жана укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.4. УМБ юридикалык жак болуп эсептелет, Казыначылык системасында
өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана өзүнө бекитилген мүлкү бар.
УМБнын мөөрү, штампы жана фирмалык бланкы бар.
1.5. УМБнын аймагында жайгашкан тарыхий-маданий мурас эстеликтер-
ди, жерди, имараттарды, курулмалар менен коммуникациялардын бүтүндүгүн
жана сакталышын камсыздоо үчүн алар күтүү жана пайдалануу боюнча өзгөчө
режимде болот.
1.6. УМБ өзүнүн уюштуруучу-укуктук формасы боюнча мамлекеттик ме-
кеме болуп эсептелет.
1.7. УМБнын дареги: Бишкек шаары, Ю.Абдырахманов көч., 230.
II. УМБнын негизги милдеттери
2.1. УМБнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- тарыхий-маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү, руханий жана
маданий баалуулуктарды, кыргыз элинин салтын жана үрп-адаттарын андан
ары өнүктүрүүгө жана өз ара байытууга активдүү көмөк көрсөтүү;
- эларалык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, мада-
ният чөйрөсүндөгү ведомстволор аралык жана регион аралык кызматташтык-
ты, коомдук байланыш системаларын жөнгө салуу;
- маданиятты өнүктүрүүнүн актуалдуу темалары боюнча конференция,
симпозиум, семинар, бизнес-жолугушууларды уюштуруу;
- фестиваль, кароо-сынактарды, театралдаштырылган көрсөтүүлөрдү,
көркөм жана өздүк көркөм чыгармачылык коллективдердин чыгууларын уюшту-
руу, чыгармачыл өзүн көрсөтүүлөрдүн ар кандай формаларын колдоо;
- тарыхий-маданий мурастарды сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган
маалыматтык-маданий программаларды жана долбоорлорду презентациялоо жа-
на аларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу;
- тарых жана маданият эстеликтерин коргоо чөйрөсүндө изилдөөлөрдү
жүргүзүү, талдоонун негизинде тарыхий-маданий мурастарды андан ары сак-
тоонун стратегиясын иштеп чыгуу;
- басма ишмердиги (илимий эмгектерди, монография, жыйнактарды,
жарнак продукцияларды басып чыгаруу);
- окутуулардын активдүү формаларын өткөрүү, маданият жана искусс-
тво кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу.
III. УМБнын укуктары менен милдеттери
3.1. УМБ төмөнкүлөргө укуктуу:
- маданий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызыгдар уюм-
дар менен ишканалардан заказдарды алууга;
- белгиленген тартипте басма ишмердигин ишке ашырууга, көркөм-гра-
фикалык жана сүрөт иштерин даярдоого, маалымат, көркөм оюн-зоок, музы-
калык фонограммаларды түзүүгө, чыгармачылык жана полиграфиялык продук-
цияларды сатууга;
- декоративдик-колдонмо искусствосунун көркөм иштеринин, музыкалык
аспаптардын, элдик көркөм-өнөр чеберлеринин буюмдарынын көргөзмөсүн жа-
на сатууларын уюштурууга;
- көркөм жана өздүк көркөм чыгармачылык коллективдерди, студиялар-
ды түзүүгө, чыгармачыл лабораторияларды, өнөрканаларды, салон, галерея,
дүкөн жана башка түзүмдөрдү ачууга;
- өзүнүн ишмердигин пландаштырууга жана аткарылып жаткан кызмат-
тарга суроо-талаптардын негизинде өнүгүү келечегин аныктоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишмер-
диктерди жүргүзүүгө.
3.2. УМБнын милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги белгилеген програм-
маларды жана пландарды ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык УМБ түзгөн келишим-
дерден чыккан милдеттенмелерди аткаруу;
- тийиштүү органдарда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген мөөнөттөрдө финансылык-чарбалык жана башка ишмердиктин жы-
йынтыктарынын оперативдүү жана бухгалтердик эсебин алууну жүргүзүү;
- өзүнө оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген мүлктү натыйжалуу
пайдалануу;
- мүлктүн сакталышын жана максаттуу багыты боюнча гана пайдаланы-
лышын камсыз кылуу.
IV. УМБны башкаруу
4.1. УМБнын ишмердигин Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги
координациялайт.
- Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин компетенциясына
төмөнкүлөр кирет:
- УМБнын ишмердигинин бардык маселелери боюнча чечимдерди кабыл
алуу;
- УМБнын ишмердигинин функционалдык багыттарын аныктоо;
- УМБнын ишмердиги, анын ичинде акча каражаттарынын чыгымдалышы
жөнүндө отчетторду, маалыматтарды алуу;
- эгерде негизги ишмердигине зыян келсе, УМБнын ишкердик ишин ток-
тото туруу;
- кызматкерлерди ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо жана эмгек
акысына үстөк акы белгилөө жөнүндө сунуштарды кароо.
4.2. УМБны Кыргыз Республикасынын Маданият министри тарабынан кыз-
матка дайындалуучу жана бошотулуучу башкы директор жетектейт.
Башкы директор:
- УБМнын чарбалык, чыгармачыл-өндүрүштүк, финансылык ишмердигине
жалпы жетекчилик кылат;
- УМБнын ишмердиги үчүн жоопкерчиликти жеке өзүнө алат;
- өзүнүн компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча бир башчылыкка
баш ийүү принцибинде иш жүргүзөт;
- мамлекеттик бийлик органдарында, юридикалык жана жеке жактардын
астында УМБнын кызыкчылыгын коргойт;
- бардык финансылык-чарбалык документтерге биринчи кол коюу укугу-
на ээ болот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык буйруктарды чыгарат.
УМБнын ичинде зарыл болгон нускамаларды бекитет;
- финансылык тартиптин сакталышын камсыз кылат жана белгиленген
тартипте финансылык жана чарбалык ишмердик жөнүндө отчетторду берет.
V. Мүлкү жана финансылык ишмердиги
5.1. УМБнын материалдык базасын түзүү булактары:
- Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги тарабынан опера-
тивдүү башкаруу укугунда УМБга бекитилген мүлк;
- УМБнын бюджеттик каражаттарынын эсебинен алынган, анын ичинде
чарбалык ишмердиктен алынган кирешелердин эсебинен алынган мүлк.
- Кыргыз Республикасына мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка не-
гиздер боюнча УМБ тарабынан алынган мүлк.
- мамлекеттик бюджеттен түшкөн каражаттар;
- келишимдин негизинде иштерди жүргүзүү жана кызмат көрсөтүү иш-
мердигинен алынган кирешелер;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кошумчалары жана мак-
саттуу төгүмдөрү;
5.2. УМБнын карамагында турган бардык имараттар, курулмалар, парк
зонасы мамлекеттин коргоосунда турат жана Кыргыз Республикасынын Мада-
ният министрлигинин макулдугусуз ээликтен ажыратылбайт, алынбайт жана
пайдаланылбайт.
VI. УМБны жоюу же кайрадан түзүү
6.1. УМБны жоюу жана кайрадан түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына ылайык жүргүзүлөт.
6.2. УМБнын документтери Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республи-
касынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталат.
VII. УМБ жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тартиби
7.1. Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
чечим Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин коллегиясынын че-
чими менен кабыл алынат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 24-ноябрынын, № 418 "Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борборун тузуу жонундо" ЖарлыгыУказ · 24.11.2004 · № 418
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындаг ы №641 "Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПоложение · 08.09.2006 · № 641 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августундагы №489 ""Дордой" ассоциациясына К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген аймагын дене…Постановление · 03.08.2009 · № 489
- Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декбрындагы №608 токтому менен бекитилген)Положение · 23.12.2005 · № 608
- Маданият жөнүндөЗакон · 05.03.1992 · № 803-XII · Күчүн жоготкон