Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ишинин регламенти» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 12 декабря 2016 года № 654 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-12-12.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 21-июлундагы № 547
токтому менен бекитилген
Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык
зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган
жер участокторун берүү үчүн тооруктарды
өткөрүү боюнча комиссиянын ишинин
РЕГЛАМЕНТИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-августундагы № 370,2009-жылдын 1-апрелиндеги № 207,
2010-жылдын 28-октябрындагы N 261 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекет-
тик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү бо-
юнча комиссия (мындан ары - Комиссия) өзүнүн ишин Кыргыз Республикасы-
нын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-ию-
лундагы N 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык
зонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы укуктарын Ысыккөл об-
лустук мамлекеттик администрациясына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна,
ушул Регламентке жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук ак-
тыларына ылайык жүргүзөт.
2. Комиссияны түзүүнүн тартиби
2.1. Комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
2.2. Комиссиянын ишинин уюштурулушун Ысыккөл облусунун мамлекеттик
администрациясы камсыздайт.
2.3. Комиссиянын курамына кызмат орундары боюнча төмөнкүлөр ки-
рет:
- Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатору
(комиссиянын төрагасы);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун
басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо
кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш
мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Ысык-Көл облусунун райондорунун мамлекеттик администрацияларынын
башчылары. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы №
370,2009-жылдын 1-апрелиндеги № 207,2010-жылдын 28-октябрындагы №261
токтомунун редакциясына ылайык)
2.4. Курорттук-рекреациялык зонадан жер участокторун берүү үчүн
тоорук өткөрүү боюнча материалдарды даярдоого жана Комиссиянын заседа-
ниелерин өткөрүүгө төмөнкүдөй өкүлдөр катышат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо
кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин аймактык органдарынан;
- архитектура жана курулуш боюнча райондук жана шаардык башкармалык-
тардан;
- шаар башкармаларынан;
- "Ысыккөл" биосфералык аймагынын башкы дирекциясынан;
- санитардык эпидемиологиялык кызматтан;
- өрт көзөмөлү кызматынан;
- тийиштүү айыл өкмөттөрүнүн башчылары.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы №261 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Комиссиянын функциялары
3.1. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- жер участокторун тооруктарда менчикке жана пайдаланууга (анын
ичинде ижара шартында) берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- тоорукка коюлуучу жер участогуна укуктун түрүн, тооруктун форма-
сын жана шарттарын, аларды өткөрүү үчүн керектүү башка мүнөздөмөлөрдү
аныктайт;
- сатуу жөнүндө түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн лоттордун старттык
баасын же баштапкы баасын белгилейт;
- тооруктун уюштуруучусу болот;
- тооруктун жыйынтыгын аныкталган тартипте бекитүүгө берет;
- Жер участокторуна укуктарды берүүнүн тартиби жана шарттары
жөнүндө жободо каралган башка функциялар.
3.2. Комиссия төмөнкүдөй укуктарга ээ, алар:
- тийиштүү кызматтардан жана Ысыккөл облустук мамлекеттик адми-
нистрациясынын подразделениелеринен жана чарбакер субъекттерден заседа-
ниеде каралуучу маселелерге тиешелүү документтерди, корутундуларды,
экспертизалардын актыларын жана башка материалдарды алуу;
- эксперттерди, анын ичинде көз карандысыз эксперттерди тийиштүү
корутундуларды даярдоо боюнча ишке тартуу;
- өзүнүн иши жөнүндө материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарына
жарыялоо.
4. Комиссиянын заседаниелерин уюштуруунун жана өткөрүүнүн
тартиби
4.1. Комиссия өзүнүн ишин заседание формасында жүргүзөт. Заседани-
елердин жыйынтыктары протокол менен таризделип, ага Комиссиянын секре-
тары, төрагасы жана катышкан бардык мүчөлөрү кол коюшат.
4.2. Комиссиянын заседаниеси Комиссиянын төрагасы белгилеген
күндөрдө өткөрүлөт.
4.3. Комиссиянын заседаниесин Комиссиянын төрагасы башкарат.
4.4. Эгер заседаниеге Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 51
процентинен кем эмеси катышса. Комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.
4.5. Комиссиянын чечими катышкандардын добуштарынын жөнөкөй
көпчүлүгү менен, ачык добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Добуштар тењ
болуп калганда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот.
4.6. Эгер Комиссиянын мүчөсү түздөн-түз финансылык кызыкчылыгы бар
болсо же арызы каралып жаткан жак менен туугандык мамиледе болсо, анда
Комиссиянын мындай мүчөсү ал маселени кароого катышууга укугу жок жана
ал боюнча чечим кабыл алууга укуксуз.
4.7. Комиссиянын мүчөлөрү алдыда болуучу заседаниенин материалдары
менен ал өткөрүлөөрдөн 3 күндөн кем эмес мурдатан кабарланышат жана
камсыздалышат.
4.8. Заседаниенин башталышында Комиссиянын төрагасы талкуулануучу
маселенин мүнөзүнө жана ыйгарым укуктуу органдардан жана эксперттерден
түшкөн расмий корутундулардын мазмунуна жараша иштин тартибин аныктайт.
4.9. Жер участокторун тооруктарда берүү боюнча Комиссиянын прото-
колдору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 207 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 "Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик…Постановление · 01.04.2009 · № 207 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2016 · № 654
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 "Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн…Постановление · 21.07.2004 · № 547 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-июлундагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык зонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы…Постановление · 06.07.2004 · № 501 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 5 ноября 2010 года №268 "О Главной государственной технической инспекции при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики"Постановление · 05.11.2010 · № 268
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябры № 478-б (Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү…Распоряжение · 23.09.2008 · № 478-р