Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун «Кыргыз Республикасынын жалпы билим беруучу мекемелеринин жаны окуу жылына даярдыгы жонундо» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 15-сентябры № 438
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын жалпы билим
берүүчү мекемелеринин жањы окуу
жылына даярдыгы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 2-июнундагы № 260 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелеринин иштеши
үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Мектептик билим берүүнүн билим берүүчү мекемелерин жањы окуу
жылына даярдоо жөнүндө Кыргыз Республиксынын Билим берүү министрлиги-
нин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республика-
сынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, облустук мамле-
кеттик администрациялардын маалыматтары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-
рлиги:
- 2005-жылдын аягына чейин төмөнкү мектептердин курулуштарын
бүткөрүп, пайдаланууга берүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн:
Ош облусундагы Ноокат районунун Жатан айылындагы Ысмайыл атындагы
мектептин (8,4 млн.сом),
Баткен облусундагы Лейлек районунун Карасуу айылындагы Б.Эралиев
атындагы мектептин (2,0 млн.сом),
Жалалабат облусундагы Аксы районунун Райкомол айылындагы Ташкулов
атындагы мектептин (2,5 млн.сом),
Жалалабат облусундагы Сузак районунун Түкүбай айылындагы Тайгараев
атындагы мектептин (9,9 млн.сом),
Ош облусундагы Ноокен районунун Бүргөндү айылындагы мектептин;
- жер көчкүнүн жана өрттүн кесепетинен жабыркаган төмөнкү мектеп-
тердин курулушун ишке ашырсын:
Ош облусундагы Алай районунун Акбосого айылындагы Тукеев атындагы
мектептин (12,0 млн.сом);
Ош облусундагы Өзгөн районунун Караколот айылындагы "Октябрь Туу-
су" атындагы мектептин (5,5 млн.сом);
жер көчкүнүн алдына калуу коркунучундагы төмөнкү мектептердин ку-
рулушун 2006-жылга капиталдык салымдардын планына киргизүү боюнча шашы-
лыш чараларды көрсүн жана мектептердин курулушун аяктоо үчүн керектүү
өлчөмдөгү каражаттарды бөлсүн:
Ош облусундагы Каракулжа районунун Алтын-Күрөк айылындагы, Жалала-
бат облусундагы Аксы районунун Жылгын айылындагы;
- облустардын, райондордун мамлекеттик администрациялары менен
бирдикте өрткө каршы коопсуздуктун эрежелери боюнча ар бир айыл
өкмөтүндө жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилерин окутууну
өткөрсүн жана билим берүүчү мекемелердин бардыгында өрткө каршы кооп-
суздуктун абалына жооптуу адамдарды аныктасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн мектептердин курулушун
бүтүрүү үчүн 41,6 млн.сом суммасындагы кошумча акча каражатын издеп
тапсын жана Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар ми-
нистрлигине бөлсүн;
- Ош, Талас, Баткен жана Жалалабат облустарынын мамлекеттик адми-
нистрациялары менен бирдикте төмөнкү мектептердин курулуштарын
2005-жылдын аягына чейин бүтүрүү үчүн зарыл өлчөмдө стимулдоочу грант-
тын алкагында үлүштүк башталышта каражат бөлсүн:
Ош облусундагы Өзгөн районунун Чангет айылындагы Жумабаев атындагы
мектептин,
Талас облусундагы Талас районунун Көккашат айылындагы А.Огомбаев
атындагы мектептин,
Баткен облусундагы Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас атын-
дагы мектептин,
Жалалабат облусундагы Базаркоргон районунун Чарбак айылындагы Фур-
хат атындагы мектептин;
- Жалалабат облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте
Жалалабат облсундагы Токтогул районунун Кызыл-Туу айылындагы Мүлкүбатов
атындагы мектептин курулушун 2006-жылдын 1-августуна чейин бүтүрүү үчүн
стимулдоочу гранттын алкагында зарыл өлчөмдөгү акча каражаттарын
үлүштүк башталышта караштырсын;
Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын
Билим берүү министрлиги менен бирдикте Ош облусунун Ноокат районундагы
Күлүштан жана Карасуу районундагы Миялы айылындагы бузулуу абалында жа-
на жеркөчкү коркунучунда калган мектептерди куруу маселеси боюнча шашы-
лыш чараларды көрүшсүн;
- "Капиталдык салымдар" статьясын түзүү учурунда мектеп жабдуула-
рын орнотуу жана эмеректер менен камсыз кылууну камтуу менен билим
берүү мекемелерин курууга финансылык каражат караштырсын;
- "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга карата республикалык бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдоодо "Жаш муга-
лимдин депозити" программасын ишке ашырууга каражат караштырсын;
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-сентябрындагы N
702 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында
жаш адистерди бекемдөө боюнча иш-чаралар жөнүндө" токтому менен беки-
тилген "Жаш мугалимдин депозити" программасынын алкагында 2006-жылы ча-
кан шаарлар үчүн квоталарды бөлүүнү караштырсын, жогорку окуу жайлары-
нын педагогикалык адистиктердеги бүтүрүүчүлөрүнүн арасында түшүндүрүү
иштерин күчөтсүн;
- окуу адабияттарынын сапатын жакшыртуу жана мектеп окуучуларын
окуу китептери, ал эми мугалимдерди усулдук материалдар менен камсыз
кылууну жакшыртуу үчүн 2005-жылдын 1-октябрына чейин жањы муундагы окуу
китептерди даярдоо жана басып чыгаруу боюнча координациялык кењеш түзүү
боюнча сунуш киргизсин;
- алыскы жана бийик тоолуу райондордун мектептерин педагогикалык
кадрлар менен камсыз кылуу максатында мамлекеттик бюджеттин эсебинен
кадрларды даярдоонун артыкчылыктары менен критерийлерин кайра карап
чыксын;
- республиканын жалпы билим берүүчү мектептери үчүн табият таануу
илимдери боюнча россиялык окуу китептерин адаптациялоо жана аларды ки-
йин кыргыз тилине которуу маселесин иштеп чыксын.
