Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Утуттук банк Башкармасынын «Жаңы түзүлүп жаткан банктар үчүн уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө « токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка КР от 11 марта 2015 года № 16/1 "О минимальном размере уставного капитала коммерческих банков"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-03-11.
Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/1 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 14-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери № 15-08
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2008-жылдын 13-февралы № 6/3 Жаңы түзүлүп жаткан банктар үчүн уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө Банк тутумунун туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо, банк тутумунун активдеринин өсүш арымын эске алуу менен коомчулуктун банк мекемелерине карата ишенимин арттыруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 31 жана 43-статьяларынын, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдын 11 жана 19-статьяларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн (резидент эмес банктардын филиалдарынын капиталына коюлган талаптарды кошо алганда) уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 600 млн. сомдон кем эмес өлчөмдө белгиленсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 20-сентябрындагы № 61/1 "Коммерциялык банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
М. Алапаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы №16/1 "Коммерциялык банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.03.2015 · № 16/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон