42-статья. Банк ишин инспекциялоо
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 мая 2009 года № 167
1. Кыргыз банкы банк ишин инспекциялоону өз алдынча же болбосо ау-
диторлорду же аудитордук уюмдарды тартуу менен жүргүзөт. Кыргызстан банкы терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу
менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы
аракеттенүү максатында ички көзөмөлдү уюштуруу маселелери боюнча
Кыргызстан банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу
банктардын жана башка финансылык-кредиттик мекемелердин ишмердигине
инспекциялоону жүргүзөт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты
терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди
ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу
органга жөнөтөт.
2. Кыргыз банкы Кыргыз банкы тарабынан бекитилген процедураларга
ылайык банкка текшерүү жөнүндө кат жүзүндө билдирүүнү жана башка зарыл документтерди жөнөтүү менен банк ишинин же анын ишинин кандайдыр бир аспектисинин мүнөзү жана абалы тууралу текшерүү жүргүзүү жана отчет берүүсү үчүн инспектор катары бир же бир нече компетенттүү адамдарды дайындоого акылуу.
3. Банк, аффилирленген жактар жана инсайдерлер (Директорлор жана
Башкарманын кењешинин мүчөлөрүн, олуттуу катышуучуларды, кызмат адамда- рын, аудиторлорду жана башка жактарды кошо алганда) Кыргыз банкы тара- бынан дайындалган инспекторлорго Кыргыз банкы берген кат жүзүндөгү көр- сөтмөлөрдө камтылган маселелер боюнча инспекциялоого көмөктөшүүгө, ошондой эле, банктын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине суроо са- лууну жана текшерүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого милдеттүү. Ыйгарым укуктарын кат жүзүндө көрсөтүү менен Кыргыз банкынын инс- пекторлору;
- Директорлор кењешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү, банктын кыз-
маткерлери, тышкы аудиторлор, юристтер менен ањгемелешүүлөрдү өткөрүү- гө, тиешелүү документтерден көчүрмөлөрдү же болбосо жазып алууга жана банктын олуттуу катышуучулары, контролдоочу жактар болуп саналган же мурда болушкан банктан же жактардан алынган документтер боюнча түшүн- дүрмөлөр берүүнү талап кылууга;
- банк ишин текшерүүгө байланыштуу жана башка иш чараларды
жүргүзүүгө;
- кредиттер жана ага тењештирилген активдер боюнча потенциалдуу
жоготууларга шайкеш резервдерди түзүүгө жана аны колдоп турууга буйрут- маларды даярдоого укуктуу.
4. Кыргыз банкы тарабынан банк ишине инспектирлөөнү жүзөгө ашыруу
банктык топко кирген бардык компанияга, банк менен жалпы кызыкчылыгы бар бардык башка компанияларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ай- магында иштеп жаткан четөлкө банктарынын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө жана туунду банктарына карата колдонулат. Жогоруда белгиленген компани- ялар жана алардын кызмат адамдары Кыргыз банкынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусунда ага ушундай эле дењгээлде банктан жана алардын кыз- мат адамдарынан талап кылынуучу көмөк көрсөтүүгө жана тоскоолдук кыл- боого милдеттүү. Эгерде банктын аффилирленген жактын ишине башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдүк жүргүзүлүүгө (контролдук кылуу, текшерүү) тийиш болсо, ушул статьяга ылайык Кыргыз банкы тиешелүү маа- лыматтарды алуу үчүн ошол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын отчетто- рун жана башка материалдарын пайдаланууга укуктуу. Ошондой эле, эгерде башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз банкы үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтый албаса же Кыргыз банкынын пикири боюнча башка ый- гарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген маалыматтар жетишсиз болсо, Кыргыз банкы мындай аффилирленген жактарга инспектирлөөнү жүргү- зүүгө укуктуу.
5. Банктын ишин инспекциялоонун жүрүшүндө алынган маалыматтарды
ачыкка жарыялоого же болбосо үчүнчү жакка берүүгө инспекторлорго тыюу салынат. Инспекциялоону жүргүзгөн адамдар банк ишин текшерүүнүн жүрүшүндө алынган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банк үчүн банк- тык же коммерциялык купуя сырды камтыган маалыматтарды ачыкка чыгарган- дыгы же үчүнчү жакка бергендиги үчүн жоопкерчилик тартышат.
6. Текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби эл аралык банктык тажрыйбаларды
эске алуу менен Кыргыз банкы тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- дын 1-декабрындагы N 158,2009-жылдын 26-майындагы № 167
Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 мая 2009 года № 167 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Поставновление Правления Национального банка КР от 31 октября 2012 года № 41/11 "О внесении изменений и дополнений в Инструкцию по проведению инспекторских проверок на местах"Постановление · 31.10.2012 · № 302544 · Күчүн жоготкон
- "О внесении изменений и дополнений в Инструкцию по проведению инспекторских проверок на местах"Постановление · 31.10.2012 · № 41/11
Беренеде аталган актылар (2)
- О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской…Закон · 26.03.2003 · № 63 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 26.05.2009 · № 167 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-42" title="42-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>