Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын 2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жана калкын даярдоо үчүн көрүлүүчү конкреттүү чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 24 мая 2006 года №379 "Об итогах прохождения осенне-зимнего периода 2005/2006 года и подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2006/2007 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-05-24.
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы №379 токтому менен
күчүн жоготкон
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 14-майы № 187
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилине Кыргыз
Республикасынын экономика тармагын жана калкын
даярдоо үчүн көрүлүүчү конкреттүү чаралар
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик комитет-
тер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администра-
циялар, Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары,
отун-энергетика комлексинин ишканалары тарабынан 2005/2006-жылдын
күзгү-кышкы мезгилине даярданууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн че-
чимдерин аткаруу жана жылытуу сезонунда комплекстин ишенимдүү иштешин
камсыз кылуу боюнча кыйла иштер жасалгандыгын белгилейт.
Республиканын министрликтери жана ведомстволору республикалык бюд-
жеттин эсебинен 115 мињ тонна көмүр же пландаштырылган көлөмдүн 92 про-
центтин; жергиликтүү бюджеттин эсебинен 72 мињ тонна көмүр же 63 про-
центтин даярдашкан.
Облустардын мамлекеттик администрациялары, "Көмүр" мамлекеттик иш-
канасы тарабынан региондордо көмүр сатуу пункттарын түзүү боюнча иштер
жүргүзүлгөн. Натыйжада республиканын калкына 567 мињ тонна же отундун
белгиленген тапшырмасынын 99,5 проценти берилген.
Республиканын калкын жана экономика тармактарын энергия менен жаб-
дуу күзгү-кышкы мезгилде, айрыкча 2005-жылдын январь-февралында өтө оор
болду. Отун жана энергетика ресурстарына Кыргыз Республикасынын калкы-
нын жана экономика тармагынын керектөөсүнүн балансташпагандыгы, электр
керектөө режимдерин башкаруунун натыйжалуу механизминин жоктугу, жылуу-
лук менен жабдуунун сапатынын начардыгы Кыргыз Республикасынын энерго-
системасында кубаттуулукту жана электр энергиясын керектөөнүн башкарыл-
гыс өсүшүнө алып келди. Оорчулуктун өсүшү менен катар Бишкек шаарынын
ТЭЦинен электрге оорчулук келтирбөө графигин аткарбашы орун алган.
Бул "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик ко-
омунун система түзүүчү тармактарына жол берилгис оорчулук алып келип,
ал алдыдагы күзгү-кышкы мезгилде андан ары авариялык кырдаалдын пайда
болушун жаратышы мүмкүн.
От жагуучу жайлардын токтоп калышынын жана керектөөчүлөрдүн жылуу-
лук менен жабдуу боюнча кызматтардан баш тартышынын тенденциясы улануу-
да, бул көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын төмөндүгү жана калктын аз
камсыз болгон катмарынын жылуулук энергиясына акы төлөөгө кудуретсизди-
ги менен шартталган.
Жетекчилик тарабынан көрүлүп жаткан администрациялык чараларга ка-
рабастан энергокомпаниялардын финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрү
жакшырбай жатат.
Бөлүштүрүүчү электр компанияларындагы электр энергиясынын коромжу-
луктары 2005-жылдын 1 кварталында 46,9 процентти түзгөн, бул 2004-жыл-
дын ушундай мезгилиндеги көрсөткүчтөн 5 процентке жогору.
Керектелген электр энергиясы үчүн өз ара эсептешүүлөр жана бартер
жолу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн чечимине карабастан акчалай эмес төлөмдөр жалпысы-
нан товардык продукциянын 56 процентин түзгөн. Бөлүштүрүүчү электр ком-
панияларынын акча каржаттарын чогултуу дењгээлинин төмөндүгү дебитордук
карыздын көбөйүшүнө алып келди, ал 2004-жылдын апрелинен тартып 988
млн. сомго өсүп, 2005-жылдын 1-апрелиндеги абал боюнча 2605 млн. сомду
түзгөн. Ушунун кесепетинен "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын
улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомдоруна алардын креди-
тордук карыздарынын 1073 млн. сомго көбөйүшүнө алып келген, ал
2005-жылдын 1-апрелиндеги абал боюнча 4820 млн. сомду түзүп, дебитордук
карыз 2215 млн. сомго ашып кеткен. Ал тургай учурдагы төлөмдөр 100 про-
цент төлөнсө да бөлүштүрүүчү электр компаниялар "Электр станциялары"
жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомдо-
руна негизги карыздарын толук көлөмдө төлөй алышпайт.
Отун-энергетика комплексинин ишенимдүү жана туруктуу иштешин кам-
сыздоо, министрликтерди, уюмдарды, мекемелерди өз учурунда даярдоо,
2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде калкты отун менен камсыз кылуу
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынын
экономика тармагын жана калкын даярдоо боюнча N 1 тиркемеге ылайык ку-
рамда республикалык штаб түзүлсүн.
Республикалык штаб ай сайын өзүнүн заседаниелеринде 2005/2006-жыл-
дын күзгү-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жа-
на калкын даярдоонун жүрүшүн карап турсун.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лар жана Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары
Кыргызтуракжайкоммунсоюздун, "Көмүр" мамлекеттик ишканасынын, "Кыргыз-
газ" акционердик коомунун, "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш
электр", "Жалалабат электр", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары",
"Электр станциялары", "Кыргызнефтегаз" жана "Бишкек жылуулук тармагы"
ачык акционердик коомдорунун жетекчилери менен бирдикте:
- 2004/2005-жылдын жылытуу мезгилинин өтүшүнүн жыйынтыктарын эске
алуу менен алдыдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү боюнча уюшту-
руу-техникалык иш-чараларды бир жумалык мөөнөттө иштеп чыксын;
- кышкы шарттарда иштөөгө даярдоо боюнча туруктуу иштөөчү штабда-
рын түзүшсүн жана жарандардын жењилдик берилген категорияларына кара-
жаттарды бөлүүгө жана калктын отун менен камсыз болушуна өзгөчө көњүл
буруу менен экономика тармагынын объекттерин жана калкты күзгү-кышкы
мезгилге даярдоонун жүрүшүн алардын заседаниелеринде дайыма карашсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик
агентствонун алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекци-
янын өкүлдөрүн штабдардын курамдарына киргизишсин;
- жылытуу котельныйларын 2005-жылдын 1-сентябрына чейин
2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилине иштөөгө даярдашсын;
- 2005-жылдын 1-ноябрына карата котельныйларга отундун запасынын N
2 тиркемеге ылайык белгиленген тапшырманын кеминде 75 процентин
түзүшсүн;
- 2006-жылдын 1-февралына карата отунду ташып келүүнү толук аяк-
ташсын;
- жылытуу котельныйларын, ошондой эле отун-энергетика комплексинин
ишканаларынын даярдыгын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентствонун алдындага Энергети-
ка жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын персоналын тартуу менен жу-
мушчу комиссияларды түзүшсүн жана 2005-жылдын 10-октябрына чейин ушул
объекттерди текшерүүнү камсыз кылышсын. Комиссиялардын иштеринин жыйын-
тыктары боюнча жылытуу мезгилине ишке даярдык актысын түзүүнү камсыз
кылышсын. Облустарга, министрликтерге, ведомстволорго, отун-энергетика
комплексинин ишканаларына карата текшерүүнүн жыйынтыктарын 2005-жылдын
15-октябрына чейин республикалык штабдын кароосуна беришсин;
- "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат
электр", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Электр станцияла-
ры", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдоруна, "Кыргызгаз"
акционердик коомуна, Кыргызтуракжайкоммунсоюзга жана республиканын
көмүр казуучу ишканаларына керектөөчүлөрдүн дебитордук карыздарын жоюу
боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн N 3 тиркемеде
аныкталган тапшырмаларынын сакталышын камсыз кылышсын.
3. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы жана Кыргызтурак-
жайкоммунсоюз 2005-жылдын 1-октябрына чейин Каракол шаарынын "Каш-
ка-Суу" кичи районундагы локалдуу котельныйдын курулушун бүткөрүшсүн
жана 2005-жылдын 1-ноябрына карата 2005/2006-жылдын жылытуу мезгилине
анын даярдыгын камсыз кылышсын.
4. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөрдү кам-
сыздоо сунуш кылынсын:
- 2005-жылы электр станцияларында 14,8 млрд. кВт саат, 2006-жылдын
I кварталында - 4,8 млрд. кВт саат, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарла-
рынын ТЭЦтеринде N 4 тиркемеде белгиленген көлөмдөрдө электр энергиясын
иштеп чыгуу;
- Бишкек шаарынын ТЭЦинде - электр оорчулугун 300 МВтдан кем эмес,
жылуулук оорчулугун 850 Гкал.сааттан аз эмес камсыздоо;
- күзгү-кышкы мезгилден өтүү үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦ-
теринде көмүрдү, жаратылыш газын жана отун мазутун төмөнкүдөй
көлөмдөрдө: көмүр - 750 мињ тонна, анын ичинде ата мекендик көмүр - 120
мињ тонна, алардан Каракече көмүр кенинен - 113 мињ тонна жана Ташкөмүр
кенинен - 7 мињ тонна, 210 млн. куб. метр жаратылыш газын, 35 мињ тонна
отун мазутун даярдоо жана 2005-жылдын 1-октябрына карата 330 мињ тонна
көмүр, 22 мињ тонна отун мазутунун; 2006-жылдын 1-январына карата - 250
мињ тонна көмүр, 20 мињ тонна мазут отунунун запасын түзүү;
- 2005-жылдын 15-октябрына чейин Үчкоргон ГЭСинде N 2 гидрогенера-
торду ишке киргизүү;
- 2005-жылдын май айында Токтогул ГЭСи үчүн 500 кВ Л-509 реактору-
нун фазасын сатып алуу маселесин иштеп чыгуу жана аны берүүгө келишим
түзүү;
- 2006-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө "Кыргызгаз" акционердик
коомуна 123 млн. АКШ доллары суммасындагы карызды макулдашылган график
боюнча төлөө.
5. Төмөнкүлөрдү берүүнү камсыз кылуу сунуш кылынсын:
- "Кыргызгаз" акционердик коому 2005-жылы 260 млн. куб.метр,
2006-жылдын I кварталында - 145 млн.куб.метр жаратылыш газын, 1415 тон-
на суюлтулган газды;
- "Кыргызнефтегаз" акционердик коому жана "Кыргыз Петролиум компа-
ни" биргелешкен ишканасы - төмөнкүдөй отун мазутун:
Кыргызтуракжайкоммунсоюзга - 20 мињ тонна, анын ичинде чийки неф-
тинин импортунун эсебинен;
"Электр станциялары" ачык акционердик коомуна - 20 мињ тонна;
- "Көмүр" мамлекеттик ишканасы - 420 мињ тонна көмүр.
6. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы:
- Бишкек шаарынын ТЭЦинде оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү
үчүн "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна ай сайын 2,5 млн.
сом өлчөмүндө которууну камсыз кылсын;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому менен бирдикте Биш-
кек шаарынын ТЭЦине каракече көмүрүн ташып жеткирүү үчүн "Көмүр" мамле-
кеттик ишканасынын расчеттук эсебине 7,4 млн. сом өлчөмүндө ай сайын
акча каражаттарын, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен каржылануучу
электр жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн учурдагы төлөмдөрдүн
эсебине Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы 3 млн. сом
жана "Электр станциялары" ачык акционердик коому өз каражаттарынын эсе-
бинен 4,4 млн. сом которууну камсыз кылсын;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому үчүн Бишкек шаардык
суу каналы тарабынан муздак сууга тарифти өздүк наркынын дењгээлине че-
йин азайтуу жөнүндө маселени депутаттардын Бишкек шаардык кењешинин ке-
зектеги сессиясына киргизсин.
7. Облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаар-
ларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары:
- күзгү-кышкы мезгилге объекттерди даярдоого жергиликтүү бюджеттен
өз учурунда каржылоону камсыз кылышсын;
"Көмүр" мамлекеттик ишканасы, "Кыргызгаз" акционердик коому менен
бирдикте:
- региондордо көмүр сатуу пункттарынын сапаттуу иштешин уюштуруш-
сун;
- көмүр ташып жеткирүү жана аны сатып алуучуларга жеткирүү боюнча
транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурушсун;
- суюлтулган газды ташууну жана аны калкка N 2 тиркемеге ылайык
көлөмдөрдө берүүнү камсыздашсын;
- Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Түндүк
электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр" ачык акционер-
дик коомдору менен бирдикте:
- жылытуу жана ысык суу менен жабдуу үчүн колдонулуучу электр ко-
телдорун энергосистемасынын болушунча иштөө бөлүгүнө сөзсүз ажыратуу
менен 2005-жылдын 1-сентябрына чейин алардын иштөө графиктерин иштеп
чыгышсын жана графикти структуралык подразделениелерге жеткиришсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мам-
лекеттик агентствонун алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик
инспекция электр котелдорунун иштөө графигинин аткарылышына контролдук-
ту камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- бюджеттик мекемелерге берилген көмүр үчүн бюджеттик ке-
ректөөчүлөрдүн дебитордук карыздарын 2005-жылдын 1-июлуна чейин салыш-
тырууну жана жоюуну жүргүзсүн;
- 2005-жылдын 1-июнуна чейин бюджеттик уюмдардын көмүр сатып алуу
боюнча чыгымдарын каржылоонун графигин борбордук тендердик комиссиянын
чечиминин негизинде түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-
раштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мам-
лекеттик комиссия тарабынан тастыкталган кыргыз көмүрүн берүүчүлөр ме-
нен аларга ушул жылдын июнь-июлунда 20 проценттик алдын ала төлөмдөрдү
бөлүүнү караган келишимдерди берүү боюнча графикти бекитсин;
- төлөбөй коюулардын себептери боюнча электр-жылуулук энергиясын
өчүрүп коюуга жол бербөө максатында ушул айдын 1индеги абал боюнча ке-
ректелген электр жана жылуулук энергиясы үчүн бюджеттик керектөөчүлөрдү
өз учурунда каржылоону ишке ашырсын;
- "Танкы-Сервис" жоопкерчилиги чектелген коомунун жана бюджеттик
уюмдардын балансында турган электр жана жылуулук тармактарын балансына
кабыл алууда "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат
электр" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомдорунун чы-
гымдарын жабууга каражаттарды этап боюнча белүүнү камсыз кылсын;
- көмүр казып алуучу ишканаларга 2005-жылдын биринчи жарымынан ке-
чиктирбестен "Капиталдык салымдар" статьясы боюнча каралган 30 млн.
сомду бөлүп берсин;
- Фрунзе - Ала-Арча ВЛ-220 кВ электр өткөргүчүнүн система түзүүчү
линиясынын курулушун өз учурунда аяктоого 94,4 млн.сом өлчөмүндө кара-
жатты 2005-жылга эсепке алсын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-
кеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик
салык инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик
бажы инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен бирдикте
күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү убагында "Электр станциялары", "Кыр-
гызстандын улуттук электр тармактары", "Бишкекжылуулуктармагы", "Кыр-
гызнефтегаз" ачык акционердик коомдорунун, бөлүштүрүүчү электр компани-
яларынын, "Кыргызгаз" акционердик коомунун, "Жылуулуккоммунэнерго",
Кыртызтуракжайкоммунсоюз ишканаларынын, "Кыргыз Петролиум компани" бир-
гелешкен ишканасынын, отун даярдоого катышкан ишканалардын расчеттук
эсептеринин жабылышына жол бербесин;
- 2005-жылы жана андан кийинки жылдарда өзгөчө кырдаалдардын алдын
алуу жана жоюу фондунан табигый кырсыктардын (жер көчкү, сел, кар
көчкү, тоодогу көлдүн жырылып кетиши ж.б.у.с.) натыйжасында бузулган
объекттерди калыбына келтирүү боюнча "Кыргызстандын улуттук электр тар-
мактары", "Электр станциялары" ачык акционердик коомдору жана
бөлүштүрүүчү энергокомпаниялар тарабынан жүргүзүлүүчү иштерди иш
жүзүндө кеткен сарптоолордун чектеринде каржылоону камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жана Кыр-
гыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода минист-
рлигинин Кыргыз Республикасынын отун-энергетика балансын түзүүгө чыгым-
дар статьясын 2006-жылга республикалык бюджетте карасын.
10. "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармакта-
ры", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр",
"Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдоруна төмөнкүлөрдү кам-
сыздоо сунуш кылынсын:
- 2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилинен өтүү үчүн зарыл болгон
жылуулук жана гидроэлектрстанцияларын, электр жана жылуулук тармактарын
даярдоо, ошондой эле планга ылайык 2005-жылы ВЛ 0,4-10 кВ жана ТП
10/0,4 кВ куруу жана реконструкциялоо;
- "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармак-
тары" ачык акционердик коомдору үчүн кошумча каражаттарды которууну
көбөйтүү менен эсептешүү-аманат компаниясы аркылуу гана керектөөчүлөр
алган электр энергиясы үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
- электр энергиясын сатып алууга жана жеткирүүгө түзүлгөн конт-
ракттардын шарттарын аткарбаган жана кубаттуулукту жогорку чегинен ашы-
рып жиберген учурда электр энергиясын жеткирүүгө же берүүгө түзүлгөн
контрактка ылайык аракеттенүү сунуш кылынсын.
11. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик ко-
омуна төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- 2005-жылдын 15-ноябрына чейин Фрунзе - Ала-Арча ВЛ-220 кВ электр
өткөрүү линиясынын курулушун жана "Ала-Арча" подстанциясынын 220 кВ
ячейкасынын жабдууларын долбоорлоо, комплектөө жана монтаждоо менен
"Фрунзе" 220 кВ подстанциясынын ачык бөлүштүргүч түзүлүшүн реконструк-
циялоону аяктоо;
- 2005-жылдын 15-ноябрына чейин 220 кВ ячейканы, 110 кВ ячейканы
жана N 3 автотрансформаторду монтаждоо менен "Кара-Балта" 220 кВ подс-
танциясынын 220-110 кВ ачык бөлүштүргүч түзүлүшүн реконструкциялоону
бүткөрүү;
- Борбордук Азиянын бириккен энергетика системасынын курамында
кыргыз энергосистемасынын туруктуу удаалаш ишин жана Борбордук Азия
энергосистемадары жана "Энергия" бириккен диспетчердик борбору менен өз
ара аракеттенүүнү камсыз кылуу.
12. Кыргызтуракжайкоммунсоюз, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык
ишканасы "Бишкекжылуулуктармагы" жана "Электр станциялары" ачык акцио-
нердик коомдору менен бирдикте:
- 2005/2006-жылдын жылытуу сезону башталганга чейин жылытуу ко-
тельныйларынын тышкы электр менен жабдуу схемасын электр түзүлүштөрүн
орнотуу эрежелерин талаптарына ылайык келтирүү боюнча чараларды
көрүшсүн;
- 2005-жылдын 1-августуна чейин борбордук жылуулук менен жабдуудан
баш тартышкан жана жылуулук менен жабдуунун локалдуу булактарына
өтүшкөн тиричиликтик керектөөчүлөрдү жана социалдык-маданий жана тири-
чилик багытындагы объекттерди инвентаризациялоо жүргүзүшсүн. Жылуулук
менен жабдуунун жеке булактарында колдонуучу отундун же энергиянын
түрүн көрсөтүү менен инвентаризациялоонун жыйынтыктарын тиешелүү
бөлүштүрүүчү электр компанияларына беришсин.
13. "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат
электр" ачык акционердик коомдоруна төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- бюджеттик уюмдар менен өз ара эсептешүүлөрдү ушул айдын 1индеги
абал боюнча жүргүзүү. Өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү убагында ушул ай-
дын аягына чейин бюджеттик уюмдарды өчүрбөө;
- 2005-жылдын 1-октябрына чейин борбордук жылуулук менен жабдуудан
баш тарткан жана жылытуу, ысык суу менен жабдуу максаттары үчүн электр
энергиясын колдонушкан керектөөчүлөр жайгашкан райондордогу электр тар-
мактарын күчөтүү боюнча чараларды көрүү;
- техникалык шарттар жана түзүлгөн контракт менен аныкталуучу пай-
даланууга уруксат берилген кубаттуулукту киргизүүгө ток чектөөчү
түзүлүштөрүнүн ылайык келүү предметине 2005-жылдын 1-сентябрына чейин
керектөөчүлөрдү инвентаризация жүргүзүү. Электр кубаттуулугуна керектөө
көбөйүп кеткен учурда жањы техникалык шарттарды алуу жана толук аткару-
уга керектөөчүлөрдү милдеттендирүү.
14. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана
соода министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
(макулдашуу боюнча) 2006-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө 2008-жылга
чейинки перспектива менен 2006-жылга республика боюнча отун-энергетика-
лык балансты иштеп чыгышсын.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча
мамлекеттик агентство "Кыргызстандын улуттук электр тармактары",
"Электр станциялары" ачык акционердик коомдорун, энергия бөлүштүрүүчү
компанияларды, Кыргызтуракжайкоммунсоюзду жана "Бишкекжылуулукэнерго"
коммуналдык ишканасын тартуу менен 2005-жылдын 1-августуна чейин:
- "Электр энергиясын керектөөчүлөрдү өчүрүү (чектөө) графиктерин
жана кыргыз энергосистемасында аварияга каршы автоматиканы иштеп чыгуу
жана колдонуу тартиби жөнүндө" нускаманы иштеп чыксын;
- керектөөчүлөргө жана бөлүштүрүүчү электр компанияларына электр
жана жылуулук энергиясынын жањы кубаттуулуктарын кошууга жана колдонуу-
дагыларын көбөйтүүгө тарифтерди белгилөө боюнча методиканы иштеп чыксын
жана бекитсин;
- төмөнкү токтом долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнө киргизсин:
- электр энергетика жана жылуулук энергетика объекттеринин
күзгү-кышкы мезгилде иштөөгө даярдыгы жөнүндө жобону даярдык актысын
тариздөө менен бекитүү тууралуу;
- борбордук жылуулук менен жабдуу зоналарында жылытуу жана ысык
суу менен жабдуу максаттарына электр энергиясын пайдаланууну тартипке
келтирүү жөнүндө.
16. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коому-
нун электр өткөргүч линияларын жана энергетика жабдууларын оњдоо боюнча
анын балансында турган жана Өзбекстан Республикасынын, Казакстан Рес-
публикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймактарында жайгашкан
оњдоо-техникалык персоналын ишке киргизүү үчүн визаларды алууга көмөк
көрсөтсүн.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча
мамлекеттик агентство, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү,
өнөр жай жана соода министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба
жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаменти жана
"Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары ачык ак-
ционердик коомдору, "Кыргызгаз" акционердик коому менен бирдикте
2005-жылдын май айында 2005-жылга жана 2006-жылдын I кварталында На-
рын-Сырдарыя бассейнинин суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюн-
ча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн, көп тараптуу жана эки тараптуу өкмөттөр
аралык документтердин долбоорлорун макулдашсын.
18. Энергокомпанияларга өэдөрүнүн контракттык милдеттенмелерин
ушул токтомго ылайык келтирүү сунуш кылынсын.
19. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ве-
домстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош
шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары, республиканын
отун-энергетика комплексинин ишканаларынын жетекчилери ушул токтомду
аткаруу, ошондой эле негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр боюн-
ча ушул айдын 1, 10 жана 20сындагы абал боюнча тийиштүү түрдө ушул ай-
дын 7,17 жана 27сине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Энергетика боюнча мамлекеттик агентствосуна маалымат берүү боюнча ар
бир декадалык отчетуулуктун мөөнөттөрүн белгилешсин.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча
мамлекеттик агентство алынган материалды жалпыласын жана ушул айдын 10,
20 жана 30уна чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппара-
тына берсин.
21. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
"2004/2005-жылдын күзгү-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынын
экономика тармагын жана калкын даярдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-майындагы N 357 токтому;
"2004/2005-жылдын күзгү-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынын
экономика тармагын жана калкын даярдоонун жана Кыргыз Республикасынын
Коопсуздук кењешинин 2003-жылдын 25-октябрындагы N 4 чечимин аткаруунун
жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-октяб-
рындагы N 746 токтому.
22. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен ка-
зып алуу тармактары бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-декабрындагы № 575 " Кыргыз Республикасынын экономика тармагынын жана калкынын 2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдыгынын…Постановление · 12.12.2005 · № 575 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 6 августа 2005 года N 355 "О ходе подготовки отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2005/2006 года"Постановление · 06.08.2005 · № 355 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 24 мая 2006 года №379 "Об итогах прохождения осенне-зимнего периода 2005/2006 года и подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской…Постановление · 24.05.2006 · № 379 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 мая 2004 года №357 "О подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2004/2005 года"Постановление · 14.05.2004 · № 357 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 8 октября 2004 года №746 " О ходе подготовки отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2004/2005 года и…Постановление · 08.10.2004 · № 746 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 24 мая 2006 года №379 "Об итогах прохождения осенне-зимнего периода 2005/2006 года и подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской…Постановление · 24.05.2006 · № 379 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 мая 2004 года №357 "О подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2004/2005 года"Постановление · 14.05.2004 · № 357 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 8 октября 2004 года №746 " О ходе подготовки отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2004/2005 года и…Постановление · 08.10.2004 · № 746 · Күчүн жоготкон