Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасындагы Банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-12-16.
КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары 2009-жылдын 28-марты № 93
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралу
2009-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве- домосттору, 1997-ж., № 10, 471-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 2-1-статьяда:
он алтынчы абзацы "Директорлор кењешинин мүчөлөрү" деген сөздөрдөн кийин "Шарияттык кењештин мүчөлөрү" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Исламдык банк" - Кыргыз Банкынын тийиштүү лицензиясы болгондо, өзүнүн ишин банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү банк. "Исламдык терезеси" бар банк - Кыргыз Банкынын тийиштүү лицензиясы болгондо, тийиштүү бөлүмчөнүн ("исламдык терезенин") алкагында банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык кызматтарды көрсөтүүчү банк. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери - банктык опера- цияларды Шарияттын стандарттарына ылайык, Кыргыз Банкынын нормативдик актыларында белгиленген тартипте жүргүзүү эрежелери. "Исламдык терезе" - операцияларды банк ишинин жана каржылоонун ис- ламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктын тийиштүү бөлүмчөсү. Шарияттын стандарттары - исламдык банк ишин алып барууда стандарт- тарды белгилөөчү эл аралык уюмдар (Исламдык финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму менен Исламдык финансы кызмат көрсөтүү кењеши) тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген экономикалык жана башка ишти жүргүзүүнүн эрежелеринин жыйнагы. Шарияттык кењеш - операцияларды банк ишинин жана каржылоонун ис- ламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү, банктын бүтүмдөрү (келишимдери) Шарияттын стандарттарына ылайык болушу үчүн жооптуу банк органы.".
2. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер бүтүмдөрдүн (кели- шимдердин) банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык келген чектелүү тизмегин Кыргыз Банкы белгилеген тартипте ишке ашырууга укуктуу.".
3. 13-статьянын 3-пунктундагы биринчи сүйлөм "банк операцияларын"
деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ис- ламдык принциптерине ылайык келген операцияларды" деген сөздөр менен толукталсын.
4. III глава төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-статья менен толукталсын:
"24-1-статья. Шарияттык кењеш
Операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү банкта Шарияттык кењеш түзүлүүгө тийиш, ал банктын бүтүмдөрүнүн (келишимдеринин) Шарияттын стандарттарына ылайыктуулугу үчүн жооптуу болот. Шарияттык кењештин мүчөлөрү Кыргыз Банкы белгилеген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Банктын Шарияттык кењеши банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык ишке ашырылуучу банктын бүтүмдөрү (келишимдери) боюнча типтүү контракттарды жактырат.".
5. 25-2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. Операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принципте- рине ылайык жүргүзүүчү банктын ички контролуна карата талаптарды Кыргыз Банкы тарабынан белгиленет.".
6. 31-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен
толукталсын: "Операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктын коммерциялык жана башка банктык эмес уюмдарга инвестиция салуу тартибин жана шарттарын Кыргыз Банкы белгилейт.".
7. 32-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принципте- рине ылайык жүргүзүүчү банктын мүлктү сатып алуусунун, ээлик кылуусу- нун, өткөрүп берүүсүнүн, кармоосунун, ижарага алуусунун, башкага берүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн Кыргыз Банкы тарабынан аныкталат.".
8. 33-статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Тийиштүү лицензиясы бар болсо, Кыргыз Банкы тарабынан белги- ленген тартипте банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык кызматтарды банк көрсөтө алат. Кыргыз Банкы эл аралык практикага жараша банк ишинин жана каржыло- онун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүлүүчү операциялардын чектелүү тизмегин, ошондой эле типтүү контракттарды (келишимдерди) бекитүүгө укуктуу. Банктык операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык прин- циптерине ылайык жүргүзүү үчүн лицензия алуунун тартиби Кыргыз Банкынын нормативдик актылары менен аныкталат.".
9. IV главада:
глава төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-статья менен толукталсын: "35-1-статья. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери боюнча каражаттарды жайгаштыруу
Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык опера- ция жүргүзүүчү банктын каражаттарды жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрүнүн (келишимдеринин) түрлөрү Шариаттык кењеши тарабынан жактырылган жана Директорлор кењеши тарабынан бекитилген типтүү келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери боюнча каражат- тарды жайгаштыруу Кыргыз Банкынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт."; глава төмөнкүдөй мазмундагы 36-1 жана 36-2-статья менен толуктал- сын: "36-1-статья. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери
Кыргыз Республикасында салттуу банк иши жана кредиттөө менен катар банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери да колдонулат. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү тартибин Кыргыз Банкы белгилейт.
36-2-статья. Сый акылар жана ушул сыяктуу төлөөлөр
Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык опера- ция жүргүзүүчү банк кардарларга тиешелүү сый акылардын жана ушул сыяк- туу төлөөлөрдүн тартибин, өлчөмүн жана эрежелерин өз алдынча белгилөөгө укуктуу.".
10. 39-1-статьянын 1-пункту "эл аралык банк тажрыйбасында пайдала-
нылуучу" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле банк ишинин жана каржыло- онун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктар үчүн стандарттарды белгилөөчү эл аралык уюмдар тарабынан иштелип чык- кан" деген сөздөр менен толукталсын.
11. 45-1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10. Кыргыз Банкы ислам банктарына жана "исламдык терезелери" бар банктарга карата, эгерде алар банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктын ишмердигин жөнгө салуу жагында нормативдик укуктук актыларды бузса, ушул статьяда карал- ган таасир кылуу чараларын көрөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2009 · № 51/6
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын…Постановление · 28.12.2009 · № 51/4
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/5 " "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда…Постановление · 28.12.2009 · № 51/5 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоору жана "Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө"…Постановление · 27.09.2013 · № 529 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 207
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон