Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын экономика тармагынын жана калкынын 2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдыгынын жыйынтыктары жана өтүшүнүн жүрүшү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 24 мая 2006 года №379 "Об итогах прохождения осенне-зимнего периода 2005/2006 года и подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2006/2007 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-05-24.
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы №379 токтому менен
күчүн жоготкон
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 12-декабры, № 575
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын экономика тармагынын жана калкынын
2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдыгынын
жыйынтыктары жана өтүшүнүн жүрүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик
комитеттер, администрациялык ведомстволор, облустардын мамлекеттик
администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча
башкармалыктары, ошондой эле республиканын отун-энергетика
комплексинин ишканалары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
«Кыргыз Республикасынын эконимика тармагын жана калкын 2005/2006-
жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо үчүн көрүлүчү конкреттүү чаралар
жөнүндө» 2005-жылдын 14-майындагы № 187 жана «Кыргыз Республикасынын
экономика тармагын жана калкын 2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилине
даярдоонун жүрүшү жөнүндө" 2005-жылдын 6-августундагы № 355
токтомдорун аткаруу боюнча кыйла иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын
экономика тармагын жана калкын кышка даярдоо боюнча республикалык
штабдын заседаниелеринде 2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилине
даярдык көрүү мөөнөттөрүнөн кечигүү белгиленген жана министрликтердин,
ведомстволордун жана энергокомпаниялардын жетекчилерине конкреттүү
тапшырмалар берилген.
Жалпысынан республика боюнча отун даярдоо жагынан тапшырма 89
процентке, ал эми министрликтер боюнча 80 процентке аткарылган.
Республиканын бардык облустарында калкка көмүр сатуу пункттарынын
иштери калыбына келтирилген. Натыйжада калкка отун берүү жана сатуу
тапшырмалары Ысыккөл, Жалалабат жана Талас облустарынан башкаларында
аткарылды.
Көпчүлүк министрликтер жана администрациялык ведомстволор, .
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын
мэриялары, бөлүштүрүүчү электр компаниялары энергосистемалар өтө
оорчулукта иштегеп сааттарда электрказандарын өчүрүү графиктерин иштеп
чыгуу боюнча тапшырмаларды аткарууга үстүртөн мамиле кылышкан.
"Бишкекжылуулукэнерго" жана Кыргызтуракжайкоммунсоюздун коммуналдык
ишканалары (мындан ары - КИ) жылытуу казандарын тыштан электр менен
жабдууну Электр түзүлүштөрүн орнотуу эрежелеринин талаптарына ылайык
келтирүү боюнча тапшырманы аткарышкан эмес.
Бөлүштүрүүчү электр компаниялары күч келген трансформаторлор менен
зымдарды жарым-жартылай алмаштырып коюу менен гана чектелип, электр
тармактарын күчөтүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүшпөйт.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
"Капиталдык салымдар" статьясы боюнча көмүр казуучу ишканаларга
каралган 30 млн. сом бюджеттик каражаттан болгону 24 млн. сом же 70
процентин бөлгөн.
Бишкек шаарынын ТЭЦине көмүр даярдоо белгиленген тапшырмадан
кечигүү менен жүргүзүлөт: пландагы 572 мињ тоннадан 438 мињ тоннасы же
77 проценти, анын ичинде жергиликтүү көмүр - планда 72 мињ тонна
болсо, 9,3 мињ гана тонна же 13 проценти берилген.
Бишкек шаарынын ТЭЦине импорттук мазут берүү боюнча тапшырма
аткарылган эмес. 2005-жылдын 1-ноябрына карата тапшырмадагы 15 мињ
тонна мазуттан 50 тонна же 0,3 проценти гана берилген. Бишкек шаарынын
ТЭЦинде жазуучу мазуттун калдыгы 2005-жылдын 1-ноябрына карата 1,7 мињ
тоннаны түзөт.
"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна (мынданы ары - ААК)
"Электр станциялары" ААКынын карыз экендигине байланыштуу Ош шаарынын
ТЭЦине пландагы 12 мињ тонна мазуттан 5,7 мињ тонна мазуг же 47,5
проценти берилген. Ош шаарынын ТЭЦине "Кыргызнефтегаз" ААКы тарабынан
берилүүчү мазуттун калдыгы 7,7 мињ тоннаны түзөт.
Бөлүштүрүүчү энергокомпаниялар, облустардын мамлекеттик
администрациялары, Бишкек жана Ош таарларынын мэриялары злектр
тармактарында электр энергиясынын коромжулуктарынын дењгээлин
r5l5md5rүү жана колдонулган электр энергиясы үчүн дебитордук
карыздарды азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасын
аткарышкан эмес. Бөлүштүрүүчү энергокомпанияларда электр энергиясынын
коромжулуктары 39 проценти түзөт, бул пландагыдан 9 процентке жогору,
анын ичинде "Түндүк электр" ААКында - 41 процент, "Жалалабат электр"
ААКында - 39 процент, "Чыгыш электр" ААКында - 38 процент, "Ош электр"
ААКында - 37 процент. Өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда
электрэнергиясынын коромжулуктары 3 процентке өскөн.
