Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
33-статья. Банк иш-аракеттери
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 марта 2009 года № 93
1. Банк лицензияда атайын белгилөө менен банк иш-аракеттеринин
төмөндөгүдөй түрлөрүн:
1) аманатчылар менен макулдашылган шарттарда депозиттерди өз аты-
нан тартууну;
2) өз каражаттарын же тартылган каражаттарды карыз алуучу менен
макулдашылган шарттарда өз атынан жайгаштырууну;
3) жеке жана юридикалык жактардын эсептерин Кыргыз Республикасынын
улуттук валютасында ачууну жана алып барууну;
4) кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча
эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууну жана аларды кассалык тейлөөнү;
5) кредиттик жана төлөө карточкаларын кошуп алганда, төлөө доку-
менттерин (чектер, аккредиттивдер, векселдер жана башка документтер) чыгарууну, сатып алууну, төлөөнү, кабыл алууну, сактоону жана ырастоо- ну;
6) карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатып алууну жана сатууну
жана жөнөкөй жана которулма векселдерди эсепке алууну (форфатирлөө);
7) Кыргыз банкы тарабынан тиешелүү нормативдик актыларда аныктал-
ган шарттарда карыздык баалуу кагаздарды берүүнү;
8) финансы лизинги боюнча иштерди жүзөгө ашырууну;
9) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйза-
мына ылайык күчүн жоготту)
10) банктык гарантияларды берүүнү жүзөгө ашыра алат.
1-1. Тийиштүү лицензиясы бар болсо, Кыргыз Банкы тарабынан белги- ленген тартипте банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык кызматтарды банк көрсөтө алат. Кыргыз Банкы эл аралык практикага жараша банк ишинин жана каржыло- онун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүлүүчү операциялардын чектелүү тизмегин, ошондой эле типтүү контракттарды (келишимдерди) бекитүүгө укуктуу. Банктык операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык прин- циптерине ылайык жүргүзүү үчүн лицензия алуунун тартиби Кыргыз Банкынын нормативдик актылары менен аныкталат.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда келтирилген банк иштеринен тышкары
банк төмөндөгүдөй бүтүмдөрдү;
1) үчүнчү жактар үчүн кепилдик кагазын жана башка милдеттенмелерди
берүүнү;
2) үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрдө аткарылышын та-
лап кылуу укугуна ээ болууну;
3) мыйзамдарга ылайык мындай ишке лицензиясы болсо, кардардын нус-
камалары боюнча аракеттенүү менен брокердик кызматтарды, анын ичинде кардардын тапшыруусу боюнча баалуу кагаздарды сатып алууну жана сатуу- ну;
4) мыйзамдарда каралган лицензиясы болсо, жеке адамдар же юридика-
лык жактар менен келишим боюнча мүлктү ишенимдүү башкарууну (траст);
5) жеке адамдарга жана юридикалык жактарга валюталарын, документ-
терин жана баалуулуктарын сактоосу үчүн атайы жайларды же аларда жай- гашкан сейфтерди ижарага берүүнү;
6) банктын алдындагы милдеттенмелеринин ордун жабуу үчүн карыз
алуучулардын күрөөгө коюлган мүлкүн алууну жана сатып өткөрүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу. Бул иштер соода-сатык иштери болуп эсептелбейт;
7) мыйзамдарга ылайык тиешелүү уруксатты (лицензияны) алуунун шар-
тында өз атынан баалуу кагаздарды чыгарууну;
8) банк ишине байланышкан анын ичинде, банкты башкаруу боюнча кыз-
мат көрсөтүүлөрдү кошо алганда, консультациялык жана маалыматтык кыз- маттарды көрсөтүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу. Банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу.
3. Кошумча лицензиясы болгон учурда банктар төмөндөгүлөрдү:
1) ушул статьянын 1-пунктунда келтирилген иш-аракеттерди, анын
ичинде, кардарлар үчүн чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча иштерди кошуп алганда, чет өлкө валютасындагы иш-аракеттердин бардыгын же алар- дын кээ бирин;
2) өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну;
3) баалуу металлдар менен иш алып барууну жүргүзүүнү (банктык
күмүш, алтын, платина жана жогорку сапаттагы ушул металлдардан жасалган монеталар гана) жүзөгө ашырышы мүмкүн.
4. Кыргыз банкы тарабынан белгиленген тартипке жана чектөөлөргө
ылайык, ошондой эле, тиешелүү лицензиясы болгон учурда банктар төмөндөгүлөрдү:
1) өз атынан банк үчүн баалуу кагаздарды сатып алууну жана сатуу-
ну;
2) башка компаниянын тапшыруусу боюнча жана анын атынан баалуу ка-
газдарды чыгарууну;
3) туунду финансы каражаттары (деривативдер) менен иш-аракеттерди
аткарууну;
4) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйза-
мына ылайык күчүн жоготту) (КР 2009-жылдын 28-марты № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 марта 2009 года № 93 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Улуттук Банкынын 2009-жылдын 26-августу N 35/3 "Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 26.08.2009 · № 35/3
- КР Улуттук Банкынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/4 "Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде…Постановление · 26.08.2009 · № 35/4
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуЗакон · 01.12.2005 · № 158 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-33" title="33-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>