Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы жер участокторун ижара шарттарында берүү тартиби жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-апрели № 239
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы жер участокторун ижара шарттарында берүү тартиби жөнүндө
Коомдук пляждарды уюштуруу үчүн жер участокторун ижара шарттарында берүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөө жана Ысык-Көл облусундагы туризмдин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында, "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы жер участокторун ижара шарттарында берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты:
1) бир айлык мөөнөттө Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасына ижара келишимдерин түзүү укугуна ижара акысынын өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө нускаманы иштеп чыксын;
2) 2025-жылдын 1-июнуна чейин Ысык-Көлдүн парк-пляж зоналарынын бирдиктүү реестрин түзсүн жана киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-июлундагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык зонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы укуктарын Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-августундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ысыккөл облусунда Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун өткөрүү маселелери боюнча жарлыктарынын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 13-апрелиндеги № 100 Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы жер участокторун ижара…Порядок · 29.04.2025 · № 239
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-июлундагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык зонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы…Постановление · 06.07.2004 · № 501 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-августундагы N 365 ""Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ысыккөл облусунда Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 11.08.2005 · № 365 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.08.2007 · № 370 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 13-апрелиндеги № 100 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ысыккөл областында "Мамлекеттик башкарууну…Указ · 13.04.2005 · № 100
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-июлундагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык зонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы…Постановление · 06.07.2004 · № 501 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.08.2007 · № 370 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-августундагы N 365 ""Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ысыккөл облусунда Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 11.08.2005 · № 365 · Күчүн жоготкон