Энергокомпаниялардын финансылык абалы кыйла начарлап кеткен.
Керектөөчүлөрдүн бөлуштүрүүчү электркомпанияларына дебитордук
карыздары 2,6 млрд. сомду тузгөн же жыл башынан бери 277 млн. сомго
көбөйгөн.
"Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы"
ААКына карыздар өсүүдө. 2005-жылдын 1-ноябрындагы абал боюнча "Электр
станциялары" ААКына карыздар 3 млрд. сомду түзөт жана жыл башынан бери
589 млн. сомго же 24 процентке өскөн, ал эми "Кыргызстандын улуттук
электр тармагы" ААКына карыздар - 2 млрд. сом жана 244 млн. сомго же
14 процентке өскөн.
Электрэнергиясын экспорттоо 2005-жылдын 1-ноябрындагы абал боюнча
2,2 млрд. кВт саатты түзгөн, бул өткөн жылдын ушундай мезгилине
караганда 15 проценткеке аз.
Жабдууларды капиталдык оњдоо жана капиталдык салымдар пландарын
аткаруу менен да кырдаал жакшырбай жатат: "Электр станциялары" ААКында
капиталдык салымдар 45 процентке, "Кыргызстандын улуттук электр
тармактары" ААКында -- 39 процентке, бөлүштүрүүчү электр компаниялары
боюнча - 8 ден 62 процентке чейин, "Бишкекжылуулуктармагы" ААКында -76
процентке өздөштүрүлгөн.
Газ тармагында да оор абал түзүлгөн. Жаратылыш газынын нормативден
ашыкча коромжулуктары 2005-жылдын 10 айында 86 млн. куб. метрди же
келген газдын көлөмүнүн 14 процентин түзгөн. Жаратылыш газын
керектөөчүлөрдүн дебитордук карыздары 2005-жылдын 1-ноябрындагы абал
боюнча 284 млн сомду, алардан калктыкы - 175 млн. сомду же 62
процентин түзгөн, алардын негизги бөлүгү өткөн жылдардан калган.
"Кыргызгаз" АКына "Электр станциялары" АЛКынын карызы азайган эмес
жана 14 млн. АКШ долларын түзөт.
Керектелген электр эпергиясы үчүн жарандардын жењилдик берилген
категорияларын каржылоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлиги тарабынан 91 процентке, керектелген жаратылыш газы үчүн
100 процентке, берилген көмүр үчүн - 85 процентке аткарылган. Энергия
булактарынын негизиги түрлөрүнө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү
компенсациялоо 93 процентке аткарылган.
2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде республиканын отун-
энергетика комплексинин ишенимдүү иштешин камсыздоо максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2005/2006-жылдын күзгү - кышкы мезгилине даярдыктын жыйынтыктары
жөнүндө облустардын мамлекеттик администрацияларынын,
министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, Бишкек жана Ош
шаарларынын мэрияларынын, отун-энергетика комплексининишканаларынын
жетекчилеринин маалыматтары көњүлгө алынсын.
2. "Көмүр" мамлекеттик ишканасы жана «Электр станциялары» ачык
акционердик коому Бишкек шаарынын ТЭЦине жергиликтүү көмүр даярдоо
боюнча тапшырманы аткарууну үзгүлтуккө учуратышканы белгиленсин.
Бишкек шаарынын ТЭЦине жергиликтүү көмүр берүү боюнча тапшырманы
аткарууну үзгүлтуккө учуратканы үчүн "Көмүр" мамлекеттик ишканасынын
башкы директорунун орун басары В.С. Холодковго сөгүш жарыялансын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын ТЭЦине жергиликтүү көмүр даярдоо
боюнча тапшырманы аткарууну үзгүлтүккө учуратканы үчүн "Электр
станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору
С.Э.Балкибековго сөгүш түрүндө дисциплинардык жаза колдонууну
белгиленген тартипте козгосун.
4. "Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жана калкын 2005/2006-
жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо үчүн көрүлүүчү конкреттүү чаралар
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-майындагы №
187 токтомун аткаруу мөөнөтторүн бөлүштүрүүчү электр компаниялары
Iзгүлтүккө учуратышканы белгиленсин.
