Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдарынын муктаждыктары үчүн 2004-жылы цемент жана шиферди берүүлөр жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-09-22.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 25-февралы № 99
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын бюджеттик
уюмдарынын муктаждыктары үчүн 2004-жылы
цемент жана шиферди берүүлөр жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы № 446 токтомунун
редакциясына ылайык)
Бюджеттик уюмдарды зарыл курулуш материалдары менен камсыз кылуу,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйыны-
нын "Кыргыз Республикасынын ишканаларын Кант шаарындагы цемент-шифер
заводунун продукциясы менен камсыз кылуу жөнүндө" 2003-жылдын 14-октяб-
рындагы № 831-11-17 токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1.(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы № 446 токтомуна
ылайык күчүн жоготту деп табылган)
2. Борбордоштурулган тендердик комиссия азык-түлүк жана өнөр жай
товарларын сатып алууларды уюштуруу боюнча:
- "Кыргыз Республикасынын 2004-жылга республикалык бюджет жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган бюджеттик асигнованиелердин
чектеринде кварталдарга карата 2004-жылга цемент жана шиферге ке-
ректөөлөр жөнүндө министрликтердин, ведомстволордун жана бюджеттик уюм-
дардын суроо-талаптарын бир айлык мөөнөттө түзүп чыксын;
- түзүлгөн суроо-талаптарды 2004-жылы бюджеттик уюмдарга продукция
берүүлөрдү камсыз кылуу үчүн "Кант цемент-шифер комбинаты" АКсына (мын-
дан ары - "КЦШК" АК) берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү министрлик-
тер жана ведомстволор менен бирдикте 2004-жылы бюджеттик каражаттардын,
"КЦШК" АКнын продукциясынын эсебинен ишке ашырылуучу курулуш объектиле-
ринин таасирдүү механизмин иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикасын өнүктүрүү, өнөр жай жана
соода министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат департаменти рес-
публиканын бюджеттик уюмдарынын муктаждыктары үчүн сатып алынуучу це-
мент менен шиферге бааны аныктасын жана табигый монополист - "КЦШК" АК-
нын монополияга каршы мыйзамдарды сакташы боюнча талаптарды күчөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-
рлиги "КЦШК" АКнын продукция өндүрүүгө экологиялык талаптарды сакташы
боюнча контролду күчөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети "КЦШК" АКнын акцияларынын мамлекеттик пакетин сатып
алуучулар инвестициялык милдеттенмелерди аткарышын талдап чыксын жана
эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин.
7. Министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик админист-
рациялар "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик
сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-статьясына
ылайык бюджеттик уюмдар үчүн сатып алууларды жүргүзүшсүн.
8. "Кант цемент-шифер комбинаты" АКга:
- 2004-жылы өндүрүш көлөмдөрүндө республикалык бюджеттин эсебинен
каржылануучу республиканын субъекттеринин муктаждыктары үчүн цемент жа-
на шифер берүүнү кароо;
- калкты курулуш материалдары менен толук камсыз кылуу максатында
республиканын бардык региондорунда Соода үйлөрүн уюштуруу сунуш кылын-
сын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын соода, өнөр жай, курулуш комплекстери
жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы № 446 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.09.2005 · № 446
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы № 446 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.09.2005 · № 446
- О государственных закупках товаров, работ и услугЗакон · 13.05.1997 · № 31 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2004 годЗакон · 30.01.2004 · № 9
- Постановление Правительства КР от 31 марта 1998 года №175 "Об упорядочении оплаты труда работников социально-культурных учреждений и организаций на основе Единой тарифной сетки и…Постановление · 31.03.1998 · № 175 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 3 октября 2003 года №626 " О создании централизованных тендерных комиссий "Постановление · 03.10.2003 · № 626 · Күчүн жоготкон