25-статья. Банк Башкармасы
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 декабря 2005 года №158
1. Банк Башкармасы банктын күндөлүк ишине жетекчиликти жүзөгө ашы-
рат. Банк Башкармасынын кызмат укуктарына банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун жана банктын Директорлор кењешинин иш милдеттерине кирбеген бардык маселелер кирет. Банк Башкармасынын мүчөлөрү кызматка адегенде уюштуруу келишиминде дайындалат, андан кийин банктын Директорлор кењеши тарабынан шайланат. Директорлор кењешинин мүчөлөрү Башкарманын мүчөлөрү боло алышпайт. Банктын акционер болуп саналгандары сыяктуу эле саналбаган кызматкерле- ри да Башкарманын мүчөлөрү боло алышат. Банк башкармасы төмөндөгүлөргө жоопкерчиликтүү:
1) банктын Директорлор кењеши тарабынан бекитилген бизнес-пландар-
дын (стратегиялардын) жана саясаттардын аткарылышы үчүн;
2) банктар дуушар болуучу тобокелдиктерди таап, иликтөөчү,
өлчөөчү, мониторинг жүргүзүүчү жана контролдоочу банктык процесстерди өнүктүрүү жана өз убагында киргизүү үчүн;
3) банктын органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, кызмат адамдарынын
жана кызматкерлеринин жоопкерчиликтерин, ыйгарым укуктарын жана өз ара мамилелерин ачык аныктоочу банкты башкаруунун адекваттуу тутумун камсыз кылуу үчүн;
4) ички контролдуктун адекваттуу саясатын, ошондой эле ички конт-
ролдук тутумунун адекваттуулук жана натыйжалуулук мониторингин сатып өткөрүүгө.
2. Банктык, финансылык, экономикалык же юридикалык маселелер боюн-
ча кесиптик тажрыйбасы бар адистер банк Башкармасынын мүчөлөрү боло алышат. Банк Башкармасынын кызмат укуктары жана анын аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби банк уставы тарабынан белгиленет.
3. Банк Башкармасынын курамы үчтөн кем эмес адамдан турууга тийиш.
Банк Башкармасынын мүчөлөрү банктын акционерлеринин жалпы чогулушу аныктаган мөөнөткө шайланат. Банк бир акционер тарабынан уюшулса, ошол акционер аткаруу органы- нын - банк Башкармасынын төрагасы боло албайт. Банк Башкармасын банктын Директорлор кењеши тарабынан дайындалган жана банктын, анын кызматкерлеринин жана кызмат адамдарынын ишин башка- рууга жоопкерчиликтүү болгон банк Башкармасынын Төрагасы жетектейт. Башкарманын мүчөлөрү банк Башкармасынын Төрагасынын көрсөтүүсү бо- юнча банктын Директорлор кењеши тарабынан дайындалат.
4. Банк Башкармасынын заседаниеси банк регламентине ылайык зарыл-
дыгына жараша өткөрүлөт, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Башкарманын заседаниесинин протоколун жана стенографиялык отчетун банк Башкармасынын катчысы жүргүзөт. Чогулуштун протоколуна жана заседаниенин стенографиялык отчетуна төрагалык кылган адам жана катчы кол коюшат. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- дын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (8)
- ПОЛОЖЕНИЕ о корпоративном управлении в коммерческих банках Кыргызской РеспубликиПоложение · 26.03.2008 · № 13/4
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы N 19/3 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка…Постановление · 28.06.2006 · № 19/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы N 19/2 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка…Постановление · 28.06.2006 · № 19/2
- Постановление Правления Нацбанка КР от 28 июня 2006 года № 19/2 "Об утверждении Положения "О минимальных требованиях по управлению рыночным риском в коммерческих банках и других…Постановление · 28.06.2006 · № 19/2
- Постановление Правления Нацбанка КР от 28 июня 2006 года № 19/3 "Об утверждении Положения "О минимальных требованиях по управлению страновым риском в коммерческих банках и иных…Постановление · 28.06.2006 · № 19/3
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВЛЕНИЯ НАЦБАНКА КР от 26 марта 2008 года № 13/4 "О Положении "О корпоративном управлении в коммерческих банках Кыргызской Республики"Постановление · 26.03.2008 · № 13/4 · Күчүн жоготкон
- "О введении временного руководства ОАО "Финансовая компания кредитных союзов"Постановление · 19.02.2014 · № 4/6
- "О прекращении временного руководства ОАО "Финансовая компания кредитных союзов"Постановление · 13.08.2014 · № 36/5
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-25" title="25-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>