5. "Түндук электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат электр" жана "Ош
электр" ачык акционердик коомдору:
- электр тармактарында электр энергиясынын коромжулуктарын,
керектелген электр энергиясы үчүн дебитордук карыздарды кыскартуу,
керектелген электр энергиясы үчүн акча каражаттарын жыйноо дењгээлин
көбөйтүү жана электр энергетика тармагында квазифискалдык тартыштык
көрсөткүчтөрү жагынан 2005-жылдын жыйынтыктары боюнча белгиленген
тапшырмаларды аткарууну камсыз кылышсын;
- "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр
тармактары" ачык акционердик коомдоруна карыздардын осүшүнө жол бербөө
боюнча шашылыш чараларды көрүшсүн;
- "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик
коомуна кыргыз энергосистемасынын иштешинин белгиленген режимин
камсыздоо үчүн түзүлгөн контракттарга ылайык керектелүүчү
кубаттуулуктун суткалык графигин жана керектелген электр энергиясынын
суткалык көлөмүн үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылышсын.
6. "Электр станциялары" ачык акционердик коому 2006-жылдын 1-
февралына чейин:
- Бишкек шаарынын ТЭЦине сапаттуу жергиликтүү жана Казакстан
көмүрүн, ошондой эле жагуучу мазутту берүү боюнча тапшырманы аткарууну
камсыздасын;
- "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому менен бирдикте Ош
шаарынын ТЭЦине жагуучу мазутту берүүнү аяктасын;
Токтогул ГЭСи үчүн 500 кВ реактор сатып алууга жана
монтаждоого каражат издеп табуу боюнча маселени чечсин.
7. Кыргызтуракжайкоммунсоюз, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык
ишканасы:
- жылытуу казандарын тыштан электр менен жабдуу схемаларын
реконструкциялоо боюнча иштерди каржылоо булактарын табуу жагынан
Кыргыз Республикасынын Өкмтүнө сунуш киргизисин.
8. "Кыргызгаз" акционердик коому:
- дебитордук карызы бар керектөөчүлөргө жаратылыш газын берүүлөрдү
чектөө боюнча иштерди улантсын;
- 2005-жылдын аягына чейин газды үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу
маселесин казак тарап менен жөнгө салуу боюнча чараларды көрсүн жана
2006-жылга Кыргыз Республикасына газ берүү жөнүндө өзбек тарап менен
сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- жарандардын жењилдик берилген категорияларына жана аз камсыз
болгон үй-бүлөлөргө негизги энергия булактары үчүн 2005-жылдын аягына
чейин көмүрдүн ордуна компенсацияларды толугу менен төлөөнү
камсыздасын;
- 2005-жылдын 20-декабрына чейинки мөөнөттө "Капиталдык салымдар"
статьясы боюнча калган каражатты көмүр казуучу ишканаларга көтөрсун.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ
боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы
саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги менен
бирдикте «Эсептешүү-аманат компаниясы" ачык типтеги акционердик коому
аркылуу топтолуучу жана бөлүштүрүлүүчү акча каражаттардын
чегерүүлөрдүн процентин оптималдуу дењгээлде камсыздоо механизмин 2005-
жылдын аягына чейин иштеп чыксын.
11. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2005-жылдын 14-майындагы № 187
токтомунун 4-пунктунда электр станциялары үчүн белгиленген
тапшырмаларга ылайык Бишкек шаарынын ТЭЦине көмүр жеткирүүнү камсыз
кылсын;
- 2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгили аяктаганга чейин "Электр
станциялары" ачык акционердик коомунан 2005-жылдын 1-октябрындагы абал
боюнча карыздарын өндүрүүнү токтото турсун.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ
боюнча мамлекеттик инспекция 2005-жылдын аягына чейин энергетика
компаниялары менен бирдикте дебитордук карыздары бар керектөөчүлөргө
электр энергиясын берүүгө чектөө киргизүү механизмин иштеп чыксын.
13. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош
шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин жањы
окуу жылына карата даярдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнун 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 438 токтомунун 11-пунктунун
жылытуу жана от жагуу системаларын ишке даярдоону аяктоо, мектептер
үчүн катуу отун сатып алууну толук көлөмүндө каржылоону камсыздоо
бөлүгүн сөзсүз аткарууну камсыз кылышсын.
14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси, кењ
казып алуучу тармактар жана жаратылыш ресурстары бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 24 мая 2006 года №379 "Об итогах прохождения осенне-зимнего периода 2005/2006 года и подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской…Постановление · 24.05.2006 · № 379 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-майынын № 187 "Кыргыз Республикасынын 2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жана калкын…Постановление · 14.05.2005 · № 187 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 24 мая 2006 года №379 "Об итогах прохождения осенне-зимнего периода 2005/2006 года и подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской…Постановление · 24.05.2006 · № 379 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 15-сентябрындагы, № 438 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим беруучу мекемелеринин жаны окуу жылына даярдыгы жонундо" токтомуПостановление · 15.09.2005 · № 438 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 6 августа 2005 года N 355 "О ходе подготовки отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2005/2006 года"Постановление · 06.08.2005 · № 355 · Күчүн жоготкон