5. Ош жана Жалалабат облустарынын мамлекеттик администрациялары
2005/2006-окуу жылын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн 2005-жылдын 1-октябрына
чейин жер көчкүнүн алдында калуу коркунучунда турган төмөнкү мектептер-
де окуу-тарбия процессин улантуу үчүн шарттарды түзүү боюнча кечикти-
рилгис чараларды көрүшсүн:
Ош облусунун Ноокат районундагы Күлүштан айылындагы, Карасуу райо-
нундагы Миялы айылындагы, Каракулжа районундагы Алтын Күрөк айылындагы,
Жалалабат облусунун Аксы районундагы Жылгын айылындагы.
6. Талас облусунун мамлекеттик администрациясы Талас шаарынын N 6
мектебинин түшүп калган чатырынын бөлүгүн калыбына келтирүү боюнча ша-
шылыш чараларды көрсүн.
7. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы Чүй облусунун Сокулук
районундагы Новопавловка айлындагы N 1 мектеп-гимназиясынын корпусун
калыбына келтирүү боюнча чараларды көрсүн. 5 млн.сом суммадагы акча ка-
ражатын үлүштүк башталышта тиешелүү түрдө төмөнкүдөй бөлсүн:
Чүй облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан - 2,0 млн. сом;
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы тарабынан -
1,0 млн. сом;
Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан - 1,0 млн.
сом;
Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги
тарабынан - 1,0 млн. сом.
8. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасы-
нын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Респубикасынын
Билим берүү министрлиги Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка
айлындагы N 1 мектеп-гимназиясында болгон өрттүн кесепетинен келтирил-
ген материалдык олуттуу зыянга күнөөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчилик
дењгээлин аныкташсын жана чара көрүшсүн.
9. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 260
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги, Кыргыз Респуб-
ликасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экология жана
өзгөчө кырдаалдар министрлиги, облустардын мамлекеттик администрацияла-
ры "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда каралган "Капиталдык салым-
дар" статьясы боюнча каражаттарга ылайык 2006-жылдын 1-январына карата
төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизишсин:
- курулуштарын 2006-жылы бүткөрүү зарыл болгон мектептердин тизме-
син;
- курулуштарын 2006-жылы баштоо зарыл болгон мектептердин тизме-
син.
11. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаар-
ларынын өз алдынча башкаруу органдары:
- билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын
өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча иштерди күчөтүшсүн жана
үлүштүк салымдарды камсыз кылышсын;
- 2006-жылга бюджетти түзүүдө билим берүү мекемелерине капиталдык
ремонт жүргүзүүгө, окуу эмеректерин сатып алууга сөзсүз түрдө финансы-
лык каражат карашсын;
- республикалык бюджеттен стимулдоочу грант бөлүүдө үлүштүк салым-
ды камсыз кылуу үчүн каражат издеп табышсын;
- билим берүү мекемелеринде өрткө каршы коопсуздукту күчөтүү жана
коопсуздук техникасынын эрежелерин аткаруу боюнча зарыл чараларды
көрүшсүн, билим берүү мекемелерин өрткө каршы коопсуздук каражаттары
менен борбордоштуруп камсыз кылышсын;
- жылытуу системалары менен өт казандарды иштөөгө даярдоону өз
учурунда аякташсын, катуу отун сатып алууну толук өлчөмдө каржылоону
жана ведомствого таандык республикалык мекемелерди капиталдык ремонтто-
ону камсыздашсын;
- жаш мугалимдер үчүн зарыл турак-жай шарттарды түзүшсүн.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылынын 2-июнундагы №260 " Кыргыз Республикасында билим берүү системасын келечектүү өнүктүрүүнүн айрым маселелери жөнүндө"токтомуПостановление · 02.06.2008 · № 260
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-февралындагы № 93-б (Жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо жана…Распоряжение · 27.02.2006 · № 93
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-декабрындагы № 575 " Кыргыз Республикасынын экономика тармагынын жана калкынын 2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдыгынын…Постановление · 12.12.2005 · № 575 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Правительства КР от 7 февраля 2006 года №50-р (Утвердить прилагаемый состав Правительственной комиссии по зак- реплению общеобразовательных организаций для…Распоряжение · 07.02.2006 · № 50 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылынын 2-июнундагы №260 " Кыргыз Республикасында билим берүү системасын келечектүү өнүктүрүүнүн айрым маселелери жөнүндө"токтомуПостановление · 02.06.2008 · № 260
- Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 04.04.2006 · № 82
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004- жылдын 21- сентябрынын № 702 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим беруу уюмдарына жаш адистерди бекитуу боюнча чаралар…Постановление · 21.09.2004 · № 702 · Күчүн жоготкон