Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык зонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы укуктарын Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 29 апреля 2025 года № 239 "О порядке предоставления на условиях аренды земельных участков парково-пляжной зоны озера Иссык-Куль для организации общественных пляжей и муниципальных общественных пляжей на территории Иссык-Кульской области Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2004-жылдын 6-июлу N 501
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык зонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы укуктарын Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясына өткөрүп берүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-августундагы N 365 токтомунун, 2007-жылдын 24-августундагы N 370 токтомунун редакцияларына ылайык)
Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы жер ресурста- рын пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу, бул регионду өнүктүрүүгө кошумча инвестицияларды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 29-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-августундагы N 365 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Мамлекеттик менчикте турган, курорттук-рекреациялык зонадагы
жер участокторун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр менен, курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу жана ту- ристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн ачык тооруктарды өткөрүү жолу менен берүү укугуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйга- рым укуктары Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясына өткөрүп берилсин. Тооруктун жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилери белгиленсин.
2. Курорттук-рекреациялык зонадагы, мамлекеттик менчикте турган
жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ку- рамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Комиссиянын иш-аракети Ысыккөл облусунун мамлекеттик администраци- ясынын аппараты тарабынан камсыздалаары белгиленсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N 370 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жер участокторун берүү боюнча тооруктарды өткөрүүдөн түшкөн ка-
ражаттар Ысыккөл облусун өнүктүрүүгө жумшалаары белгиленсин.
4. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы комиссиянын иши-
нин регламентин жана курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн мамлекеттик менчикте турган, курорттук-рекреациялык зонадагы жер участокторун берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону эки аптанын ичинде иштеп чыксын жана бекитсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 239 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук…Постановление · 29.04.2025 · № 239
- "Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ишинин регламенти" Кыргыз…Регламент · 21.07.2004 · № 547 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-августундагы N 365 ""Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ысыккөл облусунда Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 11.08.2005 · № 365 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.08.2007 · № 370 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 239 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук…Постановление · 29.04.2025 · № 239
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2005 жылдын 1-апрели, № 150 "Акциздик товарлардын айрым турлоруно акциз салыгынын ставкаларын кайра кароо жонундо" токтомПостановление · 01.04.2005 · № 150 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 "Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн…Постановление · 21.07.2004 · № 547 · Күчүн жоготкон