105-статья. Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 16-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 ноября 2016 года № 188
(1) Саламаттыкка атайылап өмүргө коркунуч келтирбеген жана ушул Кодекстин 104-статьясында каралган кесепеттерге алып келбеген, бирок саламаттыктын узакка начарлашына же эмгекке жарактуулугунун үчтөн бирин олуттуу түрдө туруктуу жоготууга алып келген анча оор эмес залал келтирилгенде, - эки жүз элүүдөн үч жүз элүү саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо үч жүздөн төрт жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо зыяндын ордун толтуруу менен көпчүлүк алдында кечирим суроого, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:
1) эки же андан ашык адамга карата;
2) кызматтык ишин же коомдук парзын аткарып жүргөн адамга же анын жакындарына карата;
3) жабырлануучуну мазактоо же кыйноо менен, ошого тете күнөөлүүгө алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамга же жаш балага карата;
4) адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча;
5) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
6) хулигандык максаттарда;
7) мурда жабырлануучунун саламаттыгына атайылап оор залал келтирген же ушул Кодекстин 97-статьясында каралгандай киши өлтүргөн адам тарабынан жасалганда, -
төрт жүздөн жети жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 18-июлундагы № 151, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169, 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
105-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 ноября 2016 года № 188 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2013 года № 169 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
24.11.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…карата;
3) жабырлануучуну мазактоо же кыйноо менен, ошого тете алынып салынды: айыпкерге кошулду: күнөөлүүгө алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамга кошулду: же жаш балага карата;
4) адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча;
5) … № 91, 2008-жылдын 18-июлундагы № 151, 2013-жылдын 30-июлундагы № алынып салынды: 169 кошулду: 169, 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик тилде баяндалган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүүЗакон · 18.07.2008 · № 151 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-105" title="105-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>