19-статья. Банктын филиалын түзүү
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 марта 2003 года № 63
1. Банк тарабынан бекитилген жобонун негизинде, банктын атынан
банк иштеринин бардыгын же болбосо анын бөлүгүн жүзөгө ашырган, ошондой эле банк тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенген, юридикалык жак болуп саналбаган банктын өзүнчө бөлүмү банктын филиалы болуп саналат. Филиал банк менен бирдиктүү уставдык капиталга, баланска, ошондой эле банктын аталышына толугу менен дал келген аталышка ээ болот. Филиалдардын жетекчилери аны түзгөн банк тарабынан дайындалат жана белгиленген тартипте аларга берилген ишеним каттын негизинде иштешет.
2. Банк банктарды ачуунун Кыргыз банкы тарабынан белгиленген тар-
тибине ылайык, ал тууралу Кыргыз банкына билдиргенден кийин, өз филиал- дарын Кыргыз Республикасынын аймагында ачууга мүмкүндүк алат.
3. Банк филиалын ачуу жөнүндө билдирбесе же ушул статьянын 2-пунк-
тунда көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен билдирсе, Кыргыз банкы банк мый- замдарында каралган санкцияларды колдонууга укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында финансылык абалы бекем жана
ишкерлик аброю бийик чет өлкө банктарынын филиалдарын ачууга жол бери- лет. Резидент эмес-банк Кыргыз Республикасынын аймагында ачылып жаткан өз филиалына Кыргыз банкы белгилеген экономикалык нормативдерди аткаруу үчүн негиз болуп саналган капитал бөлүштүрүп берүүгө тийиш жана Кыргыз банкы тарабынан жактырылган финансы мекемесине Кыргыз банкы белгиленген эрежелерге ылайык түрдө жана өлчөмдө карыздарды аркалабаган депозитти жайгаштырат.
5. Филиалын ачууга уруксат алыш үчүн резидент эмес-банк төмөндөгү-
дөй документтерди:
1) белгиленген формадагы филиалды түзүү тууралу арызын;
2) арыз берген банктын тийиштүү аткаруучу органынын Кыргыз Респуб-
ликасынын аймагында филиал ачуу тууралу чечимин;
3) арыз берген банктын уюштуруу документтерин;
4) арыз берген банктын акыркы финансы жылы үчүн аудитордук фирма
тарабынан күбөлөндүрүлгөн жылдык отчетун (консолидацияланган балансты жана киреше жана чыгаша жөнүндөгү отчетторду кошуу менен);
5) банк, анын структурасы жана анын ээлери жөнүндөгү жалпы маалы-
маттарды;
6) банктын филиалын түзүү үчүн экономикалык негиздөөнү;
7) филиал жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болгон банк иштеринин тизме-
син камтыган, банктын филиалы жөнүндөгү жобону;
8) арыз берген банктын банк ишин жүргүзүүгө тиешелүү лицензиясы
бар экендиги жана филиал ачууга укуктуу экендиги жөнүндө тийиштүү мам- лекеттин банктык көзөмөл органынын кат жүзүндөгү ырастоосун;
9) банк филиалынын кызмат тууралу адамдары тууралу Кыргыз банкы
тарабынан каралган талаптарга ылайык түзүлгөн маалыматтарды;
10) арыз берген банктын жетекчилеринин кол тамгаларынын үлгүлөрү
түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточканы берүүгө тий- иш. Кыргыз банкы арыз берген банк жөнүндө кошумча маалыматтарды талап кылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын аймагында бир филиалды ачууга уруксаты бар резидент эмес-банк Кыргыз Республикасында башка филиалдарын ачкысы кел- се, аларды ачуу үчүн Кыргыз банкынын уруксатын (лицензиясын) алууга тийиш. Уруксатта (лицензияда) Кыргыз банкы резидент эмес-банктын филиа- лы Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзө алган иштердин тизмесин аныктайт.
6. Резидент эмес-банктардын филиалдарынын аталышын, жайгашкан же-
рин жана иштеринин түрлөрүн өзгөртүү Кыргыз банкы менен алдын ала ма- кулдашуудан кийин гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
7. Кыргыз банкы банктардын филиалдарынын анын ичинде чет өлкөлүк
банктардын филиалдарынын ишине тиешелүү маалыматтарды талап кылууга жа- на нормативдик жана башка актыларды чыгарууга укугу бар.
8. Филиалдарга аларды түзгөн банктардын мүлкү берилиши мүмкүн жана
алар банк тарабынан бекитилген жоболордун негизинде аракеттенишет. Алардын аракеттери өздөрү мыйзамдуу бөлүгү болуп саналган юридикалык жактын аракети катары каралат, мында ошол юридикалык жак бул филиалдын аракеттери үчүн толук жоопкерчиликтүү болот. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Утуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 13-февралындагы № 6/3 "Жаңы түзүлүп жаткан банктар үчүн уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө " токтомуПостановление · 13.02.2008 · № 6/3 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-19" title="19-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>