111-статья. Кыйноо
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 16-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Такай уруп-сабоо же болбосо башка зомбулук аракеттер менен азап-тозокко салганда, эгерде бул ушул Кодекстин 104, 105-статьяларында көрсөтүлгөн кесепеттерге алып келбесе, - элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:
1) эки же андан ашык адамга карата;
2) өзүнүн кызматтык ишин же коомдук парзын аткарып жүргөн адамга же анын жакындарына карата;
3) күнөөкөр үчүн кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялга карата;
4) жашы жете элек экендиги же күнөөлүү үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон же болбосо айыпкерге материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата, ошого тете уурдалган же болбосо барымтага алынган адамга карата;
5) кыйноого салуу менен;
6) адамдардын тобу тарабынан;
7) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
8) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
9) жалданып жасалганда, -
жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
111-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-111" title="111-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>